SuperTVнын кызматкерлерине парламентке кирүүгө уруксат бериле элек

Жогорку Кеңеш.

SuperTV телеканалынын кызматкерлерине Жогорку Кеңешке кирип, парламенттин ишин чагылдырууга уруксат бериле элек. Бул тууралуу каналдын директору Бактыгүл Сокушова “Азаттыкка” билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы менен маселени талкуулоого азырынча мүмкүнчүлүк болбой жатат. Ушундан улам телеканалдын кызматкерлери 19-майда да Жогорку Кеңешке киргизилбей турганы айтылган.

“Бүгүн кызматкерлер “Жогорку Кеңешке бир жолку уруксат кагазы менен кирели” дешкен. Парламенттен “силерге уруксат жок, бере албайбыз” деп жооп беришти”, -деди Сокушова.

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов SuperTV телеканалынын журналисти Тахмина Кенжебек кызы менен депутат Надира Нарматованын окуясынан кийин каналдын бардык журналисттерине Жогорку Кеңешке кирүүгө тыюу салынганын билдирген. Ал маселе SuperTVнын жетекчилиги менен сүйлөшүү болгондон кийин чечилерин айткан.

Канал мындай чектөөнү маалымат алууга тоскоолдук катары баалап, мыйзам бузулуп жатканын билдирүүдө. Алар парламенттин басма сөз кызматы чечимге кагаз түрүндө түшүндүрмө бериш керек деп эсептейт. SuperTV телеканалынын кызматкерлери имаратка 18-майда да кире алган эмес.

11-майда Тахмина Кенжебек кызы Жогорку Кеңештин ашканасын тартып жүргөндө депутат Надира Нарматова экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Депутат тамак ичип отурганда тартпоо керектигин айтып, ортодо пикир келишпестик болгон.

Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу үчүн Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттары аккредитациядан өтөт. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин журналисттер парламентке тизме менен эле киргизиле баштады. (BTo)

Дагы караңыз

Баткенде жемкорлукту айтып чыккан айыл башчыларды колдогон акция өтүүдөТүркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөргө бөгөт койдуРахимов президенттин чек ара айылдарын өнүктүрүү боюнча өкүлү болдуЧаткал: Шыбы ураган мектептин окуучулары кайрадан текшерилмей болдуУКМК Жайыл райондук соттук-медициналык экспертиза башчысын кармады Лицензиядан улам 111 менчик медициналык мекеме жабыла турган болдуОрус драмтеатрынын артисттери жетекчисине карата чара көрүүнү өтүнүштү