Юстиция министрлиги Батыштын санкциясын бузду делген 50 ишкананын ишин токтотту

Кыргызстан менен Орусияны байланыштырган коллаж.

Юстиция министрлиги санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга аралашкан деген негизде 50 ишкананын ишин бир убакта токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылганын билдирди. Министрлик муну санкциялык тобокелдиктерди алдын алуу боюнча жаңы механизмдин алкагындагы биринчи аракет деп баалап, бирок кайсыл компаниялар жабылганын тактаган жок.

Ишканалардын тизмеси Экономика жана коммерция министрлиги жана санкциялык режимдин алкагында чектөөлөрдөн качуу фактылары боюнча маалыматты караган башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев буга чейин “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында Европа Биримдиги, АКШ жана Улуу Британия киргизген санкцияларга тиешеси бар компаниялардын каттоосу жокко чыгарыларын айткан.

“Өкмөттө жакын арада эле бир нече токтомдорду кабыл алганбыз. Керек болсо конституциялык укукту буза турган ыкманы да кабыл алдык. Санкцияга тиешеси бар же ошого шек саналган субъект аныкталса анын юридикалык каттоосун жокко чыгарабыз. Юридикалык каттоосу жокко чыккандан кийин ал автоматтык түрдө банктардагы каттоосун жоготот, эсеп ачып, ишмердигин жүргүзө албайт. Биз ушундай радикалдуу чечимге барганбыз”, - деген ал.

Орусия Крымды аннексиялап алган 2014-жылдан кийин Москвага санкция салып баштаган Батыш өлкөлөрү 2022-жылы орус аскерлери Украинага басып кирген соң бул чараларын дагы күчөткөн. Кийин Орусия башка өлкөлөр менен кызматташуусун жанданткан соң аны менен кызматташкан мамлекеттердин компанияларына экинчи деңгээлдеги санкциялар салына баштаган.

Кыргызстандын мамлекеттик “Керемет Банк”, “Капитал Банк” банктары “криптоактивдер жана төлөм системалар жаатында кызмат көрсөтүп, Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон” деген кине менен АКШнын, Улуу Британиянын санкциясына илинген.

Европа Биримдигинин дипломаттары жакында Орусияга каршы санкциялардын 20-пакетин макулдашкан. Анын алкагында Кыргызстанга да металл кесүүчү станокторду жана үн, сүрөт, видео маалыматтарын берүүчү модем, маршрутизатор сыяктуу байланыш каражаттарын сатууга тыюу салынат.

Кыргыз бийлиги Батыш өлкөлөрүнүн дооматын четке кагып, соңку чаранын кесепети деле жок экенин билдирген.

2026-жылдын башына карата 28 кыргызстандык компания АКШнын, Улуу Британиянын жана Европа Биримдигинин “кара тизмесине” кирди. 28 ишкананын 14ү санкциялык товарларды Орусияга жеткирүүгө айыпталса, 4 компания акчаны адалдоо жана алтынды мыйзамсыз сатууга байланыштуу, 2 ишкана Орусиянын мунай компанияларынын туунду ишканалары катары санкцияга илинген. (BTo)

Дагы караңыз

Баштапкы соттук угууга Ташиев менен Талгарбеков катышкан жокБишкек мэриясы жаңы конуштар үчүн 625 автобус сатып алатКытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн 214 үй алынат"Агентство": Орус телеканалдары Москвадагы дрон соккусуна бир мүнөт бөлдүAmnesty International: Иран былтыр 2100дөн ашуун кишини өлүм жазасына тарткан Жогорку сот Бакировду “добуш сатып алуу иши” боюнча актадыЛиванда Израилдин соккуларынан каза тапкандар үч миңге чукулдадыЖетим-Тоо кенин иштетүүгө инвестор изделип жатат