Кесиптик кошуундар үйүндө дагы бир чыр чыкты

Мирбек Асанакунов жана Сагынбек Бозгумбаев.

4-январь күнү Кесиптик кошуундар үйүнө белгисиз адамдар келип, Сагынбек Бозгумбаевден төрагалык орунду бошотуп, чыгып кетишин талап кылышкан. Алар Бозгумбаевдин өзүнө жана анын тарапташтарына кол көтөрүүгө чейин барышканын, ортого милиция жана коопсуздук кызматкерлери түшкөнүн «Азаттыкка» кесиптик кошуундар уюмундагы курулуш тармагынын башчысы Элдияр Карачалов билдирди:

«Бизди жана Бозгумбаевди «ордуңарды бошотуп, чыгып кеткиле» деп опузалап, кол салууга чейин барышты. Азыр биз №4 ооруканада медициналык экспертизадан өтүп жатабыз».

Карачалов кол салгандардын артында кесиптик кошуундар уюмунун дагы бир жетекчиси Мирбек Асанакуновдун тарапташтары турганын белгилөөдө. Бирок Асанакуновдун тарапташтары бул дооматты четке кагышууда.

Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү 25-декабрда Бишкекте эки жерде эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашкан. Эки башка өткөн жыйындын кайсынысы мыйзамдуу экени, шайланган эки жетекчинин кимиси уюмду жетектей турганы белгисиз бойдон калууда.

Федерацияны 2017-жылдан бери жетектеп келген Мирбек Асанакунов 2020-жылдын февралында өзүнө карата нааразылыктын натыйжасында иштен кеткен. 5-февралда федерациянын кеңешинин жыйыны өтүп, анда Асанакунов кызматынан четтетилгени кабарланган. Өзү бул жыйында кворум болбогонун, анын иш ордуна кызыккандардын кутуму болуп жатканын айткан.

Асанакуновго каршы акциялар 2019-жылы башталып, ага «кызмат ордун мыйзамсыз ээлеп турат, федерациянын мүлкүнө байланышкан жеке кызыкчылыктары бар» деген кинелер коюлуп келатат.

Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясын мыйзамсыз жетектеп тургандыгы тууралуу арызды Биринчи май райондук, Бишкек шаардык соту канааттандырган. Ал эми Жогорку сот быйыл январь айында ал чечимдерди жокко чыгарган.

Ноябрда Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзамды өзгөртүүгө каршы акцияга чыгышкан. Алар документ оңдолсо уюмда жемкорлукка жол ачылып, мүлк сатылып кетет деген пикирлерин айтышкан. (ZKo)

Дагы караңыз

Президенттин басма сөз кызматы «Мыйзамдуулук үчүн» жүрүшүндө айтылгандарды төгүндөдүКоронавирус жуккандардын эң көбү - Бишкекте, эң азы - Нарында Түркия-Кытай: кечиккен вакцина, талкууга түшкөн келишимСалык декларациясын электрондук ыкмада тапшыруу мөөнөтү узартылдыСоңку бир суткада 83 кишиге коронавирус жугуп, бир бейтап көз жумдуБритания соту «ВикиЛикстин» негиздөөчүсү Ассанжды АКШга өткөрүү боюнча чечим чыгармакчыБШК: Кара-Суудагы опузалоо боюнча териштирүү жүрүп жататШайлоо-2021: Брайл шрифти менен 4 948 бюллетень даярдалды