Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

Өскөн Даникеевдин "Үмүт улагандары"


Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев.
Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеев.

Кыргыз адабиятынын классикалык чыгармаларына арналган түрмөктө көрүнүктүү проза чебери, эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин чыгармачыл жолу жана “Үмүт улагандар” аңгемеси талданат. Адабият таануучу Бекташ Шамшиевдин блогу.

Өксүк

Уруштун оорчулугу, азап-тозогу жоокерге түшөт. Кан кечип жүрүп алааматтан аман калган жаш адам өмүрү өткөнчө оор ойлор, жүрөк мыжыккан санаа менен жашайт. Кыргыз эл жазуучусу Өскөн Даникеевдин “Үмүт улагандар” аңгемесинде ошондой тагдырга туш келген жаш адамдын драмасы сүрөттөлөт.

Канмайдандан кайтуу

Кыргыз прозасында кан майданга катышып келген жоокерлер, согуш учурдагы ооруктагы оор турмушту баяндаган чыгармалар арбын. Өскөн Даникеев да ушул темага кайрылып “Көкөй кести” романын жазган. Чыгармада алыскы тоо арасында калып, айыл менен карым-катышы токтоп калган адамдардын өмүр-жашоо үчүн күрөшү, метеостанцияны таштап кете албай калган жоопкер адамдардын кайгылуу, оор тагдыры сүрөттөлгөн.

Кийин согушта туткунга түшүп калган советтик жоокерлердин жакындарын сталиндик система кандай куугунтукка алганы, алыскы Сибирге сүргүнгө айдаганы, ал жерден оңбогондой оор азап-тозокторго кабылып, көбү кетип, азы туулган жерине кайтканын баяндаган “Арман” романын жазды.

Өскөн Даникеев кыргыз тилинде «Сызма геометрия» окуу китебин жазган (1970-ж.). Ошондой эле ал «Инженердик графика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн» (1974-ж.) түзгөн.
Өскөн Даникеев кыргыз тилинде «Сызма геометрия» окуу китебин жазган (1970-ж.). Ошондой эле ал «Инженердик графика боюнча орусча-кыргызча терминологиялык сөздүгүн» (1974-ж.) түзгөн.

Ал эми “Үмүт улагандар” аңгемеси канмайдандан катуу жараат алып жерине кайткан жоокердин драмасына, ичин мыжыккан оор ойлордун себеп-жөнүн ачып берүүгө арналган.

Ысман согуштан кайтып келаткан. Тынч убакта мал-сал, кургак жүк жүктөлчү жыгач вагондо кыйла күндөн бери термелип келаткан жүргүнчүлөрдүн кобур-собуру көбөйүп, тамбурга чыгып калышканы Ысманды да кызыктырды. Сыртты караганы менен эч нерсе даана көрүнбөйт. “Кантуси” алганы көзү мунарыктап жакшы көрбөй калган. Ысман миңдеген адамдар боо түшүп жок болуп аткан кан майдандан аман чыкканына деле анча сүйүнгөн жок.

Мына, аман калды, тууган жерине келатат, кайда барат, кимдерге жолугат? Тосуп алчу кимиси бар? Ата-энесин деле жакшы билбей калды. Кыйынчылык чакта кичинесинде алардан ажырап балдар үйүндө тарбияланды. Атасы менен энесинин айрым сөздөрү, жаанга эзилип, кейпи кеткен жалпак боз там, анын жанындагы жалгыз түп өрүк, андан алысыраакта агып жаткан арык гана эсинде калыптыр.

Башкасы унут болуп, те алыскы бир бүлбүлдөгөн элес болуп жашап келет. Жубаткан нерсе - аты менен фамилиясы унутулбай сакталып калганы болчу, аны сүрүштүрүп отуруп туулган жерин, ата журтун таап алат.

Ысмандын согуштан кайткан учуру да сонун кезге туш келгенин айтпайсызбы. Кең талаа түркүн-түскө боёлуп, аяк-башы көрүнбөгөн кең түздүккө гүлдүү килем төшөп койгондой, бир жеринде кызгалдактар жалбырттаса, экинчи жерин көк чөп басып, табият көркүнө чыгып кулпуруп турган чагы экен. Бир калыптагы такылдагын токтотпой келаткан поюз ичине буркураган гүл жыты толуп, жарышкан кош сызык темир жол буларды алыста шаңкайган тоону көздөй алып баратты.

Ала-Тоо, өмүр менен өлүм атаандашы алышып турганда эсинен чыкпаган, түшүнө кирчү ак чокулуу кырка тоолор. Тоону көргөндө майдандан келаткан жоокерлердин бири ыйлап ийди. Аны коштоп келаткан медсестрасы жоокердин көзүн аарчып, сооротуш менен алек.

Жоокер деген аты эле болбосо тирүүнүн сөлөкөтү гана. 23 жашта экен. Аны сураган беркиниси “бала бойдон турбайсыңбы” деп, көңүлү чөгөт жоокерди аяганы же жооткотконун билдирбей сыртка тигилет. Поюз шаарга караганда чоң айылды элестеткен Фрунзеге кире бергенде жүргүнчүлөр удургуй түштү. Ысман канча күндөн бери колунан чыгарбаган баштыгы менен сыртка умтулду.

“Вокзалдын алды толо эл. Бака-шака. Арабалардын калдырагы. Аны бирөө тосуп чыкчудай, Ысман айлана-тегерегин “карайт”. Күүгүмдөгүдөй баары күңүрт. Кыймылдары илээнди. Кай тарапка басуу керек? Кимден сураса? Жердигинде тартынчаак неме кээ-кээде ийниндеги баштыгын оңдогуламыш этип, эч себепсиз өзүнчө күрсүнүп коёт.

Аңгыча бирөө алдынан утурлай:

- Уулум, аскерден келаткансың го? – деди мурдатан тааныш немедей кол суна.

- Ооба.

- Ырыс-таалайың бар экен, балам. Туз-даам деген ушу. Ырас болгон тура... – Тиги Ысмандын колун коё бербей, дагы бирдемелерди кобурап атты. Анын кыбың көздөрү, көк ала сакалы Ысманга эми ачыгыраак “көрүнө” баштагандай.

- Эмне жараттан? Биротоло бошоппу, же?..

- Башыман, ата.

- И-ии. – Абышка Ысмандын бозомуктанган үлүгүй коздөрүн алмак-салмак карап туруп, анан: - кантус болгон турбайсыңбы, - деп улап койду, бу тууралуу деле билген немече. Бирок ары жагында “бечера эс-акылынан бир аз ооп калган экен го” деген ойдо эле.”

Баамчыл абышка ойлогонундай эле болчу. Ысман оор жарадар болуп, аскердик турмушта жанында чогуу болуп, жакын адамына айланган курбусу окко учуп, анын аздек буюмун баштыгына салып ала келаткан.

Оор жүк

Ата-энесине оор кабарды кантип угузуштун жолун таппай келер-келгенче ойлонуп, бир жыйынтыкка келе албады. Көк ала сакал абышка Ысманды арабасына салып алды. Калганын бара көрөт, эңсеген жерине жеткени менен көңүлү мыжылып, эмне кылам, кантем деген суроодон башы ооруп чыкты. Аксакал колхоз “бермесинин” тапшырмасы менен “масылапромго” келгенин, ал жер иштебей “ыромонтко” токтоп калганын билбей эле келип алган экен. Анан илгери үмүт да арабасын кылдыратып майдандан бирди-жарым келип калабы деген ойдо вокзалга барганын айтты.

Көзүн үлүрөйткөн арык жоокерден кайсы жакка барышын сурады. “Байрак” колхозуна барат экен. Андай колхоздон экөө – жогорку, төмөнкү дегени бар. Кайсынысы дегенге Кызыл-Аскер районундагысы деп тим болду. Согушта саал эле эмес, кыйла эле айнып калган окшойт. Арабага отура берип аксакал “Байрактан” ары бара турганын айтты.

“ – Мен андан ары кетем. Тоок-Сарайдын жанындагы бурулуштан түшсөң, андан ары эмне... – деди тиги. – Айтмакчы, кимдин баласы болосуң?

-Билбейм... – Ысман мурдатан бери өзүнө-өзү бир эмес, миң жолу кайталап келген суроосун бу бейтааныш аксакал кишиден дагы бир жолу угуп, заматта бушайман боло түштү. Балким, фамилиясы атасынын атынан алынгандыр? Кыргызда ушундай дешпеди беле.

Абышканын эми чындап эле зээни кейип, тиши кычырап кетти: “Атасынын атын билбей калганга чейин жеткирген... О сенин Гитилер болгонунду!.. Ушунун да убалы бардыр, акмак. Көрүңдө өкүр. Көрүңдө!” Ал ачуусун аттардан чыгара, эң алды божуну бир силкип, анан соп камчысын айландыра аларды жондон ары салып-салып алды:

-Чү-а!”

Ысман Тоок-Сарайдын тушунан түшүп калгандан кийин көп деле баспады, артынан аттын дүбүртү угулду. Курчу качкан көзү аттан түшкөн бейтааныш келин экенин, өзүн көздөй келатканын көрдү.

Келин териси менен сөөгү гана калган арык жоокердин пилоткасын, үңүрөйгөн жүзүн кадала карап: “Сен башка белең?” деп ызасына чыдабай ыйлап жиберди.

Коңгуроо

Ысманга ушунусу катуу тийди. Бу байкуш да өксүктөрдүн бири окшойт деп ойлоду. Эмне демек, жазмыш ушул экен. Башкалары канмайдандан кайтпай калышты, бул болсо оор жараат алып өлбөй өз жерине келди.

Келин Ысман менен катар басып айылдын көчөсүнө киришти. Эшик алдында тургандар Атыркүл жандап алган жоокерди төркүндөрүнөн келген бирөө го деп боолголошту. Кичине балдар бейтааныш жоокер капитанбы же таңкисби деп талашып жатышты.

Ысман атайын келген Балбайдын үйүн оңой эле тапты. Заматта айылдагылар чогулуп, алыстан келген жоокерди тегеректеп, шашкалактап үйгө киргизишти, баарысы тымтырс аны күтүп калышты.

“ – Туугандар, мен алыстан келатам, - деди. – Бир жылдан ашуун жүрдүм. Анан чыкыйыман жарат алып, минтип көзүм...

Ал көргөн-билгенин бүтүндөй ортого салайын, болгонун болгондой айтайын деди. Жок, канчалык чымырканбасын канчалык бел байлабасын ага бара албады. Заматта Надыр, Надырдын мунарым элеси анын акыл-эсин тумандатып, башка жакка адаштырып кетти. “Атана дүнүйө а, ушундай дозоку белең?” Ал бир саамга туттуга, унчукпай калды.

Мм... Бирок, бирок, муну качанкыга чейин жашырмак? Келгендеги максаты эмне эле?

- Анан Надырга жолугуп...

Балбай обдула берип, кайра кемпиринен улам унчукпай калды.

- Надырга жолугуп!? Оозуңа май, ак жолтоюм! Уктуңарбы, айланайындар, Надырыма жолуктум дебатбайбы бу бала. – Уулча апа отургандарды айланта карады. – Ак сарбашыл айттым...

Ал Ысманды өпкүлөп атты. Сүйүнгөндөн, кубангандан болкулдап ыйлап атты. Каткан эмчеги ийигенсип, мурдуна Надырынын, наристе Надырынын жыты урунду. Ысман да анын ак өлөң башын көкүрөгүнө бек-бек кысып бышаңдап ийди: “Эне! Эне деген ушу экен да...”.

Оор кабарды угузуш кыйын экен. Ысман ал күнү андан кийин да антишке даабады. Айыл томсоруп, көчөдөн наристе көтөргөн келиндерди көрө албады.

Күндөр болсо өтүп атты. Балбай байбичеси экөө жакшы кабар алып келген жоокерге үйрүлүшүп эс алып, өзүнө келишин тилеп, болгон сыйын көрсөтүштү. Айылдын кунары кетип, басып турууга жарагандын баары колхоз ишинде. Үйлөрдүн кейпи кетип, шыбагы көчүп, аны менен деле эч кимдин иши жок, жанталашып талаада. Уулча апа жанданып болгон тамагын Ысманга коёт. Алардын ушунусу баарынан катуу, оор тиет.

Ысман Надырдын курман болгонун, андан калган буюмун баштыкка салып алып келгенин айта албай күчүн таштан чыгарат. Баарына айыптуу таштан бетер эшик алдындагы ташты копшойт. Бирди-жарым чалынбасын дейт. Бирок бул аракети канчага жетер экен, айтышы керек го.

Ким билет суук кабар айтылбай, билинбей калар беле, бир окуя көп нерсенин башын ачып койду.

Ысман келатканда жолдон тосуп алган Атыркүл Балбай чалдын эшик алдындагы соко тишин алып барып коңгуроо кылып койбосо Ысман эзилип жүрө бермек. Коңгуроонун заңгыраган үнү орус кыштагындагы катаал урушту, чиркөөнүн коңгуроосун каккан жигиттин автомат огунан чалгы чапкандай кыйылышын, ошол күнү Надырдан айрылганын эске салып ийди. Атыркүл биргат аны элди жумушка чакырганы койдурган болчу.

Ысманга андан ары турууга болбойт эле. Атыркүлдүн коңгуроосу илинген мамыны сууруп ыргытып, Надырдын үйдөгү сүрөтүнүн алдына пилоткасы менен документтерин акырын коюп, артынан бирөө кууп келчүдөй ашыгып жолго чыкты. Артынан атын чаап келип Атыргүл суранса да артынан кайтпады.

Үмүт менен жашап жаткан кемпир-чалдын бетин кантип карамак, тезирээк айылдан алыстагысы келип энтигип баратты. Балбай менен Уулча таладан келишсе уулунун сүрөтүнүн алдындагы документтери менен пилоткасын көрүшөт. Андан кийинкисин эстегиси келбеди.

Ушундай баян...

Өскөн Даникеев 1934-жылы 21-декабрда Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө азыркы Сокулук районунун Чоң-Жар айылында туулган.

1948–1951-жылдары борбордогу №5 кыргыз орто мектеп-интернатында тарбияланып, 1951-жылы Москвадагы тоо-кен институтуна кабыл алынган.

1970-жылы Билим берүү тармагында биринчилерден болуп кыргыз тилинде «Сызма геометрия» окуу китебин жазган.

1977-жылы Москвадагы СССР Жазуучулар союзунун алдындагы М.Горький атындагы адабият институтунун Жогорку адабий курсун аяктаган. 1984-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы болуп шайланган.

Ө.Даникеевдин «Бакир» баяны 1961-жылы жарыяланган. Кийин «Кыздын сыры» аттуу повести жарык көрүп, орус, француз ж.б. тилдерге которулуп, көркөм фильм тартылган.

Автордун «Көкөй кести» романы үчүн 1986-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Жазуучу Достоевский, Лесков, Анкилов, Азиз Несин, Вампиловдун чыгармаларын которуп, алардын драмалык чыгармалары облустук, республикалык театрларда коюлган.

Жакында эле жазуучунун «Кыздын сыры» аттуу повести түрк тилине которулуп, китеп болуп чыкты.

Жазуучунун аталган китебин түрк тилине түркология бөлүмүнүн доктору, кыргыз жана казак адабияты боюнча доцент Самет Азап менен Ардахан университетинин түркология бөлүмүнүн доктаранты Эмрах Алтыок которгон.

Китеп 2021-жылдын февраль айында 500 нускада жарык көрдү.

Өскөн Даникеев - окурманын ойлонууга чакырган кыргыздын айырмалуу проза чеберлеринин алдыңкы сабындагы калемгер.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG