Шабданбеков УКМКнын кармалган кызматкерлеринин аракетине тергөө баа берерин айтты

Жумгалбек Шабданбеков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жаңы төрагасы Жумгалбек Шабданбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып УКМКнын мурдагы кызматкерлеринин кармалышы тууралуу комментарий берди.

Ал “кылмыш ишин Аскер прокуратурасы козгогонун, күнөөсү бар-жогун тергөө аныктай турганын” айтты.

Бул маселеге байланыштуу УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору Алишер Эрбаев да суроолорго жооп берди.

“Алардын ичинде (ред: кармалгандардын) биздин да кызматкерлер бар. Аны жокко чыгарбайбыз. Кандай кылмыш иши, тергөө амалдары кандай жүрүп жатканы тууралуу маалымат бере албайм. Себеби тергөөнүн купуя сыры бар. Бул боюнча Аскер прокуратурасы маалымат бериши керек”, - деди ал.

18-февралда Жогорку Кеңеш УКМКнын төрагалыгына Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлигин жактырды.

56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында төрөлгөн. 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган. Эмгек жолун Талас облустук салык кызматында инспектор, улук инспектор болуп баштап, 1994-жылдан тартып коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда иштеген. 2020-жылдын октябрынан баштап УКМК төрагасынын орун басары жана 9-кызматтын (ред: Мамлекеттик күзөт) башчысы болуп эмгектенип келаткан. 2022-жылы генерал-майор аскердик наамын алган.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынып, алардын ордуна жаңылары дайындалды.

Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасы болуп дайындалды. Рустам Мамасадыков УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору, Акылбек Намазов атайын кызматтын жетекчисинин орун басары болуп бекитилди.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков камалып, Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылды. УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Салмоорбек Жумабеков кызматынан алынды.

Элдар Жакыпбековдун жакын адамы деп айтылып жаткан Сыдык Дүйшөмбиев 15-апрелге чейин камакка алынды. Ага да “Коррупция” беренеси менен кине коюлду. (BTo/DSh)

Дагы караңыз

Жогорку Кеңеште жаңы келген төрт депутат ант бердиЖапаров менен Токаев эки өлкөдөгү саясий реформаларды талкуулаштыДепутат Көкүлов айрым вице-спикерлердин кызмат ордун карап чыгуу керектигин айттыЖогорку Кеңеш депутаттарга планшет сатып алатКонституциялык сот президенттик шайлоо 2027-жылы өтөрүн билдирдиЭрмек Өмүралиев Кыргызстандын Италиядагы элчиси болуп дайындалдыАлматы соту "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысына сурамжылоо үчүн айып пул салдыВебкам иши: Даниел Ажиев президенттин ырайымы менен абактан чыктыКамчыбек Ташиевдин тарапташы Нургазы Анаркулов кармалганы кабарландыЖакыпбековдун жакын адамы экени айтылган Дүйшөмбиев эки айга камалды