Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Митинг: Ошто депутаттар, Бишкекте активисттер чыкты


Ош шаарындагы акция. 2021-жылдын 28-февралы.
Ош шаарындагы акция. 2021-жылдын 28-февралы.

Ош шаарында 28-февралда коррупцияга айыпталып кармалган Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон акция өттү.

Анын катышуучулары Матраимовду абактан чыгарууну талап кылышты. Акцияда бейөкмөт уюмдардын, "Азаттык" радиосунун, "Клооп" медиасынын ишмердүүлүгүнө каршы пикирлер да айтылды. Жарандык коом митингдеги талаптарды сынга алып, бийлик демократиялык баалуулуктарды коргой алабы деген маселени көтөрүүдө.

Уюштуруучулар Ош шаарынын борбордук аянтында өткөн митингге 15 миңдей киши келгенин билдиришти. Көз карандысыз байкоочулардын, журналисттердин санагы боюнча ага 5 миңден ашуун адам чыкты.

Милиция менен Ош шаардык мэриясы катышуучулардын эсебин тактаган жок, "митинг тынч өттү" деген маалымат берүү менен чектелди. Митингге чыккандардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары, былтыр октябрдагы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен барган Мирлан Бакиров, Бактыбек Райымкулов, Таабалды Тиллаев, Искендер Матраимов да жүрдү. Депутаттардын баары тең сөз сүйлөгөн учурда Райымбек Матраимов ак жеринен камалып кеткенин айтышып, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарды, “Клооп” жана “Азаттыктын” ишин сынга алып жатышты.

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

“Бардык жерде калыстык болуш керек. Туура эмес, бурмаланган маалыматтар болуп келди. Райымбек Исмаилович Матраимовдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүлүп, 7 ай бою иштеди. 700 миллион доллар боюнча иликтөө жүргүзүп, анын 7 тыйынына да Райымбек Матраимовдун тиешеси жок экенин аныктап, тактап чыкты”, - деди депутат, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын лидери Мирлан Бакиров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Оштогу митингде. 28-февраль, 2021-жыл.
Жогорку Кеңештин депутаттары Оштогу митингде. 28-февраль, 2021-жыл.


Акциянын катышуучулары “Матраимовго боштондук!”, “НПО бизге кереги жок!” деген жазууларды кармап турушту. Райымбек Матраимовдун агасы Искендер Матраимов элдин колдоосуна муктаж экенин айтып жатты:

Искендер Матраимов.
Искендер Матраимов.

“Мен бир тууганымды мактай албайм. Аны эл мактасын, эл көтөрсүн. Бир туугандарымдын атынан элимден дагы бир суранып кетемин. Инимдин ак экенин мен билем. Колдоп жатканыңар үчүн таазим!”.

Жыйын соңунда Матраимовду бошотуу, аны медиалардын атайын аракеттеринин "жабырлануучусу" деп табуу тууралуу резолюция кабыл алынды. Мурдагы бажычыга азаттык берүү боюнча Кара-Суу районунун 40 миң жашоочусунун колу коюлган кайрылуу бийликке жибериле турганын митингдин алып баруучусу Аман Ибраев жарыя кылды.

Талаптар аткарылбаса 5 миң адам Бишкекте колдоо акциясына чыгууга даяр экени айтылды.

Коррупцияга айыпталып келаткан Райымбек Матраимов былтыр алгач УКМК тарабынан камакка алынганда тергөө менен кызматташып, күнөөнү моюнуна аларын билдирген. Анын натыйжасында 2 млрд. сом кенемтени мамлекетке кайтарган. Анын тарапташтары акцияда Матраимов мамлекетке келтирилген зыянды кайтарып бергенин эске салышып, ал бошотулушу керек деген ойлорун айтышты.

Асылбек Жоодонбеков.
Асылбек Жоодонбеков.

Ал арада бир катар жарандык активисттер жекшембидеги митингди сындап чыгышты. Талдоочу Асылбек Жоодонбеков Матраимовдор кланы масштабдуу митинг уюштуруу менен эркиндикке, ачык коомго, көз карандысыз маалымат каражаттарына шек келтирип, бийликке сес көрсөттү деп эсептейт. Ал бийлик эми демократияны, ачык-айкындуулукту, адам укугу менен сөз эркиндигин коргой алабы деген суроого баш катырууда:

“Матраимов "элге жардам берди, мечит курду" деп жатышат. Муктаждарга операцияга акча берди деп атышат. Бирок биз анын тапкан акчасынын булагын билишибиз керек. Аны талдай беришибиз керек да. Ал канчалаган акчаларды, миллиондорду кымырып, анын канчасын жардам катары берди? Балким, митинг карапайым, жалпы окуяларды талдай албаган, коррупция эмне экенин билбеген адамдарды алдоо жолу менен болуп жаткандыр. Биз бул жөнүндө ойлонушубуз керек экен. Бул коом ак менен караны ажырата албай калган абалга келип калганыбыздын белгиси”.

Активист Гүлгаакы Мамасалиева айтылган талаптарды сөз эркиндиги менен демократияга болгон чабуул деп сыпаттады. Райымбек Матраимовдин мамлекетке чыгымды кайтарып бергени - айыбын моюнга алганы экенин белгиледи:

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

“Митингге чыгып, оюн билдирүүгө ар кимдин укугу бар. Бирок анын жөнү-себеби болушу керек. Мындай адамды колдогон – кызыктай көрүнүш. Расмий түрдө өзү дагы далилдеп аткандан кийин. Булар кайра Матраимов өзү далилдеген нерсеге каршы чыгып атышпайбы. Митингдин мотиви туура эмес болуп атат. Ал эми бейөкмөт уюмдар, “Азаттыкты” жабуу тууралуу талаптар – адилеттүүлүктү коргоп жаткан маалымат каражаттары менен коомдук уюмдарга карата чабуул. Матраимовдордун биз тууралуу эч ким эч нерсе жазбасын деген аракети”.

Ошто Матраимовдордун митинги өтүп жаткан кезде Бишкекте жарандык активисттер коррупцияга каршы жана мыйзамдуулукту талап кылган кезектеги жүрүшкө чыгышты. Бул ирет ага 20 чакты активист келди.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшү 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшемби сайын уюштурулуп келе жатат. Уюштуруучулардын бири Улан Үсөйүн коррупция жоюлмайынча жана мыйзамсыз аракеттер токтомоюнча мындай иш-чаралар улана берерин билдирди:

“Ар бир акциядан жыйынтык болуп атат. Канча киши келбесин биз уланта беребиз. Анткени мыйзам бузуулар уланууда. Мисалы, Конституцияны бардык эрежелерди бузуу менен кабыл алуу аракеттери көрүлүп жатат. Укук коргоо органдары чектен ашкан, укукка каршы ар кандай аракеттерге барууда”.

Бишкек. Активисттердин тынчтык жүрүшү. 28-февраль, 2021-жыл.
Бишкек. Активисттердин тынчтык жүрүшү. 28-февраль, 2021-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 11-февралда Матраимовду бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ага 260 миң сомдук айып пул чегерген. Соттун мындай чечимине карата коомдогу нааразылыктардан кийин президент Садыр Жапаров 13-февралда «Кабар» улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Матраимовго байланыштуу иштер дагы улантыларын айткан:

Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

“Матраимов тергөө менен кызматташуу деген берененин негизинде күнөөсүн моюнуна алып, 2 миллиарддан ашуун акча төгүп берген. Бул бир эле эпизод менен. Кечээ сот ошол эпизод менен 260 миң сом айыппул салып, чечим чыгарган экен. Соттун ишине кийлигишпейбиз. Мага УКМКнын берген маалыматы боюнча кошуна өлкөлөргө, Дубайга кандай операцияларды жасаганы жөнүндө, банктык эсептери жана мүлкү боюнча суроо салып, кат жөнөтүшкөн экен. Алардын жообу келсе иш уланат. Бул бойдон калбайт”.

18-февралда УКМКга сурак бергенден кийин Матраимов экинчи жолу кармалган. Ал бул ирет кылмыштуу кирешени адалдаштырууга байланыштуу айыпталууда.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген. «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияга Матраимовдун тиешеси бар экенин таап чыгышкан.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд каралоо деп эсептеп, сотко кайрылышкан. Иш Свердлов райондук сотунун кароосунда.

XS
SM
MD
LG