Амангелдиев "Керемет Банк" АКШ менен Британиянын санкциясынан чыгышы ыктымалдыгын билдирди

Данияр Амангелдиев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев “Керемет Банк” АКШнын жана Улуу Британиянын санкцияларынан чыгып калышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу ал 30-апрелде “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында айтты.

Амангелдиев Кыргызстан санкцияга байланыштуу диалогду улантып жатканын жана атайын жол картасы иштелип чыкканын кошумчалады:

“АКШга, Улуу Британияга, Брюсселге бир нече жолу бардык. Диалог, жылыш бар. Мисалы, булар деле “Керемет Банкты” далили жок эле санкцияга киргизип алыптырбыз” деп атат. Санкцияларды айланып өткөнгө “Керемет Банктын” тиешеси бар экенине далил жок. Ошонун баарын далилдеп, жакын арада “Керемет Банк” санкциядан чыгып калышы мүмкүн. Бул ишти уланта беришибиз керек. Арыз-доомат койгондон пайда жок. Диалог болушу керек”.

Данияр Амангелдиев Европа Биримдигинин Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетинде Кыргызстандын да аты аталганы тууралуу комментарий берип, коюлуп жаткан чектөөлөр негизсиз экенин кошумчалады.

Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Москвага санкция салып баштаган Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштаган.

Кыргызстандын мамлекеттик “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктары “криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон” деген кине менен АКШнын, Улуу Британиянын санкциясына илинген.

Европа Биримдигинин дипломаттары жакында Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин макулдашкан. Анын алкагында Кыргызстанга да металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салынат.

Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып, соңку чаранын кесепети деле жок экенин билдирген.

2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди. 28 ишкананын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталса, 4 компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, 2 ишкана Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары санкцияга илинген. (BTo)

Дагы караңыз

Украинада Одесса, Орусияда Туапсе кайрадан дрон чабуулуна кабылдыКыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясы 27 тыйынга кымбаттадыКадамжайда селден улам ички жол убактылуу жабылды Хаменеи Иран Ормуз кысыгын коргой турганын билдирдиПезешкиан АКШнын деңиз курчоосу "ийгиликсиз болорун" билдирдиИш учурунда дарыгерлерди сабагандарга жазаны күчөтүү сунушталдыОрусияда Кыргызстандын үч жараны өрттөн каза болду