2002-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы саясий ачкачылык кармап жатып кайтыш болгон Шералы Назаркулов 7-февралда эскерилди.
Бишкектеги иш-чарага маркумдун жакындары жана Акыйкатчынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков катышты. Расмий бийликтен өкүлдөр барган жок.
Эскерүү иш-чарасы Назаркулов узак мөөнөттүү ачкачылык акциясына отурган жерде - Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин имаратынын жанындагы аянтчада жыл сайын өткөрүлүп келет.
Анын жарандык активдүү позициясы көзү өткөндөн кийин бааланып, «Эрдик» медалы ыйгарылган. Ысымы Бишкектеги №80 орто мектепке берилген.
Шералы Назаркуловдун өлүмүнөн туура 40 күндөн кийин Аксыда бийликтин аткан огунан дагы алты адамдын өмүрү кыйылган. Ал тарыхта Аксы окуясы деген аталыш менен калган жана 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы апрель окуяларынын башаты болгону айтылып келет.(ZKo)
Дагы караңыз
Медет Садыркуловдун өлүмү: шектүүгө бир нече айып коюлдуАКШ элчиси адам укуктарына байланыштуу Кытайды сынга алдыБажы кызматы алтымыштай машиненин ээсин издейт (тизме)Травматология борборунун айланасындагы талашты атайын комиссия иликтей баштады Бээжин-2022: орусиялыктар дагы бир алтын медал жеңди Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяландыКыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштадыОшМУ: шайлоодо кызматынан четтетилген декан сотко кайрылды