COVID-19: сегиз бейтап каза болду, оору дагы 283 кишиге жукту

Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 12-майдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада илдеттен сегиз бейтап каза болду. Алардын бешөө Бишкекте, үчөө Чүйдө катталды. Муну менен пандемияда вирустан көз жумгандардын жалпы саны 1675 адамга жетти.

Акыркы суткада 283 киши коронавирусту жугузуп алды. Алардын көбү Бишкекте (158) жана Чүйдө (75) катталды. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 99 316 адамга жетти.

Бир күндө 289 адам сакайып чыкты. Учурда 1755 бейтап стационарда дарыланып жатат. Алардын ичинен 89 бейтаптын абалы өтө оор экени кабарланды.

Кыргызстанда Кытайдын "SinoPharm" жана Орусиянын "Спутник V" вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Ушул күндөрү 43 миңден ашуун киши вакцина алды.

Кыргызстанга келген Кытай препараты 75 миң адамга, орус препараты 10 миң адамга жетет. Кошумча вакцина алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өкмөт эл аралык COVAX программасынын алкагында британ-швециялык "AstraZeneca" вакцинасы да келерин билдирген. (MiK)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Кумтөр маселесин карамай болдуБишкекте айт намазы эски аянтта окулбайт"Токтогул" ГЭСине керектүү жабдык беш айдан бери чек арадан өтпөй жатканы маалым болдуБашпрокуратура экологияга 100 млн. сом зыян келтирген ишкананы таптыБШК Оштогу шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгардыИсхак Масалиев Молдокматов тууралуу башкы прокурорго кайрылдыТемир Сариев: мамлекеттик органдар туруктуу иштеши керекБишкектеги "Маариф" фондунун мектеби жаңы окуу жылында ачылат