Кыргыз-өзбек өкмөт башчылары “Камбар-Ата-1” ГЭСи тууралуу сүйлөштү

Кыргызстан менен Өзбекстандын премьер-министрлери. Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандагы жумушчу сапарында бул өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда быйыл эки өлкөнүн соода жүргүртүүсүн 2 млрд. долларга жеткирүү тууралуу сөз болду.

Абдулла Арипов Өзбекстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун тез арада ишке ашырууга аракет кыларын билдирген. Акылбек Жапаров Кыргызстандан барган делегация менен “Toshelectroapparat”, “IT Park Uzbekistan”, “Технопарк” өндүрүштүк комплекстерин кыдырды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын делегациялары.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алышкан. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт.

Былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында “Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад” багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

“Торугарт - Арпа - Макмал - Жалал-Абад” темир жолунун узундугу 280 чакырымды түзөт. Ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени буга чейин кабарланган. (BTo)

Дагы караңыз

Кинорежиссер Марат Сарулу дүйнөдөн кайтты "Вагнер" Бахмуттун чыгышын ээлегенин жарыялады, Киев аны бышыктаган жокЗиядин Жамалдинов парламентте айтылган дооматтарга жооп кайтарды Украина: Орусиянын жапырт аткылоосунда жайкын тургундар каза болду Талибдердин Балхтагы губернатору жардырууда каза болдуОрус аскерлери атып салган жоокерге байланыштуу жаңы маалымат чыктыБаткен: милиция мыйзамсыз иштеген медресе аныкталганын билдирди Сокулукта “Кадастрдын” кызматкерлери жер иштерине байланыштуу кармалдыКыргызстан украин жаранын Беларуска өткөрүп берди