Аба ырайы: күн ачык болот

Синоптиктер эскерткендей, өлкөнүн тоолуу аймактарындагы жолдорго кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиш.

9-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9…11, күндүз 26…28;

Талас облусунда түнкүсүн 5...7, күндүз 24...26;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 9...11, күндүз 28...30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20;

Нарын облусунда түнкүсүн 3...5, күндүз 19...21 градус жылыйт.

Бишкек шаарында түнкүсүн 11...13, күндүз 24...26 градус жылуу болот.

Дагы караңыз

Транспорт министрлиги: Нарын шаарында быйыл 44 көчө оңдолот "Өлбөс полк" жүрүшүнөн улам 9-майда Бишкекте айрым жолдор убактылуу жабылатСадыр Жапаров менен Вячеслав Володин орус тил маселесин талкуулады Беларуста Лукашенконун шакаба сүрөтүн тарткан блогер абакта көз жумдуӨзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөтАнглияда "Евровидение" ыр сынагы башталууда