ФИФА футболго киргизилбей калган аялдар боюнча Иранга кат жолдоду

Азади стадиону. Тегеран, 10-октябрь, 2019-жыл.

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) дисциплинардык комитети Ирандын футбол федерациясына кат жолдоду.

Анда ушул жылдын март айында Ирандын түндүк-чыгышында Иран жана Ливандын командаларынын беттешине аялдардын киришине эмне себептен тыюу салынганына түшүндүрмө берүү талабы жазылган.

Ирандын бийлиги дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында 29-мартта Ливан менен болгон беттешке аялдарга 2000дей билет берген. Бирок Мешхеддеги Имам Реза стадионуна келген аял күйөрмандар киргизилген эмес.

1979-жылкы Ислам революциясынан көп өтпөй өлкөдө аялдарга стадиондорго барып эркектердин спорт мелдештерин көрүүгө тыюу салынган. ФИФАнын кысымынан кийин гана 2019-жылы аялдарга стадиондон эркектердин футбол беттешин көрүүгө уруксат берилген.

Дагы караңыз

Next TVнын директорунун иши боюнча сот башка күнгө которулдуКарл III Британиянын падышасы болуп расмий 10-сентябрда жарыяланатБахмутта Орусиянын соккусунан сегиз адам набыт болдуАкылбек Жапаров Nuctech Company Limited менен кызматташууну талкууладыТүндүк Корея өзүн өзөктүк курал колдонгон мамлекет деп жарыяладыДепутаттар элчи менен министрди кызматтан алуу боюнча президентке кайрылды