Кыргызстан менен АКШ эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Руслан Казакбаев Узра Зея менен жолугушту. 14-апрель, 2022-жыл.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 14-апрелде АКШнын Мамлекеттик катчысынын жарандык коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча орун басары Узра Зея менен жолугушту.

Анда Кыргызстандын жарандары үчүн АКШ тарабынан визалык талаптарды либералдаштыруу маселеси көтөрүлгөнүн өлкөнүн тышкы саясат мекемеси кабарлады.

Маалыматка ылайык, Узра Зея Вашингтон Кыргызстанда демократиялык институттарды чыңдоого көмөк көрсөтүүгө, Сириядан алып келинген аялдарды жана балдарды реабилитациялоого жардам берүүгө даяр экенин айтты.

Коррупцияга каршы күрөшкө америкалык тараптын колдоо көрсөтүүсүнүн мааниси тууралуу да сөз болду.

Кыргызстан адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин сактай турганын билдирди.

Жолугушууда өлкөдөгү эркин жалпыга маалымдоо каражаттарын жана активдүү жарандык коомду бекемдөөгө байланыштуу пикир алмашуу болду.

Узра Зея жана Мамлекеттик катчынын майыптардын эл аралык укуктары боюнча атайын кеңешчиси Сара Минкара Кыргызстанда сапар менен жүрөт. (BTo)

Дагы караңыз

Сокулукта алдамчылык менен жер саткан дагы бир жаран кармалдыБританиянын "кара тизмесине" өзбекстандык үч аял да илиндиКүрөш боюнча Азия чемпионатына бара турган спортчуларга акча бөлүндү АКШ Украинага 800 млн. долларлык аскердик жардам беретСыдыков: Тажикстанга жаңы элчинин дайындалышы менен алака жакшырат деген үмүт бар Депутаттар кыргыз-казак чек арасындагы тыгынды чечүүнү талап кылды Нью-Йорк метросундагы кол салууга шектүү кармалдыРусланбек Акматалиев Асман шаарын куруу долбоорунун башчысы болду Аба ырайы: көпчүлүк аймакта күн ачык болотАлматы соту оппозициялык активист Жанболот Мамайды камакта калтырды