Жогорку Кеңеш: Марлен Маматалиев кантип спикер болду?

Марлен Маматалиев

Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Жаңы спикердин тушунда кыргыз парламенти өз вазыйпасын кандай аткара алат? 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу өз эрки менен кызматтан кетти.

Жалгыз талапкер

Жогорку Кеңеште 2018-жылдан берки чакырылыштарында улам бир партиядан депутат болуп шайланып келе жаткан Марлен Маматалиев көптөгөн мыйзам долбоорлорунун демилгечиси, айрымдарына автор болду.

12-февраль күнү мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулу кызматынан кеткенден кийин анын ордуна депутаттык топтор жалгыз Марлен Маматалиевдин талапкерлигин көрсөтүштү.

Ага чейин айрым басылмалар, маалымат каражаттары төрагалыкка Маматалиев келерин Ынтымак Ордодогу ишенимдүү булактарына таянып, жазып жатышкан. Марлен Маматалиев өзү буларды четке кагып, президенттен сунуш болдубу деген суроолорго чекит койгон:

"Депутаттык топтор жыйындарында мени сунушташыптыр. Сүйлөшүүлөр (президент менен - ред.) болгон жок, мени эч ким сунуштаган жок. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, төрага кызматтан кетерин чукул жарыялады. Менин өзүмдө деле төрага болуу оюм жок эле", - деген Маматалиев.

Бирок акыры бардык фракциялардын ою бир жерден чыгып, жалгыз Марлен Маматалиевдин талапкерлиги сунуш кылынды. Жашыруун добуш берүү менен дээрлик бир добуштан, 77 депутаттын макулдугу менен шайланды. Бешөө каршы добуш берди.

Депутат Дастан Бекешев төрагалыкка талапкер тандоодо президент менен иштей турган депутат тандаларын кыйытты:

Дастан Бекешев

"Неге жалгыз талапкер болду? Өзүңүз көргөндөй, бир эле талапкер. Атаандаш талапкер чыккан жок. Ачык эле айтайын, спикерлик кызмат - саясий кызмат, президент менен иштеш керек. Ошондуктан талапкерди сөзсүз президент менен иштей турган депутаттардын арасынан тандашат. Конституцияда "депутаттар шайлайт" деп жазылып турат, бирок иш жүзүндө башкачараак".

44 жаштагы Марлен Маматалиев алгачкы кесиби боюнча автоматташтыруу адиси, ал Бишкектеги Кыргыз техникалык университетин аяктаган. Кийин Экономикалык университетте экономика жана Улуттук университетте юридикалык багытта билим алган. Ал ортодо Сингапурда жана Орусияда билим деңгээлин жогорулаткан.

Эң алгач Маматалиев саясий чөйрөдө бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган Абдырахман Маматалиевдин уулу катары белгилүү. Атасы 1990-жылдардан алгач Баткен районунун акими, транспорт министринин орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, кийин вице-премьер-министр болуп эмгектенген.

Марлен Маматалиев эмгек жолун 22 жашында Соцфонддон баштаган. Көп өтпөй мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаров каржы министри болуп турган кезде анын жардамчысы болгон. Министрдин кеңешчисине чейин көтөрүлүп, кадрдык-уюштуруу иштерин башкарган жетекчилик кызматта иштеген. 2010-жылдагы Апрель ыңкылабына чейин Акылбек Жапаров биринчи вице-премьер-министрликти аркалаганда анын жардамчысы болуп эмгектенген.

Ачык саясатка 2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң өткөн парламенттик шайлоодо аралашууга аракет кылган. Анда Маматалиев "Ар-Намыс" партиясынын аппаратын жетектеген. Бул шайлоодо дал ушул партиянын тизмеси менен атасы Абдырахман Маматалиев жана жетекчиси Акылбек Жапаров депутаттыкка шайланган эле.

Кийин Экономика министрлигинде жана өкмөттүн аппаратында иштеп, 2015-жылдагы шайлоодо "Республика Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен катышкан. Бирок депутаттык мандат ага 2018-жылы гана тийген.

"Мекеним Кыргызстандын" тизмеси

2020-жылкы чуулгандуу парламенттик шайлоого мурдагы бажычы, кийин коррупциялык схемаларды түзгөнүн мойнуна алып соттолгон Райымбек Матраимов негиздеген “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан.

Маматалиев спикерликке шайланган учурда дал ушул жагдайга көңүл бургандар чыкты. Социалдык тармактарда анын "Мекеним Кыргызстандагы" талапкер болгон учурдагы сүрөтүн бөлүшүп жатышат. Анын үстүнө 2020-жылдагы бийлик алмашкан кезде азыркы президент Садыр Жапаров аталган партияга "жалаң коррупционерлер жыйылып алышкан" деп айткан жайы бар.

Марлен Маматалиев болсо буга чейин маектеринде 2020-жылы башка партиялар талапкерлер тизмесинде акыркы орундарды сунуштаганын, ал эми "Мекеним Кыргызстан" менен шайланып келип өз планын ишке ашырууну көздөгөнүн билдирген:

"Башка партиялар алдыңкы орунга келиш үчүн 500 миң, 1 миллион долларга чейин сурашкан. Менде андай акча болгон эмес. Анан ишмердикти улантып, саясатка баруунун ар кандай жолдору болду. Бул партияга кошулганда кандай кесепети болот, коомчулукта кандай нааразылык болорун абдан жакшы түшүнүп тургам. Бирок ички туюмумда, парламентке келсем ал жерде өзүмдүн ишим менен көрсөтөрүмдү сезип жаткам. Ошол эле бажы инфраструктурасын автоматташтыруу жаатында иш алып барууну көздөгөм".

Марлен Маматалиев кийинчерээк парламентте Шайлоо кодекси өзгөртүлүп жаткан учурда үгүтчүлөрдүн санын чектөөнү сунуштап, "Мекеним Кыргызстан" партиясы 2020-жылкы шайлоодо 12 миң үгүтчүгө айлык катары 25 миң сомго чейин төлөп бергенин ачыктаган жана муну "параны мыйзамдаштыруу" деп атаган.

Ал шайлоо акыры жыйынтыгы жокко чыгарылып, кийинки жылы жаңысы өткөн.

Дагы караңыз Теледебат: бийликчил партия, акимдер, добуш сатып алуу

2020-жылкы бийлик алмашуусуна алып келген Октябрь окуясынан соң "Мекеним Кыргызстанга" кошулгандардын айрымдары саясий майдандан четтегени менен Маматалиевдин "ташы өйдө кулады". Ал 2021-жылдагы шайлоодо “Ынтымак” партиясын жетектеп, депутаттык мандатка ээ болгон. Бул фракцияны жетектеп, парламенттеги эң көп мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутаттардын сап башына чыккан.

Марлен Маматалиев азыркы шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнүн негизги авторлорунун бири болду.

Былтыр 30-ноябрда өткөн мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен түзүлгөн азыркы VIII чакырылышка Бишкектеги №23 көп мандаттуу округдан шайланып келген. Ал добуштардын 17,00% ээ болгонун Боршайком расмий жарыялаган.

"Спикер президент менен тең турушу керек"

2025-жылдагы шайлоодон соң Марлен Маматалиев мурдагыдай фракция жетектебей, катардагы депутат катары иштеп жаткан. Бирок эки ай өтпөй саясий кырдаал аны парламенттин төрагалыгына алып келди.

Буга анын соңку күндөрдө бийликтин айдоочулук күбөлүк боюнча реформасы айрым депутаттардын сынына кабылган учурда президент тарапта болгону, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын депутаттардан оолак болгону аныктоочу фактор болуп бергенин бир катар булактар белгилешти.

Марлен Маматалиевдин спикерлиги тушунда парламент кандай иштейт деген суроо учурда коомчулуктун бүйүрүн кызытып турат.

Дагы караңыз Шакиевдин гимнди өзгөртүү сунушу, коомчулуктун чуусу


Айрымдары орун алмаштыргандан сумма өзгөрбөйт деген пикирин айтышса, кээ бирлери дымагы күчтүү жаш спикер президенттин сөзүн таба билип, парламенттин ишмердүүлүгүн өнүктүрөт деп ишенич артууда.

Спикерлик кызматтан кеткен Нурланбек Тургунбек уулунун тушунда мурунку чакырылыштагы парламент бийликке каяша кыла албаган, ар бир ишарасын ишке ашырып отурган депутаттар тобу катары сыпатталып келген. Мындай пикир ээлери буга өлкө туусунун алмаштырылышы, андан кийин гимнди алмаштыруу сыяктуу демилгелерин мисал келтирип, сөз эркиндигине доо кетип, журналисттер, блогерлер куугунтукталып жаткан кезде кийлигишпегенин сындап келишкен.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев акыркы чакырылыштардагы парламентке нааразылык күч болушун депутаттардын деңгээли менен байланыштырып, жаңы шайланган спикерге да элдин ишеничи жоктугун белгиледи:

Бекболот Арзибаев

"Өзүңүздөр жакшы билесиздер, азыркы жана мурунку парламенттеги депутаттарга эл "кнопка баскыч" деп ат койгон. Чынында 90 пайызы ошондой - кнопка баскыч. Он пайыздайы гана өзүнүн ою, пикири, сунушу бар депутаттар. Бирок спикерликке ошол он пайыздагы депутаттардан көрсөтүлбөдү. Күчтүү парламент экенин көрсөтө албайт, анткени көз каранды депутаттар өтө арбын. Эл булардан "адилеттүү ой-пикириңерди айткыла, бийликке жакшы сунуштарыңарды бергиле" деп талап кылып келет. Тилекке каршы, ошол талаптарды парламенттеги көпчүлүк айта албай жатат. Барган сайын Жогорку Кеңеш алсыз болуп баратат. Ошондуктан Маматалиевдин жетектөөсүндөгү парламент деле мурдагысынан айырмасы болбойт. Марлен мырзанын андай амбициясын деле көрө албадым. Бир сызыктан чыкпаган мурунку төрагалар кандай болсо, ошондой эле болот деп ойлойм".

Ошол эле учурда мурунку спикерге караганда жаш, билимдүү деп саналган Марлен Маматалиевдин изденгенин жана иш билгилигин белгилеп, ага үмүт арткан пикирлер да жок эмес.

Маматалиев менен акыркы эки чакырылышта кесиптеш болуп иштеген мурдагы депутат Исхак Масалиев жаңы спикердин мыйзам чыгаруу ишмердигине көңүл бурду:

Исхак Масалиев

"Кыргызстандын парламентаризминде эки эле депутат мыйзамдарды көп жазды. Алардын бири Өмүрбек Текебаев болчу, ал өлкөбүз жаңы эгемендикке ээ болуп, мамлекет болуп түптөлө баштаганда көптөгөн мыйзамдарды жазып, аябай чоң салым кошкон. Андан кийин - Марлен. Марлен дагы акыркы чакырылыштардагы бир катар депутаттардан көп изденгени, көп иштегени менен айырмаланып турчу. Ар кандай саясий топторго аралашпаган, өзүнүн ой-пикири бар, ошол эле учурда кандайдыр бир чыр же талаш-тартыш маселелерди тынч чечүүгө, жараштырууга, тил табыштырууга аракет кылган жигит. Менимче, спикерликке даяр кадр. Кечээ спикер шайлоодо айрымдары "президенттин сөзүн парламент угушу керек" деп атышат, бул таптакыр туура эмес. Парламенттин төрагасы президент менен тең турушу керек. Ал эми кызматташуу, бир багытта кетүү - бул башка кеп, буга барышы керек. Анча-мынча кемчилик болсо президентте болобу, аткаруу бийлигинде болобу, депутаттар айтып, эскертип турушу керек. Эгер унчукпас болсо, баягынын даакысы болуп калат".

Ошентсе да коомчулукта азыркы Жогорку Кеңеш президентке лоялдуу, ал эми аткаруу бийлиги менен сунуш жана сын форматында мамиле кылган, бирок толук көз карандысыз парламент боло албайт деген пикирлер басымдуу.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламенттеги чукул жүрүш: Экс-спикер эмнеден жазды?