Садыр Жапаров Назарбаевди туулган күнү менен куттуктады

Нурсултан Назарбаев.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, туулган күнү жана өлкөнүн борбор шаарынын күнү менен куттуктады.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жапаров Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак коңшулук мамилелерди орнотууга жана бекемдөөгө кошкон жеке салымын өзгөчө белгиледи",-деп маалымат таратты президенттин басма сөз кызматы.

Жапаров быйыл 2-3-марттагы Казакстанга сапарында президент Касым-Жомарт Токаев жана экс-президенти, Эл башы Нурсултан Назарбаев менен жолуккан.

6-июлда 81 жашка толгон Нурсултан Назарбаев туулган күнүн өзгөчө шаан-шөкөт менен белгилебей турганын билдирген. Ага карабастан Казакстандын бир катар шаарларында анын урматына эстеликтер ачылып, белгилүү америкалык режиссер Оливер Стоундун сегиз сааттык документалдык тасмасы чыкты.

“Портретке штрихтер. Лидер” деген аталыштагы анын туулган күнүнүн урматына тартылган тасмада Нурсултан Назарбаев "Кыргызстан өткөн 30 жылда бул өлкөдө эч нерсе жасалган жок” деп белгилеген.(ZKo)

Дагы караңыз

Медетбеков: Инандынын окуясы мамилеге доо кетириши мүмкүнСадыр Жапаров: Ташиев Инандыга коопсуздукка көңүл бурууну эскерткен Монголия "гүленчи" деген мугалимди сактап калган Назарбаев: 30 жылда Кыргызстанда эч нерсе жасалган жокЫсык-Көлдө Асман деген шаар куруу долбоору жарыяланды Хабаровск: камактагы Фургалдын уулу Мамдуманын шайлоосуна катышатЖунушалиев: Баткенге элден 120 миллион сомдой чогулдуЧек ара жаңжалында жабыркагандар кенемте алды