Айыл чарба министрлиги: ортомчулар пияз экспортуна уруксат сурап жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда фермелер менен жолукту. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын билдиришинче, буга дыйкандар пиязын сата албай, Ивановка айылында 50 миң тонна пияз сакталып турат деген маалымат негиз болгон.

"Фермерлер өздөрүндө аз өлчөмдөгү гана пияз сакталып турганын, көп өлчөмдөгү пияз убагында бир килосун 7-10 сомдон сатып алган ортомчуларда экенин айтышты. Ошол ортомчулар пиязды сыртка чыгарууга салынган тыюуну алып салууну суранып жатышат",-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Чүйдө айрым фермерлер пиязын сата албай жатканы тартылган видеолор тараган.

Айыл чарба министрлиги өкмөттүн токтомуна ылайык, 31-январдан тартып пиязды сыртка экспорттоого үч айлык тыюу салган.

Анда мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык жактан маанилүү товарлардын баасы жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү, мындай чектөөнү Казакстан менен Өзбекстанда дагы киргизилгени билдирген.

Соңку кезде Кыргызстанда азык-түлүк кайра кымбаттаганы байкалууда. Өзгөчө пияздын баасы жогорулап, килограммы 60-70 сомдон сатылып жатат.

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: Мамбетжунус Абылов абактан ооруканага которулду Чечен парламенти Рамзан Кадыровго "журт атасы" деген титул ыйгардыБейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорун кайра даярдаган жумушчу топ түзүлдү Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн мүрт кеткендер 20 миңден аштыЖогорку Кеңеште ооган кыргыздарынын көйгөйү айтылдыЖК: чек ара жаңжалында үйү тонолгондорго жардам берүү маселеси көтөрүлдү