«Аэрофлот» Москва-Бишкек-Москва каттамын март-апрелде чектейт

Эл аралык «Манас» аэропорту.

Орусиянын «Аэрофлот» компаниясы COVID-19 пандемиясынан улам 80 шаарга эл аралык күнүмдүк каттамын чектөөдө. Алардын арасында Бишкек жана Ош шаарлары да бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Каттамдар 28-марттан 30-апрелге чейин бир айга чектелип жатат. Бирок, ошол маалда аталган компаниянын «Москва-Бишкек-Москва» багытындагы аптасына бир жолу белгиленген рейси жума күндөрү адаттагыдай уча берет.

Азыркы тапта аталган компания күн сайын Москва-Бишкек-Москва жана Москва-Ош-Москва багытында учуусун улантууда.

Тышкы иштер министрлиги эки өлкө ортосундагы учак каттамдарын көбөйтүү маселеси талкууланып жатканын кабарлады.

"Аэрофлоттон" тышкары Москва-Бишкек-Москва каттамында жүргүнчүлөрдү "Авиа трафик" компаниясы аптасына бир жолу ташыйт.

Буга чейин Орусияга учак билеттеринин баасы өтө кымбат болуп жатканы коомчулукта кызуу талкууланган. (BCh)

Дагы караңыз

Журналист Таалайбек Дүйшөналиев каза болду «Transparency International» уюмунун жемкорлук боюнча тизмесинде Кыргызстан 124-орунду ээледи Садыр Жапаров: Бул жолу калың элдин жеңиши уурдалбайтСадыр Жапаров президенттик кызматка расмий кириштиМиграция: депутаттын талаштуу сунушуЖасалма «негиздеме» мигранттарды кыйнадыЖаңы бийликке үмүт арткан мигранттарОрусияда миграциялык текшерүү күчүнө кирет