Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Америка лидери Дональд Трампка соңку билдирүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эми НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Швецияда өтүп жаткан тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алдында АКШ президентинин бул кадамын кубаттады. Ал Европанын АКШдан көз карандылыгын азайтуу багыты “мындан ары да улана турганын” кошумчалады.
Трамп 21-майда Truth Social социалдык тармагына жазган билдирүүсүндө бул чечим АКШнын Польшанын президенти Кароль Навроцкий менен болгон мамилесине байланыштуу экенин айтты. Трамп аны былтыркы президенттик шайлоодо колдогон.
Навроцкий былтыр августта Чыгыш Европада жайгашкан бул мамлекеттин башчылыгына расмий киришкен.
Ак үй соңку апталарда Европадагы америкалык аскерлердин жалпы санын кыскартууну көздөп жатканын билдирип келет.
Май айынын башында Трамп Германиядан 5 миң аскерди чыгарып кетүү планы бар экенин билдирген.
Кийинчерээк АКШнын Коргоо министрлиги Польшага болжол менен төрт миң аскерди ротациялык негизде жөнөтүү жана Германияга “Томагавк” канаттуу ракеталары менен жабдылган батальон жайгаштыруу планы токтотулганын ырастаган.
Бул чечим Дональд Трамп менен Германиянын канцлери Фридрих Мерцтин Иран менен болгон согушка байланыштуу пикир келишпестигинен кийин кабыл алынган.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
АКШ Европадагы аскерлеринин санын кыскартабы?
Буга чейин айрым республикачы конгрессмендер Трамптын Германиядан аскерлерди чыгаруу чечимин сынга алып, бул Орусияга туура эмес белги берип коюшу мүмкүн экенин эскертишкен.
АКШнын Германиядагы аскердик контингенти Европадагы эң ири күч болуп саналат. Учурда ал жерде 36 миңден ашуун америкалык аскер кызматкери бар. Салыштыра кетсек, Италияда болжол менен 12 миң, ал эми Улуу Британияда дагы 10 миңдей америкалык аскер бар. Польшада жайгаштырылган америкалык жоокерлердин саны учурда он миңдин тегерегинде.
Хельсингборгдогу саммит
Швециянын Хельсингборг шаарында НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жолугушту. Июль айында бул өлкөлөрдүн лидерлери Анкарага чогулушат. Хельсингборг НАТОго мүчө Данияга карама-каршы жайгашкан швед порту.
Бул жолугушуу альянстын ичинде тынчсыздануу күчөгөн маалда өтүп жатат. Европалык расмий өкүлдөр Пентагондун акыркы күтүүсүз чечимдеринен кийин Вашингтон континенттеги аскерлеринин санын канчалдык деңгээлде кыскартууну пландап жатканын тактап берүүнү талап кылууда.
"Биз аскерлердин санын кыскартуу каалоосу бар экенин түшүнөбүз, бул тууралуу көптөн бери айтылып келет. Эң негизгиси бул жараян ирээти менен жүрүшү керек. Ошондо АКШ аскерлерин азайткан учурда Европа өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн күчөтө алат”, - деди Норвегиянын тышкы иштер министри Эспан Барт Эйде.
Дагы караңыз
Орусия Киев Латвиянын аймагынан "сокку даярдап жатат" деп билдирдиТрамп ошондой эле Вашингтондун НАТО боюнча союздаштарын Ормуз кысыгы маселесинде АКШ менен чогуу Иранга басым көрсөтүүгө даяр эмес деп да сындап келген.
“Президенттин биздин Жакынкы Чыгыштагы операцияларга карата айрым НАТО союздаштарынын реакциясынан көңүлү калганын ачык айтсак болот. Бул тууралуу буга чейин эле кеңири белгиленген. Бул маселе сөзсүз каралышы керек. Бирок ал бүгүн чечилип калбайт. Бул лидерлер деңгээлинде талкуулана турган тема”, - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио.
Көптөгөн европалык аткаминерлер үчүн Марко Рубионун бул саммитке катышуусу белгилүү деңгээлде ишеним жаратты. Ал Трамп администрациясындагы НАТОну жана Европанын коопсуздугун көбүрөөк колдогон саясатчы катары кабыл алынат.
АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, республикачы жана НАТОнун бекем колдоочусу Дон Бэйкон “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде Рубио мамилелерди туруктуу кармоодо маанилүү роль ойной турганын ырастады.
“Белгисиздикте калтырышты”
Аты-жөнүн атабоо шарты менен “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна маек курган европалык жогорку даражалуу дипломат байланыштын жетишсиздиги альянстын күчүн алсыратып жатканын айтты.
“Эң жаманы, континент аскерлерди кыскартуунун көлөмү тууралуу дээрлик кабарсыз”, — деди дипломат.
Анын айтымында, Балтика өлкөлөрү сыяктуу алдыңкы тилкедеги мамлекеттер мындан улам өз коопсуздук пландарын түзүүдө кыйналып жатышат.
Дагы караңыз
Күйүүчү май кымбаттап жатканына байланыштуу өкмөттө "Жунда" боюнча кеңешме өттүАКШ администрациясынын өкүлдөрү бул кадамдар стратегиялык артка чегинүү эмес, убактылуу өзгөртүүлөр экенин айтып келишет.
НАТОго мүчө Балтика өлкөлөрү акыркы жумада Москванын күчөгөн коркутууларынан улам тынчсызданууда.
Бул Украина Орусиядагы объектилерге каршы узак аралыктагы дрон чабуулдарын күчөткөн учурга туш келди. Айрым украин дрондору Эстония менен Латвия аймагына кулап түшкөн же атып түшүрүлгөн.
Бул аптада Орусиянын Тышкы чалгын кызматы Латвияны Украинага өз аймагынан дрон учурууга уруксат берүүнү пландап жатат деп айыптады.
Бул айыптоолор европалык союздаштардын кескин реакциясын жаратты.
Литва Орусияны украин дрондорунун сигналдарын атайылап басаңдатып, аларды Балтика өлкөлөрүнүн аба мейкиндигине кирүүгө же кулап түшүүгө мажбурлап жатат деп күнөөлөдү. Ал эми ушул аптада НАТОнун абадан кайтаруу миссиясында жүргөн румыниялык аскердик учак Эстониянын үстүндө бир дронду атып түшүрдү.
Ошондой эле Орусия ушул аптада Беларус аймагында ири өзөктүк машыгууларды баштады. Ага миңдеген аскерлер, жүздөгөн учактар, кемелер жана ракета системалары тартылган. Коргоо министрлиги машыгууда тактикалык өзөктүк дүрмөттөр да колдонулуп жатканын билдирди. Бул сейрек кездешүүчү көрүнүш.