ИИМ: ирандык жаран ири өлчөмдөгү синтетикалык маңзат менен кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ири өлчөмдө метамфетамин синтетикалык маңзатын сатып жаткан жеринен Ирандын жараны кармалганын билдирди. Милиция тараткан маалыматка ылайык, болжол менен баасы 45 миллион сом деп эсептелген 10 килограмм баңгизат Ирандан Ооганстан менен Тажикстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилген.

Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголду. Учурда тергеп-иликтөө, кылмышка шектүү дагы башка жарандарды аныктоо жүрүп жатат.

Метамфетамин күчтүү баңгизаттардын катарына кирет.

ИИМ жылдын биринчи кварталында жалпысынан 274 кг оор маңзаты, анын ичинде 2022-жылдын төрт айында 5 кг героин, 70 кг марихуана, 75 кг гашиш кармалганын билдирген.

Андан сырткары жалпы салмагы 86 кг түзгөн альфа-PVP, мефедрон, метамфетамин синтетикалык маңзаты жана эки тоннадан ашуун прекурсор кармалып, үч жашыруун лаборатория табылганын кабарлаган. Маңзаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө шек саналып издөөдө жүргөн 50 киши камалган.

Дагы караңыз

Жарым жылда миңден ашык адам мамлекеттен ипотека насыясын алды "Медиа Полиси" активист, блогерлерге козголгон кылмыш иштерин токтотууга чакырдыБлогер Ырыс Жекшеналиев эки айга камалдыЫсык-Көлдө жер силкинди Финляндия орусиялыктарга виза берүүнү бир канча эсе азайтат Швейцария Каримованын 131 млн. долларын Ташкентке кайтарат