Шыкмаматов: Венеция комиссиясы менен диалог курушубуз керек (видео)

Алмамбет Шыкмаматов.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Венеция комиссиясынын Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбооруна байланыштуу корутундусундагы сунуштар боюнча бийлик өз аргументтерин айтып, ортодо диалог болушу керек деп эсептейт. Ал бул тууралуу “Азаттыктагы” маегинде билдирди.

“Мен кунт коюп окуп чыктым. Албетте биз алардын айткандары менен эсептешишибиз керек. Алар өздөрү деле “менин айтканым айткан, дегеним деген” дешпейт. Эгерде силердин башка пикириңер болсо угууга даярбыз дешет. Биз алар менен диалогго барып, өз чындыгыбызды далилдейбиз. Ага даярбыз”, - деди Шыкмаматов.

Шыкмаматов Венеция комиссиясы Кыргызстандын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча чыгарган корутундусу – бул сунуш гана, аны сөзсүз аткаруунун зарылчылыгы жок экенин кошумчалады.

Буга чейин Европа Кеңешинин Венеция комиссиясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен бирге Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча корутундусун жарыялады. Анда сунушталган Баш мыйзам кабыл алынса, бийлик бир колго топтолоору айтылат. (TSh)

Дагы караңыз

Саламаттык сактоо министрлиги шайлоого байланыштуу алгоритм иштеп чыктыПара алууга шектелген депутаттын агасына айыппул салындыОшто дагы бир кишини атып кетишкени кабарландыКыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү ушул аптада баштаганы жататАксы: Электр кубаты жетелек айылдар туристтик аймакка айланышы мүмкүнКара-Суу районунун акимдик кызматына 74 талапкер ат салышатАйбек Бузурманкулов: Жерүй кени боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүшү керекЖаныбарларды коргоочу мыйзам долбоору мал союу боюнча талашты кызыттыБритания куралдуу күчтөр боюнча стратегиясын өзгөртөтШыкмаматов: «Камбар-Ата-1» ГЭСин Кыргызстан өзү кура албайт, Өзбекстан капитал салууга гана даяр