Томми Молл: Абдыкеримовдун айткандары текшериле баштады

“Аю холдингинин” негиздөөчүсү, соңку күндөрү социалдык тармактардан билдирүүлөрдү жазган Шаршенбек Абдыкеримов бул ирет “Аю гранд” жана Томми Молл соода борборлору тууралуу сөз кылды. Соода борбор УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарына өтүп кеткенин жазды.

Ташиевдин уулу бул маалыматты төгүндөп, мамлекетке алынган мүлктөрдүн бирин да өздөрүнө каттабаганын айтып чыкты. Президенттин администрациясы ишкердин билдирүүлөрүнөн кабардар экенин, териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

Томми Молл соода борбору 2021-жылы апрелде Бишкектин Асанбай кичи районунда ачылган. Үч кабаттуу жана жер төлөсү менен болгон имараттын экинчи кабаты, тагыраагы, 1257,5 чарчы метрлик аянты 335,7 млн сомго бааланып, мэрияга өткөрүлгөн. УКМК имарат жайгашкан жарым гектар жер 2005-жылы 49 жылга көп кабаттуу турак үй куруу үчүн берилгенин билдирген. 2024-жылы имараттын бир бөлүгү мэрияга өткөн.

Томми Моллго Ташиевдердин тиешеси барбы?

Томми молл соода борборунун тегерегиндеги талкуу Лондонго чыгып кеткен ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун социалдык тармактагы билдирүүсүнөн кийин күчөдү. Ишкер кызынын атын ыйгарган мүлкү - Томми Молл борбору Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарына өтүп кеткенин жазып, аны текшерүүнү бийликтен суранган.

“Мендеги маалыматтар боюнча аталган объект өтө төмөндөтүлгөн баада – болжол менен үч же төрт бөлмөлүү батирдин баасындай бааланып, кийинчерээк Камчыбек Ташиевдин жубайынын айланасындагы аффилирленген адамдарга өтүп кеткен. Ушуга байланыштуу сизден баяндалган жагдайларды ар тараптуу, объективдүү жана ачык-айкын текшерүүнү тийиштүү мамлекеттик органдарга тапшырууңузду, андан соң аларга укуктук баа берилишин суранам”.

Ал дагы бир соода борбору - "АЮ Гранд" Социалдык фондго өтүп, кирешеси улгайган адамдарга түшүп жатканы туура чечим болгонун айтып, бул боюнча нааразылыгы жоктугун тактаган.

Абдыкеримовдун кайрылуусу боюнча УКМКнын мурдагы төрагасынын уулу Тай-Мурас Ташиев Фейсбук аркылуу жооп берип, ишкердин айткандарын четке какты.

“Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект, ал эмес бир топчу дагы биздин үй-бүлөгө өткөн эмес! Муну Абдыкеримов жана башка бардык ошол сыяктуу мүлкү мамлекетке кайтарылган ишкерлер, адамдар, коомчулук баары так билиши керек. Эгер шек саноолор же ишенбөөчүлүктөр болсо, тийиштүү комиссия түзүп, бардык кайтарылган мүлктөр боюнча дыкат текшерип чыгышса болот. Андай текшерүү - бүгүн абдан караланып, куру дооматтар айтылып жаткан биздин үй-бүлөбүз үчүн да чоң мааниге ээ. Ошондо, мамлекетке кайсыл мүлктөр өткөн, канча баага кайра кимдерге сатылган же кимдерге өткөнүн элибиз да так билмек”.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Лондондон кат. Абдыкеримов эмнени айткысы келет?

Абдыкеримов Ташиевдин сөзүнө жооп катары өз билдирүүсүндө фактыларды келтиргенин жазды.

Президенттик администрациянын жообу

Ал тапта ишкердин айткандары териштирилип жатканы белгилүү болду. Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Абдыкеримовдун билдирүүлөрү кылдат текшерилип жатканын 30-мартта "Азаттыкка" буларды айтты:

“Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Facebook социалдык тармагындагы ачык кайрылуусу тууралуу президенттин администрациясы кабардар. Азыркы учурда кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө”.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы “Аю” компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Президент ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин айткан.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ошол кезде ишкана өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүлгөнүн айткан. Андан бери УКМК “Аюнун” бир нече мүлкү өкмөткө кайтарылганын кабарлап келди.

Томми Моллду "Шерой" сатып алганбы?

Ошентип социалдык тармактарда борборду атайын кызматтын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындары тартып алганы тууралуу маалыматтар тарагандан кийин "Шерой" компаниясы Томми Моллду толук сатып алганын айтып чыкты. Компаниянын юристи Томми Моллду эки бөлүк менен сатып алышканын, жалпы наркы 1 миллиард 200 миллион сом болгонун "Азаттыкка" ырастады.

“Алгач 10% сатып алдык. Кийин 90% боюнча аукционго катышып, 1 миллиард 16 миллион сом сунуштап утуп алдык. Сумма чоң болгону үчүн бөлүп төлөөгө уруксат экен. Бул жерде биз баарын төгүп бүткөндөн кийин Мамлекеттик мүлк агенттиги бизге алуу-сатуу актысын берип жатат”.

"Шерой" өздөрүнүн Ташиевдерге тиешеси жок экенин билдирип жатат.

Былтыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик Томми Моллду 1 миллиард сомдон ашык акчага баалап, аукционго чыгарган. Агенттиктин басма сөз кызматы учурда соода борбору боюнча укук коргоо органдары териштирип жатканын белгилеп, андан башка маалымат берген жок.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Томми моллдун” талашы: Абдыкеримовдун айыптоосу, “Шеройдун” билдирүүсү

Шакинин кайрылуусунун таржымалы

Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов Фейсбуктагы баракчасына акыркы 10 күндөн бери ачык билдирүүлөрдү жарыялап жатат. Буга чейин коомчулукка дээрлик жабык болгон, бир канча жылдан бери сыртта жүргөн жана Лондондо экени эми белгилүү болгон, эл арасында "Шаки" деген ат менен таанылган ишкер анда өзүнүн башынан өткөргөн негизги саясий окуяларды, бизнесинен кантип кол жууганын тизмектеп келет. Анын билдирүүлөрү УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийинки учурда болууда. Ал негизинен бизнесинен кол жууганы үчүн Ташиевди жана атайын кызматтын Бишкек башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, учурда камакта отурган Элдар Жакыпбековду айыптаган. Шаршенбек Абдыкеримов негизинен 20 жылдан ашык убакта тургузган “АЮ холдингинин” урашына Ташиевди күнөөлөп жатат.

Дагы караңыз "Шакинин аткан таңы, баткан күнү". Олигарх ыймандай сырын ачтыбы?

Атайын кызмат 2025-жылы “Аю Холдинг” ишканасынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовго таандык 10 миллиард сомдон ашык бир катар ири соода-оюн-зоок борборлору жана өнөр жай объектилери мамлекетке алынганын кабарлаган. УКМК “Аю” узак убакыт бою салыктарды, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качып, мүлкүнүн бир бөлүгүн аффилирленген жактарга каттатып, мыйзамсыз кирешелерди адалдоо үчүн мамлекеттик органдарга жасалма финансылык отчетторду тапшырып турганы аныкталганын билдирген.

Ага чейин ишкананын директору баш болгон беш кызматкери жазага тартылган жана Абдыкеримовго издөө жарыяланган.

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана парламенттин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна жолдогон кайрылуусунан кийин 10-февралда кызматынан алынган. Ошондон бери ал кызматтан алынышын жана соңку саясий кырдаал боюнча кеңири комментарий бере элек. 20-мартта айт намаздан кийин журналисттердин суроосуна жооп берген Ташиев өз дарегине айтылган айыптоолорду "каралоо" деп атаган.

Ташиев кызматтан алынгандан кийин бир топ ишкерлер УКМКнын аракеттерине карата арызданып чыкты. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элдар Абакиров соңку учурда бийликке кайрылган ишкерлердин маселесин көңүл сыртында калтырбай, кылдат текшерүүнү сунуштады.

“Азыр көптөгөн ишкерлер Кыргызстанга инвестиция кылуунун кереги барбы же жокпу деп ойлонуп калды. Күч органдарына келген башчылар он жылдап кылган бизнести тартып алабы деп жатышат. Бул өлкөдөгү инвестициялык климатка түздөн-түз таасир этип жатат. Буга чекит коюу үчүн президенттин жарлыгы менен ишенимдүү комиссия түзүлүп, кайрылган дооматтар боюнча өзүнүн тыянагын чыгарыш керек”.

УКМКнын соңку беш жылдагы ишин текшерүү зарыл деген пикирлер акыркы күндөрү көп айтыла баштады.