Аба ырайы: күн ачык болот

28-мартка чейинки күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык чектелиши зарыл.

26-мартта Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Чүй облусунун айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндуз 19…24;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндуз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндуз 10…15;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 21…23° жылуу болот.

Дагы караңыз

Өзбекстанда сел жана суу ташкыны тууралуу эскертүүлөр мечиттерден айтылат Бишкекте жылуулук берүү токтоду, ысык суу 1-апрелде өчүрүлөтОшто үйү сүрдүрүлгөн тургундар мэриядан кенемте талап кылуудаМунай, газ ташыган жүздөгөн кеме токтоп турат. Ормуз кысыгы эмне үчүн маанилүү?Рубио АКШ тынчтык планы боюнча Ирандан “олуттуу сунуш” күтүп жатканын айттыОшто эски мүрзөнүн ордун жашыл аймакка айландыруу аракети башталды