Кыргызстанда жакшы мыйзамдар кабыл алынганы менен ошол мыйзамдар иштебей турганын белгилеген коомдук ишмер Алмамбет Матубраимов бул мүчүлүштүк бийлик башындагыларда да бар деп эсептейт. Экс-спикер бул тууралуу «Азаттыктын» «Бийлик сырлары» программасына маек куруп жатып билдирди:
«Мына, мыйзам боюнча Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы. Президенттин бийлиги жок. Парламент өкмөттү бекитет, кааласа кетирет. Президент коргоо министри менен коопсуздук кызматынын жетекчисин коё алат. Калган укуктун баары парламентте. Прокурорду бекитет, бюджетти бекитет. Каалагандай мыйзамдарды кабыл алат. Мамлекеттин түзүмүн бекитет. Бирок жоопкерчиликке келгенде президенттер гана кетет да, анын айланасында жүргөн өкмөт башчылар, министрлер, төрагалар кайра эле келип иштеп жатпайбы?!»
Алмамбет Матубраимов бийликти элдин өзүнө берип, көзөмөлдөөнү жүктөсө, өлкө өнүгөт деген пикирин кошумчалады.
Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык акциялардан кийин бийлик алмашкан. Ушуну менен өлкөдө үчүнчү президент бийликтен мөөнөтүнөн мурда четтетилди. 2005-жылы март окуясында туңгуч президент Аскар Акаев бийликтен куулган. Ошол убактан бери Орусияда жашап келе жатат.
2010-жылы анын ордуна шайланган Курманбек Бакиев кызматынан куулган. Ал Беларуста жашайт.
2020-жылдын 17-октябрында президент Сооронбай Жээнбеков мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырып берди. Анын ордуна 6-октябрь түнү тарапкерлери түрмөдөн бошоткон Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болду. Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн 14-ноябрда президенттин милдетин аткаруучулукту убактылуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго өткөрүп берген.
Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январга белгиленген. (ZKo)
Дагы караңыз
Финпол: Тайырбек Сарпашевге иш козголдуЕвропарламент Беларустагы адам укуктарынын бузулушу боюнча резолюция кабыл алдыАвстралия Ооганстанда кылмышка айыпталган жоокерлерин жазалайтКонституциялык кеңешме «ар-намыска шек келтирүү мыйзам менен куугунтукталат» деген норманы четке какты Президенттин парламенттеги мурдагы өкүлү Дыйканбаев эки айга камалдыКонституциялык кеңешме: Кыргызстандын аталышы өзгөртүлбөйтГенералдык штабдын башчысы Орусиянын Борбордук аскер округунун командачысы менен жолугуштуСадыр Жапаров: Орус тилин расмий макамдан ажыратуу туура эмес