26-мартта Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 35 жаштагы мугалимдин өлүмүнүнө шектүү адамды колго түшүрдү.
Маалыматка ылайык кармалган адам 1958-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну. Ал кылган күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Шектүү кылмыш жасаган соң эски тааныштарынын биринин үйүндө жашынып жатканы белгилүү болду. Кылмышка далил буюм катары колдо кыскартылган ок атуучу курал алынган.
Бул окуя боюнча Ош шаардык милициясы Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-пункту (Пайда көрүү максатында киши өлтүрүү) менен сотко чейинки өндүрүш ишин ачып, иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Кылмыштын себептери тууралуу маалымат айтыла элек.
23-мартта Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүнүн жол боюнан азиат улутундагы, жашы 30-35тер чамасындагы жарандын жансыз денеси табылган болчу. Каза болгон жаран Ош шаарынын мектептеринин биринде информатика мугалими экенин Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тастыктаган. (MrA)
Дагы караңыз
Кыргызстан Тажикстан менен Ворух анклавын алмаштырууга даяр (видео)Ташиев: "Камбар-Ата-1" ГЭСи 2 млрд долларга курулатТашкентте кыргыз-өзбек өкмөт аралык жыйыны аяктадыЖалал-Абадда муниципалдык автоунаа базары ишке кирдиКемпирабад плотинасы Өзбекстанда калат, сууну эки өлкө биргелешип пайдаланат (видео)Ташиев: Чек арада жер берүү деген эми болбойт, алмашуу гана болот (видео)