"Жабыр тарткан жайкын тургундарга". Кыргызстан Иранга гуманитардык жардамын жөнөттү

Кыргызстандан Иран элине гуманитардык жардам жөнөп кетти. 2-апрель 2026-жыл.

Кыргызстан Иранга 66 тонна азык-түлүк, 63 тонна дары-дармек гуманитардык жардам жөнөттү. Ун, консерва эт, өсүмдүк майы, дары-дармек бар жалпы салмагы 129 тонна гуманитардык жардам оор жүк ташуучу жети машинага жүктөлгөн. Жүк Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычевдин катышуусунда тапшырылат.

Буга чейин расмий Бишкек Жакынкы Чыгышта чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, ок атышууну токтотуп, жаңжалды эл аралык укуктун талаптарына жана БУУнун Уставына ылайык тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 7 унаага жүктөлгөн гуманитардык жардам 2-апрелде кечинде жолго чыкканын кабарлады. Министрликтин маалымат кызматынын башчысы Адил Чаргынов жүк кербенин кыргыз дипломаттары Түркмөнстан багыты аркылуу жеткирерин билдирди:

“Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бизге 66 тонна азык-түлүк бөлүнүп берилген. Анын ичинде суу май, эт консервалары жана ун бар. “Кыргызфармациядан” (Саламаттык сактоо министрлигинен) 63 тонна дары-дармек дайындалды. Жалпысынан 129 тонна жүк болду. Гумжардам азыр Кыргыз Республикасынын Ирандагы элчилигинин өкүлүнүн коштоосунда жолдо баратат. Иран элине тапшыруу иш-чарасына элчи өзү катышмай болду. Жүк кечээ кечинде чыгып кетти. Казакстандын бажысынан өтүп, андан ары Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан аркылуу Иранга кирип кетет”, - деди Чаргынов 2-апрелде.

ӨКМ "Бул кадам жабыр тарткан жарандык калкка жардам көрсөтүүгө багытталган" деп билдирди.

Буга чейин расмий Бишкек Жакынкы Чыгышта чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, жаңжалды эл аралык укуктун талаптарына ылайык тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырган.

“Биз аймактагы элдер менен бирге, жай турмушта күн кечирген элдин арасында көптөгөн жарандар курман болуп жаткандыгына байланыштуу алардын жакындары менен туугандарынын орду толгус кайгы-муңун тең бөлүшөбүз. Мындай апаатка алып келген аракеттердин баарын айыптайбыз. Биз, Кыргыз Республикасы БУУнун Уставына жана таанылган эл аралык укук принциптерине ылайык, аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайбыз”, - деген президент Садыр Жапаров.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн бардыгы марттын ортосунан тартып Иранга гуманитардык колдоосун көрсөтүп жатат. Расмий Дүйшөмбү Жакынкы Чыгыш жаңжалы башталгандан бери Иранга жалпысынан 3,5 миң тоннадан ашуун гуманитардык жардам көрсөткөнүн кабарлоодо. 18-мартта 110 унаадан турган кербенин жөнөткөн.

Өзбекстан мындан эки жума мурда 120 тонна азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык каражаттар жүктөлгөн автокербенин иран-түркмөн чек арасынан өткөрүп берген. Казакстан менен Түркмөнстан дагы азык-түлүк, дары-дармектен жардам берүүдө.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул Борбор Азия өлкөлөрү Жакынкы Чыгыш боюнча саясатын бири-бирине үндөштүрүүгө аракет кылып жатышканын, арийне, алардын позициялары алдыда оор сыноого кабылып калыш ыктымалдыгы да жогору экендигин айтууда:

Чынара Эсенгул

“Эгерде Иранда болуп аткан чыр-чатак уланып кетсе, анда саясий жактан кесепети деле болот. Анткени Иран Каспийге да тиешелүү да. Мисалы, Азербайжан жалпысынан Түркиянын позициясын колдоп Борбор Азия мамлекеттерине жакындабадыбы. Ошондуктан, эгерде Азербайжандын позициясы Израилди колдоп калса (анткени Илхам Алиев акыркы жылдары ошондой тышкы саясатты жүргүзүп келди), анда Борбор Азияда саясий жактан кайсы тарапты колдоону тандоосу кыйын болуп калат. Эгерде чыр-чатак узарып, позицияны тагыраак билдиргенге мажбур боло турган болсок, ошондо бизге кыйын эле болот. Жарандык объектилерге дагы сокку урулуп атканы тура эмес. Ошондуктан гуманитардык кризис катары кабыл алганы үчүн гуманитардык жардам берилип жатат. Анткени чыныгы оор жагдай болгондо эл үчүн мүмкүн болушунча жардам берилиши керек”.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймагына абадан сокку уруп жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Иранда соккудан көпүрө кыйрады, Бишкек Тегеранга жардам жөнөттү

Тегеран көзөмөлдөгөн Ормуз кысыгынан мунай ташуу дээрлик токтоп, анын экономикалык кесепети дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тийүүдө. Тышкы экономикадагы логистикалык багыттарынын маанилүү бир бутагы болгондуктан Кыргызстанга Жакынкы Чыгыш аркылуу келген соода агымы да кескин азайып кетти.

Жаңжал Борбор Азия чөлкөмүнө, анын ичинде Кыргызстандын экономикасына да таасир этүүдө. Тегеран Ормуз кысыгын бөгөттөгөндөн улам дүйнөдө мунай кымбаттап, бул Кыргызстанда да күйүүчү майдын баасынын көтөрүлүшүнө алып келди.

Ирандын порттору аркылуу транзиттик жүк, айталы, Бириккен Араб Эмирликтери жана Сауд Арабиясынан автоунаа алып өтүү да үзгүлтүккө учуроодо. Ирандын өзүнөн түз товар ташууда да тобокелчиликтер жок эмес.