"Көзөмөл болбогонуна ким жооптуу?" Токторбаев суракка чакырылды, ишкерлер акчасын доолап чыкты

Ош шаарынын экс-мэри Жеңишбек Токторбаев (коллаж сүрөт).

Оштун экс-мэри Жеңишбек Токторбаевди чек арадан сыртка чыгарбоо тууралуу Чек ара кызматына көрсөтмө түшкөнүн айрым басылмалар жазды. Мунун алдында Токторбаев ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка чакырылган. Ал мэр болуп турган учурдагы мыйзамсыз иштерине байланыштуу суралганы кабарланды.

Ошту соңку бир жыл башкарган Токторбаев коопсуздук кызматынын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын досу экени айтылып жүрөт. Ташиев кызматтан кеткенден кийин ал да мэрликтен алынып, Ошту башкарып турган кездеги ишмердүүлүгүнө байланыштуу сын айтылууда.

Жеңишбек Токторбаев тууралуу маалыматты жергиликтүү басылмалар укук тартибин коргоо органдарындагы жеке булактарына таянып жазып жатышат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз катчысы Султанбек Макилов андай маалыматка эгедер эмес экендигин айтып, окуяны ырастай албашын билдирди:

“Мен андай маалымат боюнча эч кандай ырастай албайм”.

Мамлекеттик чек ара кызматы да маалымат жашыруун экенин жүйө кылып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Токторбаевдин өзү болсо суракка алуу жана кылмыш иши тууралуу маалыматтарга комментарий бере элек. Телефон чалса да жооп бербей турат.

Экс-мэр буга чейин 31-мартта жана 1-апрелде Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына эки жолу барып, сурак берип чыккан. Кайсы иш боюнча суракка алынганы кабарланган эмес.

Укук коргоо органдарынын Токторбаевге назар бурушу коомчулукта Ош шаарындагы каржылык мыйзам бузуулар тууралуу талкуу күчөп турган маалга туш келди. Маалыматтарга ылайык, анын тушунда Ош мэриясынын карызы 12 млрд сомго жеткен жана эки муниципалдык ишкана банктарга күрөөгө коюлуп, 2 млрд сом насыя алынган.

Жеңишбек Токторбаев өзү 9-мартта "Азаттыкка" курган маегинде 12 млрд сомдук карыз тууралуу маалыматты четке кагып, куру доомат деп атаган:

“Ош шаары боюнча 100 чакырымга чукул асфальт төшөдүк. Анын ичинен 70 чакырымын өзүбүздүн жергиликтүү бюджеттен каржыладык. Азыр коомчулукта айтып жатпайбы “12 млрд сом карыз болуп калды шаар” деп. Капиталдык курулуш башкармалыгы подрядчыларга 750 млн, Жол башкармалыгы 1 млрд 500 млн сом тегерегинде акча карызбыз. Жалпы карызды айта турган болсок, 2 млрд 300 млн сомдун тегерегинде”.

Өлкөнүн экинчи борбор калаасындагы курулуш тармагындагы көйгөйлөр Токторбаев кызматтан кеткенден кийин гана айтыла баштады.

Оштогу бир катар ишкерлер буга чейинки калаа бийлиги долбоорлорду эч кандай документсиз куруп баштаганынын айынан каражатын ала албай жатканына даттанып келишет.

Курулуш министрлиги мыйзам бузуулардын бардыгын экс-мэрдин өз билемдик ишмердигине шылтоодо.

Даттанган ишкерлер

Министр Нурдан Орунтаев 14-мартта Ош шаарында ишкерлер менен жолугушуу учурунда мэрия тиешелүү буйруктарды аткарбаганын, иштин баарын параллелдүү долбоорлоо менен кура бергенин ачыктаган.

Эми ишкерлерге төлөнүп берилүүчү каражат республикалык казынадан жана президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнөрү белгилүү болгон.

17-мартта Орунтаев мэриядан каражатын ала албай жатканын айткан ишкерлер менен жолугуп, өкмөт буга чейин курулушка кеткен чыгымдарды төлөп берерин убада кылган. Ал мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев калаадагы 30дан ашык долбоорду ишке ашырууда мыйзамды сактабаганын айткан.

Ишкер Мирлан Аматбеков курулуш учурунда белгиленген долбоордон сырт кошумча жасалган жумуштардын каражатын төлөп берүү талабын койгон:

Мирлан Аматбеков

“Биз буга чейин да суранып айткан элек. Долбоорлоо сметасында баа башка чыккан. Бирок иш жүзүндө биз андан да ашыкча жумуш кылып бергенбиз. Ал иштерибиз кабыл алууга кирген эмес. Эртең текшерүү келгенде бюрократия болуп, ишкерлер кыйналып калбайбы?”

Дагы бир ишкер Сыргак Талантбек уулу толук бүткөрүлгөн жумуштары үчүн которулган каражатты банктан чечип алууда көйгөйлөр жараларын эскерткен:

Сыргак Талантбек уулу

“БСК (келишимдин банктык коштоосу) боюнча бизде да маселе болуп жатат. Буга чейин объектти тапшырып бүтүргөнбүз. Ал үчүн чоң ишканалардан, банктардан кредит алып бүтүрдүк. Бизге БСК менен акча которулса, анда аны багытсыз ала албайсың. Бул маселени кантип чечебиз, аларга каражатты кантип которуп беребиз? Азыркы шартка байланыштуу БСКдан чыгаруу же башка жолдору барбы?”.

"Көзөмөлдөбөгөнү үчүн ким жооп берет?"

Жарандардын менчик укугун коргогон юрист Гүлгаакы Мамасалиева Ош шаарында көптөгөн объектилер башталып, бирок аягына чыкпай калганын, алар боюнча эсеп-кысабы ачыкталышы керектигин айтууда.

Ал Башмыйзам менен корголгон кол тийгис менчик укуктарына кол салынган жарандарга жооп берилиши зарылдыгын эске салды. Үйлөрдү олуттуу негизи жок бузган, көптөрүн компенсациясыз калтырган, жаңы үйлөргө мыйзамсыз киргизген иш-аракеттери үчүн жооп бериши керектигин эскерткен укук коргоочу экс-мэрдин айланасындагы соңку окуялардын саясий өңүтү бар деген пикирде:

Гүлгакы Мамасалиева

“Азыр эми "бизнесмендерден акча алды" деген сөздөр болуп атпайбы. Канча ишкерлер арызданып чыгышты. Ошого карата жашоочулар дагы арызданып чыгышты. Ал суроолорго жете элек. Анткени Эсеп палатасы же мамлекет тараптан текшерүүчү органдар жыйынтыгын бүтө элек экен. Мен дагы ошол себептер менен суракка чакырылып жаткан окшойт деп ойлогом. Бирок, азыркы суракка чакырылганы – бул ошол ташиевдер менен байланышкан болсо керек”.

Ошол эле маалда коомчулукта Токторбаев баштаган долбоорлор ишке ашып, мыйзамдар бузулуп жаткан учурда борбордук бийлик, көзөмөлдөөчү органдар эмнеге көңүл бурган эмес деген суроо да талкууланууда.

Мамасалиева Оштогу мыйзамсыз иштерге жалгыз Токторбаевди айыптоо натуура болорун айтууда. Өз учурунда чара көрбөгөнү үчүн аны менен тең катар Мамкурулуш министрлиги, жергиликтүү архитектура, Мамкаттоо өңдүү көзөмөл мекемелери да жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин белгиледи.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Оштогу курулуш менен снос: кенемтени ким төлөйт?

58 жаштагы Жеңишбек Токторбаев Ош шаарын 2025-жылдын январь айынан 2026-жылдын февралына чейин башкарды. Ага чейин Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп эмгектенген. Быйыл февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жумушунан кол жуугандан сегиз күн өтпөй Токторбаев да мэрлик кызматтан бошотулду.

Оштун мэри катары жол жээгиндеги жана корголгон аймактардагы “кызыл сызыкка” чыгып кетти деген имараттарды жапырт буздурган “снос” деген өнөктүгү менен элдин эсинде калды. Ал түштүк калааны башкарып турганда батыл кадамдарды жасап, жигердүү иш алып барганы коомчулукта айтылып келген. Президент Садыр Жапаров былтыр август айында Жеңишбек Токторбаевдин ишин мактап, жеке өзүнүн атынан унаа да белек кылган.