"Артка жол жок экен, алданып калдым". Мигрантты согушка тартуу токтой элек

"Хочу жить" долбоорунун маалыматына караганда, Борбор Азиянын ондогон жарандары Украинада туткунда.

мазмуну

  • Орусияда миграцияда жүргөн жакыны Украинадагы согушка азгырылып кеткенин айтып "Азаттыкка" кайрылгандар аягы үзүлө элек. Ал тапта Украинанын мамлекеттик "Тапкым келет" ("Хочу найти") долбоору КМШ өлкөлөрүнөн дайынсыз кеткен жакындарын издегендердин саны эки эсе өскөнүн билдирүүдө.

Жалпысынан бул долбоорго кайрылгандардын саны 200 миңге чукулдаган. Туткунга түшкөндөр арасында кыргызстандыктар дагы бар. Бирок алардын санын аныктоого мүмкүн болбой келет. "Азаттык" Украинадагы согушка азгырылып, кийин дайынсыз кеткен жакынын издеген кыргызстандыктар тууралуу айтып берет.

Ысык-Көлдүн тургуну Замира бир тууган агасы, 34 жаштагы Селим Максатбеков (аттары өзгөртүлдү) былтыр жайында Украинадагы согушка азгырылып кеткенден бери дайыны чыкпай жатканын айтып "Азаттыкка" кайрылды:

"Кеткенине сегиз ай болуп калды. Азыр эч кандай дайыны чыкпай жатат, таба албай жатабыз. Июнь айында акыркы жолу өзү байланышка чыгып "Артка кайтканга жол жок экен, алданып калдым" деп айткан. "Билбей алданып калдым, мындай эмес деп ойлодум эле, көрсө коркунучтуу эле экен бул жак" деп калган".

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Украинага кеткенден бери дайынсыз". Согушта жоголгон кыргыздар

Селимдин үч баласы бар. 10 жылдан ашуун убактан бери Орусияда түрдүү жумуштарда иштеп жүргөн. "Орус паспортун алган эмес, Кыргызстандын жараны" деп айтып берди бир тууганы Замира.

"Ал "Мен кетишим керек болуп калды, жумушка чакырып жатат Москвага" деп айтты. "Биз Подмосковьеде болчубуз, өзүмдүн жумушум боюнча эле ошол жакка кетишим керек болуп калды" деди. Эч нерсе алган жок, болгону документин, үстүнө жылуу курмөсүн, рюкзагын алып башкача коштошту. Эмне болду, тынч элеби деп сурасам "көпкө келбей калам го" деди, - деп билдирди ал.

Дагы караңыз

"Жүзүң күлүп, жүрөгүң ыйлап турат". Согушта жоголгон күйөөсүн издеген келиндер

Замира агасы согушка кеткенин башка тааныштары аркылуу уккан. Ошондон кийин агасы менен байланышууга аракет кылып, өз алдынча издей баштаган.

"Ушинтип кетип калыптыр деди. Мен ага чалып алдыра албай, апам-атамды айтып атып араң байланыштым. Ошондо байланышым болбой калды, артка жол жок экен, мен деле алданып кетип, ушул жакка кирип кеттим деди. Бир жумадан кийин кайра чалып мага бирдик салып койчу, чалчу жерлерим бар деди. Анан бир номер берди, мени кайтарып алса болот бекен согуштан, сурачы деп айтты. Мен билип туруп эмнеге кетесиң деп айтсам, алданып калдым деди".

Замира агасы берген номерге чалып байланыша алган эмес. Эми ал кайсыл жерден кантип издешти билбей айласы кетип отурат.

Замиранын агасынын аты-жөнүн Украинанын өкмөтү колдогон "Жашагым келет" ("Хочу жить") долбоорунда "Орусия Украинадагы согушка жалдагандар" деп жарыялаган тизмеден чыкты. Анда аты-жөнү, туулган жылы жана жетон номери көрсөтүлгөн. Ошондой эле орус армиясы менен келишимге кол койгон датасы дагы бар. Азырынча Селим Максатбековдун кайсыл аскер бөлүгүнөн, Украинанын кайсыл аймагына жөнөтүлгөнү дагы беймаалым.

Ал тапта Украинанын мамлекеттик "Тапкым келет" ("Хочу найти") долбооруна КМШ өлкөлөрүнөн дайынсыз кеткен жакынын издеп кайрылгандар саны эки эсе өскөн. Бул тууралуу аталган долбоордун координациялык штабынын катчылыгынын жетекчиси Богдан Охрименко "Азаттыкка" билдирди:

Богдан Охрименко

"Тапкым келет долбооруна КМШ өлкөлөрүнөн 2025-жылдын октябрь айынан бери эле кайрылгандардын саны дээрлик эки эсе өстү. Жарым жыл мурда 80-95 киши дайынсыз болуп жаткан жакынына байланыштуу кайрылса азыр 180-200 кайрылуу түшүп жатат. Кайрылуулардын көбү Казакстандан, ал эми Кыргызстандан айына 30-40 кайрылуу түшөт. Ал эми 2024-жылы январь айында, долбоор жаңы ишин баштаган убактан бери дайынсыз болуп жаткандардын жакындарынан 190 миңден ашуун арыз кабыл алдык. Алардын ичинен 3 218инин тагдырын өлүү же тирүү экенин билүүгө мүмкүн болду. Бул жалпы кайрылуулардын эки гана пайызын түзөт. Орус армиясынын катарында согушуп жүргөн чет элдик аскерлерге байланыштуу жагдай деле дал ушундай. Азыр Украинанын аймагында жүздөгөн туткун бар, алар 45 өлкөнүн жарандары. Көбүн борборазиялыктар, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандарын түзөт. Ошондой эле Кыргызстандын жарандары дагы бар. Мисалы февралда дрон сыныктары тийип, жараат алган кыргыз жараны туткунга түштү. Азыр анын ден соолугунда кооптоно турган жагдай жок. Украина туткундарды алмаштырууга каршы эмес, бирок Орусия туткунга түшкөн чет элдиктерди кайтарууга кызыкдар эмес. Алардын жакындары же өз өлкөсү дагы жетишээрлик аракет жасабайт. Жыйынтыгында азгырылып, орус армиясынын катарына кошулгандар эч кимге кереги жок болуп, ортодо калууда".

"Азаттыкка" кайрылган кыргызстандыктардын бири 40 жаштагы иниси дайынсыз болуп жатканын айтып берди. Анын айтымында, иниси Мойдун Кырмышевдин (аты өзгөртүлдү) орус жарандыгы болгон. Аны буга чейин аскерге чакырып жүрүшкөн экен.

"Иним Москвада мобилизация болуп кеткендердин катарында экен. Аскер комиссариатынан ошентип айтышыптыр. Орусиянын паспортун алып, Москвада иштечү. Үйдөн же, Чүйдөн жок болуп жүрүп жеңилирээк болот иштегенге деп алган эле да. Эми ошол жарандыктын "пайдасы" ушул болду да. Эки жолу армияга чакыруу келген эле. Барбай качып жүргөн, кийин базадан карап эле дароо алып кетиптир. Метродон милиция ар бир кара-торуну кармай берет экен да. Барбай койсоң соттойбуз деп эле алып кетет экен. Камалбаштын жолун кылып айла жок согушка макул болгон да", - деди Мойдундун атын атагысы келбеген агасы.

Былтыр августта кеткен Мойдундун ушул убакка чейин дайыны чыкпай жатат. Аскер комиссариаты аны сентябрдан тартып дайынсыздардын катарына кошкон. Колго тийген документтерге караганда ал Украинанын Харьков облусуна караштуу Лозовая аймагында дайынсыз болгон.

Жакында кыргызстандык журналист Адил Турдукулов төртүнчү ирет Украинага барды. Бул жолу борборазиялык туткундар менен да жолугууга мүмкүн болду деди ал:

Журналист Адил Турдукулов Украинада орус армиясынын катарында согушуп, туткунга түшкөн өзбекстандык менен сүйлөшүүдө. 2026-жыл.

"Бул жолу барганда туткундагы бир кыргызстандык менен сүйлөшүүгө мүмкүн болду. Анткени калгандары баш тартышты. Бирок көп эле сандагы борборазиялык туткундар менен сүйлөшүүгө мүмкүн болду. Көбүнчө Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, ал тургай Азербайжандын жарандары менен сүйлөштүк. Алардын баарынын эле көйгөйлөрү бир, сөзсүз түрдө өкүнүп жатышат жана өз мекенине келгенде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын дагы түшүнүшөт. Алардын азгырылып согушка барышынын үч себеби бар. Орус жарандыгын алуу, паспортту самайт экен. Экинчиден, акча. Эки миллион рубль биздин аймак, аярлуу катмардан барган мигранттар үчүн чоң эле сумма болуп эсептелет. Үчүнчүсү, абакта отургандарга жана кылмыш иши жана административдик иш козголгон учурда аларга абак же согушка барып акча табуу деген тандоо берилет экен. Биз жолуккандардын дээрлик бардыгы ошого алданып барышканын жана өкүнүп жатканын айтышты. Биздин максат аларды түйшөлткөн маселени, алданып калып өкүнүп жатканын башкаларга дагы сабак болсун деп жеткирүү болуп жатат".

Жакындарын издегендер же тууганы согушта каза болгонун айткандардын көбү ачык сүйлөп берүүдөн баш тартышат. Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери чет жактагы куралдуу кагылышууларга катышуу кылмыш экенин байма-бай эскертет.

Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда Украинадагы согушка катышкандарга кылмыш иштери козголгон.

Согушка жалданып, өз мекенине кайтып келгендердин айрымдары соттолуп, беш жылга чейин абакка кесилген учурлар да бар.

Ошол эле кезде чөлкөмдөн барган миңдеген мигрант Орусиянын армиясынын катарында согушуп жүрөт.

Бирок бир дагы өлкөдө Орусия Украинага бастырып кирген төрт жылдан ашуун убактан бери бул согушта канча жараны каза болуп келгени же согушка тартылганы тууралуу расмий маалымат айтылган жок.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тек гана жарандар өз ыктыяры менен кетип жатканын кайталап, эскертүү берген:

Жээнбек Кулубаев

"Бизде башка өлкөдөгү согушка катышууга тыюу салган мыйзам бар. Ошондуктан, көпчүлүк жарандар согушка катышарын айтышпайт, бирок катышып, ал жакта көз жумгандары бар. Жакындары болсо "миграцияга кеткен, башка кабарым жок" деп, толук маалымат бере алышпайт. Эгерде ал жакта каза болгону аныкталса, министрлик Украинадагы элчилик аркылуу көмөктөшөбүз. Бирок көпчүлүгү кооптонуп, ачык айтышпайт".

Журналист Адил Турдукулов бийликти бул маселеге олуттуу мамиле кылууга чакырды.

"Азыр биз ушул нерселерге бийликтин көңүлүн бурдурууга аракет кылып жатабыз. Анткени буга чейин Украинага салыштырмалуу азыраак болсо дагы Сирияга кеткен жарандарын Кыргызстан кайтарууга аракет кылды. Батыш өнөктөштөр дагы кызыкдар болгон. Анткени алар ошол жакта кала берсе аймактын стабилдүүлүгүнө таасирин тийгизмек жана согуш тажрыйбасы менен биздин мамлекетибизге көп чагымчыл аракеттерге барышы толук мүмкүн эле. Украинада деле ошондой окуя болуп жатат да. Согушту көргөн, курал кармап, киши өлтүргөн адамдар Кыргызстанга кайтып келсе биздин коопсуздугубузга абдан чоң кедергисин тийгизет. Ошондуктан бул комплекстүү карала турчу маселе. Алар психологиялык травма болуп, кылмыштуулукка, экстремисттик, радикал уюмдарга аралашып кетиши толук ыктымал. Коопсуздук уюму ушуну алдын алуусу керек. Борбор Азия өлкөлөрү биригип согуштун кесепетин, ага баргандан кийин жыйынтыктарды талкуулап, алдын алыш керек болчу", - деди журналист.

2026-жылдын январь айына карай "Кызыл чырым" эл аралык комитетинин Борбордук издөө агенттигине (ЭККК) 205 миң адам Украинадагы согушта дайынсыз кеткен жакынын издеп кайрылган. Алардын арасында жайкын тургундар менен катар аскер адамдары дагы бар.

Согуш башталган төрт жыл ичинде 16 300 киши жакындарынын тагдыры же анын кайсыл жерде экени тууралуу маалымат алышкан.

Агенттиктин жардамы менен туткундагылар менен алардын үй-бүлөлөрүнүн ортосунда байланыш түзүлүп, 36 миңге жакынына кат-кабар жеткирилген. "Кызыл чырым" комитети бул сан дайынсыз болуп жаткандар тууралуу жалпы жагдайды чагылдырбай турганын эскертүүдө.