"Ак-Бууранын жээгинен далай аткаминер мыйзамсыз жер алган". Оштогу "снос"

Ак-Бууранын жээгиндегиги имарат

Ошто “снос” өнөктүгү кайра башталды. Бул жолу шаардагы Ак-Буура дарыясы жана Увам каналынын жээгиндеги мыйзамсыз делген курулуштар бузулууда. Жээк бойлой, айрымдары суунун так үстүнө салынган объектилер экс-чиновниктерге жана уюшкан кылмыштуу топтордун мурдагы мүчөлөрүнө таандык экени айтылууда.  

Ош шаардык мэриясы бузулуп жаткан имараттар учурунда корук эрежесин сактаган эмес деген жүйөнү карманып жатат.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, курулуштар дарыя жана каналдардын жээгинен кеминде 75 метрден кем эмес алыс болушу керек деп көрсөтүлгөн.

Курулуш ээлери “документтерибиз мыйзамдуу” деп айтышууда. Алар шаар бийлигине “соттун чечими жок туруп, бузуу иштерин жүргүзүп жатат” деп нааразы болуп жатышат. Мындай объектилердин бири, "Байсан" ресторанына байланыштуу ысымы аталган парламенттин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков да ушундай мазмундагы пикирин билдирген. Келдибеков Фейсбуктагы баракчасына 6-майда жазган билдирүүсүндө имараттын ага тиешеси жок экенин, ээси жеңеси Адалат Абдибаитова экенин белгилеген.

Мэрия 6-майдын кечинде аталган дарыянын жээгиндеги "Байсан" ресторанынын түрттүрүлүп жаткан видеосун жарыялаган.

Былтыр Ош шаарынын мэриясы "Байсан" Акматбек Келдибековго таандык экенин билдирген. Саясатчы анда комментарий берген эмес. 6-майдагы постунда Келдибеков Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев жогорудагы "маалымат жалган экенин айтып, андан кечирим сураганын" жазган.

Мэриянын билдирүүсүндө, “Байсан” рестораны дарыянын 50 метр корук зонасына кирип кеткен.

Сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу өкмөттүн 1995-жылы 7-июлунда чыккан №271 токтомунун негизинде жобо кабыл алынган. Ага ылайык, узундугу 10 чакырымдан 50 чакырымга чейин созулган дарыялардын суу коргоочу зоналары 75 метр деп жазылган. Ак-Буура дарыясынын узундугу 17 чакырымды түзгөнүнө карабай корук аймагы 50 метрге кыскарган.

Бузулуп жаткан имараттардын арасында Оштун мурдагы вице мэри Нурбек Кадыровго да тиешелүү объект бар деп айтылууда. Анын жакын тууганы Аскар Мадумаров буларды айтып берди:

“1997-жылы облустук керектөөчүлөр союзуна караштуу кампаны сатып алгам. Биринчиден бул 1980-жылдардагы курулуш, экинчиден 10 метр корук зонага деп бошотуп койгонбуз. 8-июнь күнү сот болушу керек. Соттун чечими чыкканда гана мыйзамдуубу, мыйзамсызбы чечип берет. Бирок булар ага карабай бузуп салышты”.

Аталган имараттардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, маркум Алманбет Анапияевдин бир тууганы Калмамат Анапияевге таандык мончо да бар.

Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Мирлан Казыбаев имараттын бир тарабы каналдын корук зонасына өтүп калганын айтууда.

“Тиешелүү иш кагаздарын карап чыктык. Имаратка болгон мамлекеттик укугу катталыптыр. Бирок каналдын корук зонасы сакталган эмес. Биз сүйлөшүү иштерин жүргүзүп, алар 6 метр бошотуп бере турган болду. Калган жерине муниципалдык менчик башкармалыгы менен келишим түзө турган болду”.

7-майда мэр Жанарбек Акаев Оштун Манас-Ата аймагында мыйзамсыз курулуштардын ээлери менен жолугуп, аларга башка аймактан коммерциялык жер берилерин билдирди.

“Мунун баарын биз бузган жокпуз. Бизге чейин эле бузулуп калган. Ушул жердин тургундары бизге (мэрияга) парк салып бергиле деп кайрылган эле. Карасаңар, бул жерде бир дагы эс алуу жайы жок. Биз алмашуу жолу менен маселени тынч чечели деп жатабыз. Бирок бул кишилер ишенбей жатат. 2000дей адамдын маселесин кантип чечесиңер деп жатышат. Биз алардын жарымынын маселесин чечтик. Жакында дагы 380 коммерциялык объектини чечебиз”.

Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев Ак-Буура дарыясынын корук зонасында мурунку аткаминерлер, чиновниктердин жакындары менчикке алган жер тилкелери көп экени айтууда.

Бекболот Арзибаев.

“Чоңунан баштап майда чиновниктерге чейин Ак-Бууранын жээгинен, корук зонасынан жер алышканы ачык эле көрүнүп турат. Алар кызматта турганда өздөрүнө же жакындарына жаздырып алышкан. Жакшылап иликтеп чыкса, мындан башка да далай экс-чиновниктердин аты аталат. Эми мыйзамсыз курулуштарды бузуп эле тим болбой, убагында мыйзамсыз уруксат берген аткаминерлерди жоопко тартыш керек”.

2024-жылдын июль айында Ош шаарында катуу сел болгон. Анда Ак-Буура дарыясынын нугу ашып, жолдорду, базарды, турак үйлөрдү сел каптаган. Бул дарыя жээгин бойлой салынган мыйзамсыз курулуш маселесин көтөргөн. Көп өтпөй атайын комиссия түзүлүп, дарыянын корук аймагындагы 700дөн ашуун курулуш аныкталган.

Мамлекеттик курулуш мекемесинин мурдагы жетекчиси, архитектор Ишенбай Кадырбеков буларга токтолду.

Ишенбай Кадырбеков

“1985-жылы жасалган Оштун деталдуу пландоо долбоорун автору болгом. Ошол кезде “кызыл сызыктын” баарын чийип чыкканбыз. Ал документтер каякта? Ошонун негизинде көзөмөл кылыш керек эле. Ал жерде “курулуш дарыя же каналдын жээгинен канчалык алыс болушу керек” деген норма конкреттүү жазылган. Бирок ал норманы эч ким сактабай, курулушка уруксат берип салышкан. Эми аларды бузуп, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен кенемте төлөп жатышат”.

Оштогу “снос” өнөктүгүн калааны бир жылдай башкарган мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев кызуу жүргүзгөн. Ал “кызыл сызыкка” чыгып кетти делген курулуштарды буздуруп, айрым учурда анын мыйзамдуулугу дагы талкуу жараткан.

Мэриянын маалыматында, 1200дөй турак үй сүрдүрүлгөн. Алардын айрымдары толук көчүрүлсө, айрымдарынын жарымы, короосу, тосмосу көчүрүлгөн.

Нааразылык билдирген жарандар мэриядан кенемте да талап кылышкан.

Ош шаарында көчөлөрдү кеңейтүү үчүн бузулган турак жайлардын ээлери үчүн 520 тамдын курулушу былтыр июлда башталган. Бул долбоор үчүн 54 гектарга жакын жер Кызыл-Кыштак айыл аймагынан бөлүнгөн. Үйлөрдүн курулушун кытайлык “Кунлун” компаниясы жүргүзөт.

"Мыйзамсыз салынган" деген негизде Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарындагы турак жайларды бузуу чаралары 2-3 жыл мурун башталган.

Өзгөчө былтыркы жылы бул маселе курчуп, борбор калаанын чет жакасындагы Көк-Жар конушунун №172 контурунда дүкөн жана башка коммерциялык багыттагы имараттар бузулган. Анда жергиликтүүлөр менен укук коргоо органдары, бийлик өкүлдөрү ортосунда чыр чыгып, бир катар жаран кармалып, камакка алынган.

Буга чейин президенттин жарлыгына ылайык жер мунапысы жүргүзүлүп, 2021-жылга чейин салынган жүздөгөн жер там легалдаштырылган. Азыркы тапта болсо президент Садыр Жапаров “Жер мунапысынын объектилерине жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү ишин аяктоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка 16-декабрда кол койгон.

Жарлык менен жер-укуктук мамилелерди жөнгө салууга бир жылдык мөөнөткө мамлекеттик көзөмөл кирет. 2026-жылдын 1-мартына чейин азыркы жер мунапысы боюнча иштеп жаткан комиссиялардын иши токтотулган.

Ал эми талаштуу жер тилкелери боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Аталган комиссияга 2021-жылдын 1-декабрына чейин бош жаткан жерлерди кароо тапшырылган. Бул жер тилкелери мамлекеттин карамагына алынышы да мүмкүн. Алардын ээлерине айыл чарба багытындагы башка жер тилкеси сунуш кылынышы да ыктымал. Же "Мамлекеттик ипотекалык компаниянын" фондунан үлүштүк катыш шартында батир алуу сунушу берилет.