Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) расмий Бишкек Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетинде Кыргызстанга байланыштуу да чектөөлөрдүн киргизилишин өкүнүч менен кабыл алганын билдирди.
Мекеме кыргыз тарап санкциялык чектөөлөргө байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алуу маселелери боюнча Европа Биримдиги менен диалогго ачык экенин кошумчалады.
“Ушуга байланыштуу, туруктуу сүйлөшүүлөргө, европалык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз сапарлардын алмашуусуна, ошондой эле Европа комиссиясынын талаптарына ылайык суралган бардык документтештирилген маалыматтардын өз убагында берилишине карабастан, анын ичинде Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтар да берилгенине карабай, кыргыз тараптын позициясы мурдагыдай эле эске алынбай, иш жүзүндө көңүл сыртында калып жатканы олуттуу түшүнбөстүктү жаратат”, - деп айтылат маалыматта.
ТИМ мындай бир тараптуу чечимдер ишенимди солгундатып эле тим болбостон, Европа Биримдигинин Кыргызстан жана жалпы Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүү ниетине каршы келерин кабарлады.
“Өз кезегинде Кыргызстан ачык-айкын, кесипкөй, саясатташтырылбаган диалогду жактайт жана Европа Биримдигин ырааттуу, салмактуу жана чыныгы конструктивдүү мамиле кылууга, кыргыз тараптын позициясын тиешелүү түрдө эске алууну камсыз кылууга, ошондой эле Кыргызстан менен Европа Биримдигинин делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашырууга өтүүгө чакырат”, - деди ТИМ.
Европа Биримдигинин дипломаттары Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин макулдашкан. Анын алкагында Кыргызстанга да металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салынат.
Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып, соңку чаранын кесепети деле жок экенин билдирген.
Батыш өлкөлөрү Орусиянын өзүнө санкция салгандан сырткары ага көмөктөшкөн деп эсептеген өлкөлөрдөгү компанияларга жана жеке адамдарга экинчи деңгээлдеги санкцияларды салып келет.
2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди. 28 ишкананын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталса, 4 компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, 2 ишкана Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары санкцияга илинген. (BTo)