ЖК: комитет ишкерлерди текшергендерди көбөйтүүнү колдоду

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясат комитети 29-мартта ишкерлерди текшерген мекеме-органдардын жаңы тизмеси тууралуу өкмөттүн долбоорун колдоду. Ага жалпысынан 15 мекеме кирген.

Талкууда экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова текшерүүчүлөр көбөйүп жатат деген дооматты четке какты жана мындай мекемелердин көбөйгөнүн текшерүү иштеринин тармактык министрлик, мекемелерге бөлүштүрүлүп берилгени менен негиздеди.

Ишкерлерди текшерет деген мекемелердин жаңы тизмеси азырынча жарыялана элек.

Былтыр августта аталган министрлик ишкерлерди текшерүүгө укуктуу мамлекеттик органдардын жаңы тизмесин сунуштаган жана анда сегиз мекеме кирген.

Анын алдында Министрлер кабинети милиция кызматкерлерине ишкер чарбаларды текшерүү укугун берүүнү караштырып жатканы белгилүү болгон жана бул коомчулукта чоң талкуу жараткан.

Дагы караңыз

Нурбек Токтакунов убактылуу кармоочу жайдан чыктыCOVID-19: эки бейтап каза болду, оору 14 адамдан аныкталды Жарандыгы жокторго документ берүү боюнча жумушчу топ түзүлөт Алматы: Шинжаңдагы туугандарын айтып акцияга чыккандар кармалды “Кыргызнефтегаз” былтыр 173,5 миң тонна мунай өндүргөн