Киевде Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынды

Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынды. Киев. 28-февраль, 2021-жыл. (сүрөт Тыныбекованын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды).

Бүгүн 28-февралда Киев шаарында жыйынтыкталып жаткан күрөш боюнча эл аралык турнирде Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта мелдешти жеңди. Ал финалда украиналык балбан Илона Прокопевнюкту 9:7 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды.

27-февралда Мээрим Жуманазарова менен Үзүр Жусупбеков алтын байгени алышты. Айпери Медет кызы күмүш, Бекболот Мырзаназар уулу коло байгеге арзыган. Жуманазарова 27-февралда кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмакта килемге чыгып, финалда канадалык Оливия Ди Баккону жеңди (1:1).

Грек-рим күрөшүнөн 97 кг чейинки салмакта килемге чыккан Үзүр Жусупбеков финалда күрөшпөй жеңишке жетти. Грузиялык балбан Гиорги Мелия килемге чыкканы менен травма алгандыктан күрөшүүдөн баш тартып, кыргыз балбаны жеңүүчү деп жарыяланды.

Айсулуу Тыныбекова азыркы тапта Дүйнө чемпиону. Ал бул наамга 2 жыл мурда Нур-Султан шаарында өткөн чемпионатта жеткен. (ZKo)

Дагы караңыз

Митинг: Ошто депутаттар, Бишкекте активисттер чыкты Казакстанда журналист Казис Тогузбаев каза болдуАрмения: Пашинян менен Саркисян тирешүүдөӨскөн Даникеевдин "Үмүт улагандары"Навальный Владимир облусундагы колонияга которулушу мүмкүнКазакстанда активисттер полициянын курчоосунда митинг өткөрүүдө БШК: Шайлоочулар өзүн тизмеден 27-мартка чейин тактай алышат"Ата-Журт Кыргызстан" партиясы кезексиз курултайын өткөрдү Молдова коронавируска каршы вакцинаны боордош Румыниядан алды