Депутат Зулушев Ташиевди каралоо аракети болуп жатканын айтты

Камчыбек Ташиев жана Курманкул Зулушев. Архив.

Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди каралоо аракети жүрүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал парламенттин 12-февралдагы жыйынында спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кызматтан кеткени жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин айтты.

“Президенттин да, Камчыбек Кыдыршаевичтин да жөндөмүн, аракетин, пейилин, мамлекетчил экенин жакшы билебиз. Камчыбек Кыдыршаевич өзүн, үй-бүлөсүн, өмүрүн тобокелдикке салып мамлекет үчүн иш кылды. Бирок азыр мамлекеттик кызматкерлер, саясатчылар убакыттан пайдаланып ал кишиге жаман сөз айтуудан өйдө болушубуз керек”, – деди Зулушев.

Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин 12-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан кетти. Ал мындай чечимди акыркы саясий окуялар менен байланыштырып, арызды өз эрки менен жазганын айтты.

10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарларын да жумуштан алып, ордуна жаңыларын дайындады.

Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими өтө күтүүсүз болгонун билдирди. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский 24-февралда шайлоо өткөрүү планы жок экенин билдирдиМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болору айтылуудаЖогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кеттиЖапаров президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу Конституциялык сотко кайрылды75 кишинин кайрылуусу: Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалдыМинистр Кулубаев Евробиримдиктин Кыргызстанга санкция салуусуна негиз жок экенин айттыБишкекте коргоо ордерине карабай аялына зомбулук көрсөтүүгө шектелип бир жаран кармалдыУКМК улуттук коопсуздук органдарынын ишин каралоо аракети болуп жатканын билдирди