11-мартта Дубай эл аралык аэропортуна коюлган дрон чабуулунун натыйжасында жаракат алгандардын арасында Гананын, Бангладештин жана Индиянын жарандары бар.
Dubai International Airport миңдеген каттамдарды тейлеген аймактык хаб болуп саналат. Былтыр бул аэропорт аркылуу дээрлик 100 миллион жүргүнчү өткөн. Ал жактан Бишкекке да рейстер бар.
Cоциалдык тармактарга жарыяланган видеодон алынган бул кадрда Дубай эл аралык аэропортунун аймагынан түтүн чыгып жатканы көрүнөт. 7-мартта тартылган сүрөт.
Перс булуңундагы дүйнөлүк мунай жана газ ташуунун маанилүү деңиз жолу катары саналган Ормуз кысыгында үч кеме жабыркады. Бул кысык аркылуу дүйнөдөгү мунай жана газдын болжол менен бештен бири ташылат.
Окуялар Иран Жакынкы Чыгыштагы аймактарга абадан сокку урууну улантып жаткан учурда болду.
Британиянын деңиз соодасын көзөмөлдөө операциялары борбору 11-мартта билдиргендей, Тайланд, Жапония жана Маршалл аралдарынын желеги алдында жүргөн соода кемелери белгисиз снаряддар менен бутага алынган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Дубайда аэропорттун жанына эки дрон кулады
Кол салуулардан кийин кемелердин экипаж мүчөлөрүнүн арасында каза болгондор катталган жок.
Бирок уюм Ормуз аркылуу өткөн кемелерге «өтө этияттык менен жүрүүнү жана шектүү аракеттер тууралуу дароо кабарлоону» сунуштады. Окуялар боюнча иликтөө уланып жатканы айтылды.
Аймактагы деңиз ташууларынын үзгүлтүккө учурашы дүйнөлүк энергетикалык базарга таасир этти.
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Жакынкы Чыгыштагы согуш улана берсе, бул дүйнөлүк экономика үчүн олуттуу коркунучтарды жаратарын эскертти.
Анын айтымында, Жакынкы Чыгыштагы согуш аймакка толугу менен жайылбай токтотулушу керек. Болбосо бул дүйнөлүк экономика үчүн чыгымдардын көбөйүшүнө алып келет.
«Эгер бул маанисиз, мыйзамсыз жана тартипсиз согуш уланса, көп адам өлөт, жоготуулар дагы көбөйөт, материалдык чыгымдар өсөт, ал эми дүйнөлүк экономикага келтирилген зыян андан ары күчөйт», — деди Эрдоган.
Ал ошондой эле Түркия жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү аракеттерин улантып жатканын белгиледи.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушу жүрүп жаткан маалда НАТОнун абадан коргонуу системалары Түркиянын аба мейкиндигинде эки жолу баллистикалык ракеталарды атып түшүргөн.
АКШ Ирандын мина коюучу кемелерин жок кылганын билдирди
Ал арада АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ормуз кысыгына жакын жерде Ирандын мина тосмолорун коюучу 16 кемесин жок кылганын билдирди. Буга чейин айрым маалымат каражаттары Американын чалгын маалыматтарына таянуу менен Иран Ормуз кысыгында мина кое баштаганын кабарлаган. Американын президенти Дональд Трамп "миналар тез арада алынбаса, анын кесепети Иран үчүн оор болорун" эскерткен.
"Өткөн бейшемби күнү биз Иранга таандык дрон ташыган кемеге сокку уруп, аны чөктүрдүк. АКШнын Борбордук командачылыгы азыр да миналарды жайгаштырган кемелерди жана миналар сакталган жайларды издеп таап, аларга сокку урууну улантып жатат. Бул иштер мындан ары да уланат",- деди Американын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын төрагасы Дэн Кейн.
Аймактагы деңиз ташууларынын үзгүлтүккө учурашы дүйнөлүк энергетикалык рынокко таасир этти.
Дагы караңыз
Жакынкы Чыгыш: Ирандагы согуш жакында аяктайбы?Иран АКШ жана Израилдин банктарын бутага аларын эскертти
11-мартта Иран өз аскерлери АКШ жана Израилге тиешелүү экономикалык борборлорду жана банктарды бутага аларын билдирди. Тегеран мындай чечим Ирандагы банкка жасалган чабуулга жооп катары кабыл алынганын айтты.
Иран армиясынын биргелешкен ыкчам командачылыгы бул кол салууну «мыйзамсыз жана адаттан тыш согуш аракеттери» деп атады.
Билдирүүдө АКШ же Израил банктары жайгашкан өлкөлөрдөгү адамдарга алардан кеминде бир чакырым алыстыкта болуу сунушталган.
Ирандагы ири мамлекеттик Сепах банкы Тегерандагы филиалдарынын бири эртең менен ракета менен аткыланган.
Ирандын мамлекеттик IRINN телеканалы маалымдагандай, банк кызматкерлери март айындагы айлык төлөмдөрдү даярдоо үчүн кошумча нөөмөттө иштеп жатышкан. Маалыматта чабуулда көп сандагы адамдар каза болгону айтылды.
Бул окуяга байланыштуу АКШ же Израил дароо комментарий берген жок.
Кийин 11-мартта Израилдин армиясы Иран аймагындагы «террордук режимдин инфраструктурасын бутага алган кеңири масштабдагы жаңы соккуларды» баштаганын жарыялады.
Ошондой эле Израил армиясы бир эле учурда "Хезболла" уюмунун Бейрут шаарындагы инфраструктурасына да сокку урулуп жатканын билдирди.
"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.