Исмаил Исаков журналисттер кысымга кабылып жатканын айтты

Исмаил Исаков.

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын демилгеси менен 15-февралда парламентте Кыргызстанда адам укуктарынын корголушун жана сөз эркиндигин талкуулаган жыйын өтүп жатат.

Тегерек үстөлдө “Азаттык” партиясынын лидери Исмаил Исаков Жогорку Кеңеш, Башкы прокуратура, Министрлер кабинети, сот бийлиги өлкөдө адам укуктарынын корголушун толук камсыздай албай жатканын айтып, аны Конституцияда бийлик бутактарынын тең салмактуулугу сакталбай калганы менен байланыштырды.

“Эң чоң кемчилик – жарандык коомдун ролу төмөндөдү. Төртүнчү бийлик болгон – жалпыга маалымдоо каражаттары кысымга кабылууда. Төртүнчү бийлик кемчиликтерди жазып, жол көрсөтпөсө маселени ким билет? Жарандардын укуктары менен эркиндигинин кынтыксыз аткарылышына президент кепилдик бериши керек. Бийлик бутактары өз милдеттерин Конституцияда кандай жазылса, так ошондой аткарышы зарыл. Ошондо гана жылыш болушу мүмкүн”, - деди Исаков.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов “бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган” деген шек менен 10-февралда эки айга камалды.

Ага чейин иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун кармалып, кайра бошотулганы талкуу жараткан. Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларды “баңгизат колдонгон” деп айыптап жатат.

10-февралда Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” деген макам берүүнү сунуштаган. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Бишкек-Кара-Балта жолун 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүүнү тапшырдыЖалал-Абадда эки жолу кар көчүп, төрт адам дайынсыз болуудаБишкекте адам укуктарынын сакталышы талкууланатКоронавирустан эки киши каза болуп, 55 адамдан жаңы аныкталдыПутин менен Лукашенко апта соңуна чейин жолугушатУкраина НАТОго кирүү ниетинен кайтпай турганын билдирдиТүркмөнстанда президенттик шайлоо жараяны башталдыАлмазбек Бейшеналиев кайрадан Билим берүү жана илим министрлигине жетекчи болду