Президент Садыр Жапаров Kaktus.media порталына маек берип, президенттик шайлоону эрте өткөрүү тууралуу 75 адамдын кайрылуусу боюнча да суроолорго жооп берди.
Мамлекет башчы “75чилердин каты” боюнча ким демилге көтөргөнүн, кайрылуу Жогорку Кеңештин төрагасына жана тиешелүү комитеттин жетекчисине жеткиче көз салып турганын айтты. Ал кайрылуу парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат деп калганда тез жана чечкиндүү кадамдарга барганын кошумчалады.
“Досуңуз Камчыбек Ташиевдин тиешеси барбы? Эгер ошондой болсо, ал эмне үчүн дагы эле эркиндикте жүрөт? Же Элвира Сурабалдиева айткандай, сиз ага жумшактык кылып жатасызбы? Мыйзам баарына бирдей эмеспи?” деген суроого мындайча жооп берди.
“Анын тиешеси бар же жок экенин тергөө жана сот аныктайт. Ушул тапта тергөө уланууда. Тергөө бүткөндөн кийин сотко жөнөтүлөт. Акыркы чечимди - ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес - сот чечим кабыл алат”, - деди президент.
Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева казакстандык блогерге берген интервьюсунда Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышын “мамлекеттик төңкөрүш даярдоо” аракети менен байланыштырган.
Камчыбек Ташиев жана анын тарапташтары азырынча комментарий бере элек.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кайрылууда аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевди жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.
10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийин берген маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин ал парламенттен сыртка чыкканын айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
Акыркы саясий окуялардын фонунда Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Абдылдабек Эгембердиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.
Алардын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды. (BTo)