Ташиев: Матраимовдун сегиз батирин УКМК кызматкерлерине таратып беребиз

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке өткөрүп берген тогуз батирдин сегизи Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине таратылып берилет. Бул тууралуу 24-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, 1 миллиард 400 миллион сомду бюджетке накталай акча түрүндө кайтарып берди. Мындан тышкары, анын бир соода борбору жана тогуз батир түрүндөгү 600 миллион сомдук кыймылсыз мүлкү мамлекеттин кирешесине өткөрүлдү.

Ташиев «УКМКнын кызматкерлери Матраимовдон жалпысынан 2 миллиард сомду кайтаруу боюнча чоң иш жасашканын» айтты:

«УКМК өтө кыска аралыкта бажы органдарындагы коррупциялык схемаларды жок кылуу, Матраимовдун күнөөсүнө байланыштуу маанилүү жана четке кагылгыс далилдерди алуу боюнча абдан чоң иш жасады. Далилдер Матраимовдун күнөөсүн моюнга алышына, тергөө менен кызматташып, толук көмөктөшүүсүнө жана кылмыштын башка да катышуучуларынын жүзү ачылышына себеп болду. Соода борборун биз мамлекетке өткөрүп берели деп жатабыз, мамлекет кирешесин ала берет. Ал эми тогуз батирди УКМКнын кызматкерлерине калтырып жатабыз. Ал батирлердин биринин аянты чоң, болжол менен 250-280 чарчы метр. Албетте, андай батирге биздин кызматкерлер жашай албайт. Биз аны балдар үйүнө же башка бир социалдык мекемеге өткөрүп берели деп жатабыз».

Ташиев бул боюнча өкмөттүн тийиштүү токтому эки-үч күндө чыгарын, ремонттолгон сегиз батир мурда адамдарга убактылуу жашоого тапшырылып жүргөнүн кошумчалады.

УКМК Матраимов кармалганын 20-октябрда кабарлап, ал өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген.

Ошол эле күнү сот Матраимовду тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат жазып берүүгө милдеттендирип бошоткон.

Матраимов УКМКнын айыптоосу жана мамлекетке төгүп жаткан каражат тууралуу комментарий бере элек.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөлөрдү жарыялап келе жатат. Ал иштерге Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымал экени айтылган. Буга байланыштуу Матраимовдор журналисттерди сотко беришкен. (RK)

Дагы караңыз

УКМК төрагасы Ташиевдин экинчи жыйыны өттүТашиев: Матраимов күнөөсүн моюнуна алып, 2 млрд. сомду толук кайтарып бүттүТашиев: Жалил Атамбаев өткөргөн той - элдин бетине түкүргөндүкТашиев: Чек ара боюнча жыйынтык акырындык менен чыгатТашиев: Жогорку Кеңештин бир депутатын кармадыкТашиев: Жогорку соттун төрайымы Калиевага карата иш козгодук