Кара-Сууда беш жашар кызды зордуктоого шек саналып 31 жаштагы адам кармалды

Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы акция. Бишкек. 8-март, 2024-жыл.

Ош облусунун Кара-Суу районунда беш жашар кызды зордуктаган деген шек менен 31 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүгө каршы кыздын атасы арыз жазган. Кармалган адам милиция бөлүмүнө алынып келип, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган. Мунун ичинен 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220ы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган. (DSh)

Дагы караңыз

Грузияда «чет элдик агент» мыйзамы талкууланып жатканда мушташ чыкты Акжол Махмудов Азия чемпионатынын күмүш медалын алдыТрампты каржы алдамчылыгына айыптоо иши боюнча сот отуруму өтөт15-апрель: Бишкек Тегеран менен Тель-Авивди тынчтыкка чакырды, вице-мэр Сазыкулов камалдыПрезидент Илимдер академиясына реформа керек экенин айттыМакрон Олимпиада ачылышы башка жерде өтүшү ыктымал экенин айттыМектеп директорлугуна талапкерлердин 147си тесттен өттүБарак эксклавынан көчүп чыккандарга мамлекет турак жай салып беретКыргызстанда мыйзамсыз жүргөн ондогон чет элдик жаран депортацияланат