Бирок милиция бул ишке байланыштуу материалдар жабык каралып жатканын, ошондуктан эч кандай маалымат бере албасын билдирүүдө.
Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Алмасбек Абытов акыркы мезгилде 40ка жакын кызматкери ар кандай жагдайда жумуштан кеткенин ырастады. Алардын кызматтан кетишине соңку саясий окуялардын тиешеси жок экенин айтты.
Алмасбек Абытов
“Мурдагы төраганын өзүнүн жардамчылары, кеңешчилерин кошкондо алты-жети киши болуп калат. Ошентип баарын кошкондо отуздан ашык, кыркка жакын адам кетти. Бул кадимки эле көрүнүш. Ал эми "75чилердин" каты боюнча иликтөө иштерин тергөө органдары жүргүзөт. Ким алып келди, кимге келген, кимдин аракети кандай болгон дегендин баары тергөөдө аныкталат. Бизге ал маалыматтарды беришпейт”, - деди Абытов.
Бирок “Азаттыктын” булактары Жогорку Кеңештин аппаратынан жумуштан кеткендердин арасында милицияга сурак берип жаткандары бар экенин айтып беришти. Мунун “75чилердин каты” аталган окуяга байланышы бар экенин белгилегендер болду.
Сурак берип жүргөндөрдүн бири мурдагы төрага Нурланбек Тургунбек уулунун кеңешчиси деген маалымат бар экенин Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев "Азаттыкка" билдирди:
Исманали Жороев
“Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин айрым кызматкерлери камалыптыр деп айтып жатышат. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Укук коргоо органдары өздөрүнүн баасын берет. Эгерде кимдир бирөө мыйзам алдында жоопкер болсо, соттун чечимине ылайык жооп берет. Мен эми бир-эки адамды уктум, мурунку төраганын жардамчылары деди. Андан башкаларын толук билбейт экенмин”,- деди Жороев.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат кызматы "75чилердин катына" байланыштуу иш жашыруун каралып жаткандыктан эч кандай маалымат бере албасын айтууда.
Жогорку Кеңештин жумуштан кеткен мурдагы кызматкерлеринен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.
Суракка чакырылгандар канча адам экени жана аты-жөнү да ачык эмес.
Парламент депутаттарынын көбү окуянын чоо-жайын билбесин айтып, комментарий берүүдөн карманууда.
“Ар бир кызматкердин функционалдык милдети бар. Алар жарандан болобу, тиешелүү министрликтен болобу, келген каттарды каттап, тиешелүү тармакка жолдойт. Азыркы учурду ала турган болсок, мыйзам бузуу мененби, айланып кетүү жолу менен болобу, мыйзам бузуу болгон болсо, суракка чакырса керек. Өзүнүн мыйзамдуу милдетин аткарганы үчүн жоопкерчиликке тартуу бул туура эмес иш”, - дейт парламент депутаты Табылды Муратбеков.
Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден куралган 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон.
Жапаров андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган.
Мына ошол кайрылууга байланыштуу коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков баш болгон беш киши камакка алынган. Парламентте ошол кездеги спикер Нурланбек Тургунбек уулу баштаган ондон ашык депутат мандатын тапшырган.
Кундузбек Сулайманов, Элдар Сулайманов, Куванычбек Конгантиев, Шаирбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Азыгалиев, Гүлсүнкан Жунушалиева, Абдылдабек Эгембердиев өздөрү жазган арыз менен депутаттык мандатынан ажыратылды.
Алардын ичинен “Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупциялык ишке байланыштуу Камчыбек Ташиевдин иниси, экс-депутат Шаирбек Ташиев, Камбар-Ата-1 ГЭСин даярдоо этабындагы иштерге байланыштуу Кундузбек Сулайманов жана жер тилкелерине байланышкан мыйзамсыз схемаларды уюштурган деген айып менен Куванычбек Конгантиев кармалды.
Алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган Тургунбек уулу Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген.
75 кишинин айрымдары кайрылууну окубай эле кол койгонун айтышкан.
Марттын башында президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште билдирүү жасап, 75 кишинин катына байланышкан окуяга токтолгон.
Садыр Жапаров
“Жакында Жогорку Кеңеште бир окуя болду. Аны баарыңыздар жакшы билесиздер. Айрым депутаттар “тигил тарап, бул тарап” деп бөлүүгө аракет кылышты. Бирок убагында токтотуп калдык. Мага элдин элегинен өтүп шайланып келген эл өкүлдөрү сиздер ушинтип отурсаңыздар карапайым эл каякка барат деген ой келди”, - деди ал.
Ал тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөнү белгилүү болду. Адвокаты Икрамидин Айткуловдун ырасташынча, Ташиев менен кошо жети адам айыпталып жатат. Кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф коюлган.
Президент Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан.
Ташиев өзү күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген.
Айыпталып жаткандардын бири Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев 13-майда “Азаттыкка” билдиргендей, Ташиевге, Нурланбек Тургунбек уулуна жана мурдагы депутат Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") жана 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып коюлган.
“75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган.
Дагы беш киши - коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаев, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашев жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго 337-берене (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен айып тагылды.
Иш сотто качан каралары маалым боло элек.