Инсандык өнүгүү индекси: Кыргызстанда абал кандай?

Алайда жайлоодо жүргөн балдар

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Инсандык өнүгүү боюнча соңку, 2022-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 193 өлкөнүн арасынан 117-орунду ээледи.

Мындай көрсөткүч менен 2021-жылга караганда бир баскычка жогорулап, мурдагы “орто” өнүккөн катмардан “жогору” өнүккөн өлкөлөрдүн тобуна өткөн. Кыргыз өкмөтү мындай көрсөткүчтү чоң жетишкендик катары сыпаттап, алдыда дагы ири ийгиликтер болорун билдирди.

Эксперттик коомчулук өлкөдө инсандык өнүгүү процессин артка тартып турган кемчиликтер көп экенин белгилеп жатат.

Дагы караңыз Кыргызстан Адамдык өнүгүүнүн индексинде 117-орунду ээледи

Кыргызстан 2022-жылы мурунку 118-орундан бир тепкич өйдө жылып, 0,701 упай менен 117-орунга жайгашты. Бирок бул - дүйнөлүк орточо эсеп болгон 0,739 упайдан бир аз төмөнүрөөк көрсөткүч.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын баяндамасы бул жылы “Туңгуюктан чыгуу: Уюлдашкан дүйнөдө кызматташтыкты кайра карап чыгуу” деп аталган.

“Бул отчет инсандык өнүгүү боюнча отчеттордун жаңы үчилтигин ачат, анда Инсандык өнүгүү индексинде аныкталган белгисиздик деңгээлин изилдөө улантылат. Алар уюлдашуу (поляризация) менен күрөшүү (2023-2024), инсандык өнүгүүнү улантуу үчүн жалпы санарип келечекти түзүү (2025) жана адамдардын иш-аракетин антропоценге (адамдын айлана-чөйрөнү өзгөртүүдөгү башкы күчкө айлануу доору) карай багыттоо (2026) деген үчилтик”, - деп жазылган баяндама тууралуу жарыяланган маалыматта.

13-мартта баяндаманын бет ачары болуп өттү.

«Инсандык өнүгүүдөгү улам күчөп бараткан ажырым жыйырма жылдан ашык убактан бери бай жана кедей өлкөлөрдүн ортосундагы теңсиздиктин тынымсыз кыскарып келген тенденциясы кескин өзгөргөнүн көрсөтөт. Дүйнө жүзүндөгү коомдор бири-бири менен тыгыз байланышта болсо да, биз теңсиздик менен күрөшүүдө жетишпей жатабыз. Биз жалпы көйгөйлөрдү чечип, элдин мүдөөсүн ишке ашыруу үчүн жакын мамилебизди жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдонушубуз керек», - деди анда БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер.

Инсандык өнүгүү рейтингинин параметрлери 2010-жылы бир кыйла кеңейип, ага социалдык-экономикалык теңсиздикти эске алуу, гендердик теңсиздик жана көп кырдуу жакырчылык индекстери кошулган.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов социалдык тармактардагы баракчасында Кыргызстандын рейтингдеги ордун ийгиликтердин башталышы катары жарыялады:

«Буга чейин биз орто өнүккөн мамлекет болчубуз. Бул башталышы эле, албетте, анткени азыр бир жыл мурдагы статистика гана эске алынууда. Акыркы жылдын ийгиликтери камтыла элек. Буюрса, мамлекетибиз өнүгүү жолуна түшкөнү эл аралык аренада көрүнө баштады. Албетте, 117-орун биз үчүн өтө эле төмөн. Өнүгүүнүн жолу оор. «Жакшы болуу аста-аста» дейт эмеспи, ынтымак болсо жергебизде, бай мамлекеттердин катарына кошулуу өзүбүзгө эле көз каранды».

Инсандык өнүгүү индекси комплекстүү көрсөткүчтөрдүн жыйындысы болгондуктан, аны кээде “жашоо деңгээли” же “жашоо сапаты” деп да аташат. Индекс өлкөнүн жетишкендиктерин жарандарынын саламаттыгынын, билим алуусунун жана жашоо-турмушунун абалы боюнча өлчөйт.

Рейтингде инсандын узак жана саламат жашоосу, билимдин жеткиликтүүлүгү менен узактыгы жана улуттук дүң кирешенин жан башына эсептелиши негизги көрсөткүч катары алынган. Ага карасак, кай бир көрсөткүчтөр мурунку жылдарга салыштырмалуу жакшырганы менен, айрымдары, тескерисинче, начарлаган же пандемиялык кризистин таасиринен толук оңолуп кете элек.

Өкмөт: “Билим берүүнү түп-тамырынан реформалайбыз”

Дүйнөлүк банктын баалоосу боюнча, Кыргызстан билим берүүгө эң көп бюджеттик каражат бөлгөн мамлекеттердин катарында турган – тармакка бөлүнгөн каражат ИДӨнүн 7% же жалпы республикалык бюджеттин 22,5% барабар.

Кыргызстанда адатта билим берүү тармагына бюджеттин дээрлик 1/5 бөлүгү (18-20%) каралып келчү. Арийне, каржылоонун көлөмү улам кыскарып отуруп, 2024-жылдын бюджетинде 15%га чейин түшүп кетти. Финансы министрлигинин сайтындагы мамлекеттик бюджеттин түзүмүн карасак, билим берүү тармагына 2023-жылы бөлүнгөн 76,4 млрд сомдук каражат 2024-жылы 27% кыскарганын (55,9 млрд сом) көрөбүз.

Бөлүнгөн каражаттын 15% мектепке чейинки билим берүүгө, 60% жакыны мектептеги, 13% жогорку окуу жайлардагы билим берүүгө жумшалат. Калган 15% чукулу административдик башкарууга каралган.

Деген менен, ушул күндөрү өкмөт билим берүү тармагын түп-тамырынан реформалоо процесси башталып жатканын жар салууда. Реформанын алкагында мектептеги билим берүүнүн узактыгы 12 жыл болот жана окутуу программалары ошого жараша өзгөрөт.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева “Азаттыкка” курган маегинде мындай чаралар кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдүн эл аралык эмгек рыногуна аралашуу мүмкүнчүлүгүн арттырат деп ишендирет:

Догдуркүл Кендирбаева

“Эмне үчүн ушуга барып жатабыз? PISAда 2006-жылы 56 өлкөнүн ичинен 56-орунду алдык, 2009-жылы 67-өлкөнүн ичинен 67-орунду алдык. Бирок биз дагы кыйын экенбиз, кубаттуу өлкөлөрдүн катарына кирип кеттик. Биз акыркы орунду алдык деп уялбашыбыз керек. Биздин 2023-жылы жасалган улуттук баалоодо дээрлик 64% балабыз “математиканы билбейт, математикалык көндүмдөрү жок” деп чыкты. Ал эми дээрлик 42% бала эмне окуганын түшүнбөйт. Демек, бүгүнкү күндө креативдүү жасалма интеллектти колдонуу, эмгек рыногунун талабына жооп бере турган негизги көндүмдөр жок дегенди билдирет. Ошондой эле бул келечекте өтө чоң атаандаштыкка туруштук бергидей өлкө болбой калышыбыз мүмкүн деген дагы күмөн туудурат. Ошон үчүн биз түп-тамырынан бери өзгөрүүгө барып жатабыз”.

Изилдөөдө өлкөдөгү саясий, экономикалык, социалдык жана экологиялык кырдаалды мүнөздөгөн жагдайлар да эске алынат. Анын параметрлери адам укуктары жана эркиндиктери жаатындагы абал, коомдук жашоого катышуу мүмкүнчүлүгү, социалдык коргоо, калктын аймактык жана социалдык мобилдүүлүгү, маданий өнүгүү деңгээлинин, маалыматка жетүүнүн, саламаттык сактоонун көрсөткүчтөрү, жумушсуздук деңгээли, кылмыштуулуктун абалы, айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу көптөгөн жагдайларды камтыйт. Жыйынтыгында изилдөөгө катышкан бардык өлкөлөр Инсандык өнүгүү индексине тизмектелип, өлкөлөр “эң жогору”, “жогору”, “орто” жана “төмөн” өнүккөн төрт категорияга бөлүнөт.

2022-жылдагы рейтингге жалпысынан 193 өлкө катышкан. Анын ичинен 69 өлкө “эң жогору”, 49 өлкө “жогору”, 42 өлкө “орто” жана 33 өлкө “төмөн” өнүккөн өлкөлөрдүн тобуна кирген. Кыргызстан инсандык өнүгүү “жогору” деңгээлде деген топтогу 49 өлкөнүн ичинен 48-орунда турат. Топтун соңун Кыргызстандан кийин Белиз өлкөсү аяктайт. Ал эми географиялык жактан топтоштурулган категорияда Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймагындагы 17 өлкөнүн тизмесинде Тажикстандан алдындагы 16-сапта жайгашкан.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев өлкөнүн өнүгүшү жарандардын ар тараптуу өнүгүүсүнө тыгыз байланыштуу болорун айтат:

Искендер Шаршеев

“Эгерде өлкөдө ички дүң өндүрүмү киши башына 1000 доллардан ашпаса, анда бул адамдык капиталдын өнүгүүсү абдан жай деп эсептелинет. Эгерде экономикада ИДӨ киши башына 7000-10000 доллардан ашса, анда бул жерде адамдык капитал абдан жогорку деңгээлде өсөт деп айтылат. Жөнөкөй тил менен айтканда, эгерде адам байыса, анда жогорку деңгээдеги маданий дөөлөттөр аны кызыктара баштайт. Эгерде адам кедей жашаса, анда күнүмдүк тирилик менен алпурушат. Андай адамдарды жогорку маданий баалуулуктар, техникадагы жаңылыктар өтө аз кызыктырат. Ошондуктан экономикалык өнүгүү менен адамдык капиталдын өнүгүүсү бири-бирине аябай көз каранды”.

Саламаттык сактоо системасынын сапаты төмөн

Инсандык өнүгүү индексинин негизги критерийлеринин бири - калктын саламат жана узак жашоосу. Ага ылайык, 2022-жылы кыргызстандыктардын жашоо узактыгы орточо 70,5 жаш деп бааланган. Бул 2021-жылга караганда 0,5 жылга узарганын көрсөтөт. Бирок дале болсо пандемияга чейинки 2018-2019-жылдарга салыштырганда 0,2 жана 0,7 жылга кыскараак экенин көрөбүз.

Кыргызстанда саламаттык сактоо системасынын эки негизги институт башкарат. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөнүн саламаттык боюнча саясатын аныктаган негизги орган болсо, Милдеттүү медициналык камсыздоо фонду каржылоо жагын тескейт.

Негизги каржылоо жан башына карап камсыздандыруу жолу менен ишке ашырылат. Арийне, бул керектөөнүн 20% гана жабат, калганы мамлекеттик милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду аркылуу бюджеттен каржыланат.

2024-жылдын бюджетинде саламаттык сактоо тармагына 5,6 млрд сом каралган. Бул 2023-жылдагы суммадан 41% аз.

Саламаттык сактоо боюнча эксперт Айбар Султангазиев каржылоонун өтө аздыгын өлкөдөгү саламаттык сактоо системасынын артта калып жаткандыгынын негизги себеби дейт:

Айбар Султангазиев

“Чындыгында, саламаттык сактоо системасы өтө начар каржыланууда. Бизде эмгек акы фондунун 2% гана медициналык камсыздандырууга кетет. Башка өлкөлөрдө эң азы 5% жана бардыгы салык төлөшөт. Бизде төлөнбөгөн категориялар көп болгондуктан, каржы жетишсиз болуп келди. Ошондон улам бардык мекемелерде материалдык-техникалык база, жабдыктар жана дарыгерлердин курамы эскирип бүткөн. Илдети олуттуу көптөгөн бейтаптардын дарылануу үчүн чет элге чыгып кетип жатышканы ошого байланыштуу. Андыктан саламаттык сактоо системасынын натыйжалуулугу тууралуу айтыш өтө кыйын. Албетте, кароо, диагностикалоо сыяктуу эң алгачкы кызматтар көрсөтүлөт дечи. Бирок деңгээли абдан төмөн. Жеке клиникалар аз камтылган, алар медициналык камсыздандыруу системасына кирбейт. Аларда каражат жетишсиз. Ошондуктан ооруулар жана өлүмдүн көрсөткүчү боюнча биз бир кыйла жогору орунда турабыз”.

Жакырлардын кирешеси азайып, байлардын капчыгы калыңдоодо

Инсандык өнүгүүнүн индекси боюнча Кыргызстандын улуттук дүң кирешесинин жан башына бөлүнүшү 2021-жылга караганда 240 долларга өскөн. Бирок 2017-2018-жылдарга караганда тийиштүү түрдө 21 жана 199 долларга төмөн.

Баяндамада 2022-жылы 10% кыргызстандык бай катмар жалпы кирешенин 24% үлүшүнө ээ болгону, ал эми 40% эң жакыр калктын үлүшүнө 22,5% гана киреше туш келгени жазылган.

Экономика боюнча эксперт, Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров соңку жылдары жогору карай секирген инфляция өлкөдө кыйын социалдык-экономикалык кесепеттерди жаратып жатканына токтолду:

“Инфляция жогору. Бул чындыгында өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлин өстүрдү, башкача айтканда, мурдагы жылы жакыр жашаган калктын саны 25 пайыздан 33% чейин өсүп кетти. Жадагалса Таластагы митинг боюнча да көрүнүп турат, сүттүн баасы бир аз эле, 3-5 сомго түшүп кетти эле, калк муну дароо сезди. Анткени уй багуу чыгымын актабай, тамак-аш сатып алуу кыйын болуп калды. Ошондуктан инфляциянын алкагынан алганда, элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгү бир кыйла төмөндөп кетти. Муну менен катар дээрлик бардык нерсенин – курулуштун да, тамак-аштын да баасы кымбаттады. Андыктан өкмөттүн алдында калктын кирешесин өстүрүп жетишүү боюнча өтө чоң милдет турат”.

Абакиров айткандай эле, соңку жылдары Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли улам жогорулап барат. 2020-жылы анын көрсөткүчү 25,3% болсо, 2021-жылы дароо 33,3% жеткен. Ал эми 2022-жылы пайыздык көрсөткүчү 0,1% азайганы менен, иш жүзүндө жакыр катмарга кошулган кишинин саны 88,7 миңге көбөйгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, Кыргызстанда жакыр катмар менен бардар катмардын ортосундагы ажырым тынымсыз чоңоюп барат. Маселен, жалпы калкты тапкан акчалай кирешесине ылайык квинтилдик топторго бөлүп караганда, 2021-жылы эң аз камсыздалган 20% калк жалпы кирешенин 6,3%на ээлик кылган болсо, 2022-жылы анын көлөмү 5,3% болуп калган. Ал эми эң байманалуу 20% калктын кирешеси 2021-жылы 43,9% болсо, 2022-жылы 45% чейин өскөн.

2023-жылдын сентябрь айында Бишкекте өткөн “Жакырчылык жана теңсиздик” деп аталган форумда социалдык коргоо боюнча эксперт Назгүл Ташпаева Кыргызстандын социалдык саясаты адилетсиз экенин, аны аз камсыздалгандар үчүн жеткиликтүү кылып оңдоо зарылдыгын айткан:

“Экономикалык өнүгүү калктын жакыр катмарынын өзгөрүү динамикасы менен абалына анча таасир этпейт. Эң жаманы, анын кесепети жакыр үй-бүлөдө жашаган балдарга абдан таамай жана катуу тиет. Эл аралык миграция уюмунун маалыматына ылайык, жакыр үй-бүлөдө жашаган балдарды жөлөк пул менен камсыздоонун деңгээли өтө төмөн. “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулу менен камсыздалган балдар 16,9% түзөт. Тилекке каршы, бизде мындай жөлөк пулга жетүү мүмкүнчүлүгү абдан чектелген – тариздөө жол-жобосу татаал, башка тоскоолдуктар да бар, балалуу жакыр үй-бүлөлөрдүн баары эле жөлөк пулга жете албайт. Экономикалык өсүү жакыр үй-бүлөлөрдүн абалын жакшыртпайт. Экономикалык өнүгүү 4-5-квинтилдик топтогу адамдарга (колунда барларга) гана таасир этет”.

Баяндаманын авторлору өлкөлөрдү коомдук жыргалчылыктын жаңы глобалдык муунун түзүүгө чакырган жана бул боюнча Кыргызстанга төрт сунуш берген:

  • Глобалдык тоо көйгөйлөрүн чечүүнүн демилгечиси катары тоолуу өлкөлөрдүн күч-аракетин аярлуу тоо экосистемаларын коргоого бириктириши кажет;
  • Дүйнөдөгү коомдук санарип мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу үчүн Кыргызстан өз калкын санарип мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга даярдашы зарыл. Бул баарынан мурда санарип сабаттуулук менен көндүмдөрдү өнүктүрүүнү талап кылат.
  • Эл аралык кызматташуунун жаңы инструменттерин жеке секторду тартууга багыттап, алардын ресурстарын биргелешкен каржылоого иштетиши кажет;
  • Өлкөдөгү саясий уюлдашуунун деңгээлин төмөндөтүү үчүн чечим кабыл алуу процессине жарандардын катышуусун жакшырткан башкаруунун жаңы ыкмаларын жайылтуу сунушталат. Бул үчүн диалог, коомдук угуулар, онлайн-консультациялар өңдүү коомдук механизмдерди өнүктүрүү, жарандык коом менен бейөкмөт түзүмдөр үчүн аянтчаларды кеңейтүү, өкмөттүн ишмердиги боюнча маалыматтын жеткиликтүү жана ачык-айкындыгын жакшыртуу, ошондой эле жаштар менен аялдарды саясий процесстерге активдүү катыштыруу зарылдыгы белгиленген.