Бишкекте уюшкан кылмыш тобунун мүчөсү кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Милицияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган, "Алдамчылык" беренеси боюнча шек саналып, издөөдө жүргөн адам Бишкекте кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, ал 2016-жылы Ош шаарынын тургунунан баасы 6 миң доллар турган "Toyota Camry" автоунаасын сатып алуу максатында алып, болгону 40 миң сом төлөгөн. Калганын эки айдын ичинде төлөп берүүнү убада кылып, бирок ошол бойдон бербей койгон.

2019-жылдын аягында унаа ээсинин арызынын негизинде Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Шектүү Бишкек ШИИБнин убактылуу камоочу жайына киргизилди.

Февраль айында дал ушундай эле алдамчылык жол менен Кыргызстандын бир нече жарандарынын мүлкүн, акчасын алып жүргөн Бишкек шаарынын 35 жаштагы тургуну, милицияда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган (Б.М.) кармалган. Ал 2018-жылы «Toyota Camry» автоунаасынын ээсин 6400 долларга, «Mercedes-Benz E430» автоунаасынын ээсин 3000 долларга алдап кеткен. Ушул эле жылы 13500 долларлык «Honda CR-V», 10000 долларлык «Ford Transit», 4000 долларлык «Nissan Maxima» жана 5900 долларлык «Toyota Camry» машинелерин алдоо жолу менен ээлеп алган. Ал автоунааларды үчүнчү жакка сатып жиберип, пайда таап жүргөнү кабарланган.(ZKo)

Дагы караңыз

Эрназар Акматалиев Токио Олимпиадасына жолдомо алды Ошто "Клооптун" байкоочусу менен журналистине кол салуу болдуГерманиялык депутаттар Навальныйдын абактагы абалына тынчсыздандыСаат 14:00гө карата 700 миңдей шайлоочу добуш бердиАшыкча бюллетенди үкөккө салган учур тартылган видео териштирилип жататМилиция: Партиялардын бирин-бири каралаган маалыматтары аныкталууда Иран: Натанздагы уран байытуучу заводдо авария болдуАлайда дайынсыз жоголгон өспүрүмдүн сөөгү табылдыЭкс-президент Жээнбеков: Менде да айтыла турган сөз көп