Эл каттоо 2022-жылы жазында болот

Паркта шахмат ойноп жаткан адамдар. Ош шаары. Июнь, 2020-жыл.

Кыргызстандын калкын каттоо жараяны 2022-жылы 25-марттан 3-апрелге чейин болот. Айрым тоолуу аймактарда 23-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунда белгиленген.

Токтомго ылайык, Кыргызстанда туруктуу жана убактылуу жашаган бардык адамдар, бардык турак жайлар катталат.

Жергиликтүү бийлик эл каттоону уюштуруу жана жүргүзүү боюнча комиссия түзүүгө, аларды коммуникациялары бар имарат менен камсыздап, иштөөсүнө шарт түзүүгө милдеттүү. Ошондой эле элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, эл каттоого иштеген адамдарга коомдук транспортто акысыз жүрүү жана башка шарттарды түзүү тапшырылды.

Мындан тышкары эл каттоого даярдык башталгандан тартып көчөлөрдүн жана элдүү пункттардын аталышын алмаштыруу убактылуу токтойт.

Эл каттоо учурунда ооруканада, санаторий-пансионаттарда дарыланып жаткандар, төрөт үйлөрүндөгү энелер жана ымыркайлар, балдар үйлөрүндөгү жана интернаттагы балдар, майыптыгы бар адамдар, карылар үйүнүн жашоочулары жана башка адамдарды каттоо өзүнчө жүрөт.

Ички иштер министрлиги эл каттоо жараянынын коопсуздугун камсыздоого милдеттендирилди. Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия эл каттоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө көмөктөшөт.

Финансы министрлигине жараянды каржылоо жагы тапшырылды.

Кыргызстанда Эл каттоо жараяны 2010-жылы жүргүзүлгөн. 2020-жылга белгиленген Эл каттоо коронавирус пандемиясынан улам токтотулган. (ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүлөр бир айда эки жолу өтүп жатканы айтылдыКыргызстан "Талибан" тобун азырынча тааныбайтБишкекте көчөлөрдү 37 машина тазалап жататБалбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында (U-23) финалга чыктыCOVID-19: Жаңы 91 учур катталдыӨзбекстанда соцтармактарга бөгөт койгон жетекчи кызматтан алындыЭлектр жарыгы: Бийликтин убадасы аткарылабы?Сибирде беларустук Ан-12 учагы кулаганы маалымдалдыВаршава Минскиден чек арадагы окуя боюнча түшүндүрмө талап кылды