УКМКнын төрагасынын бир орун басары алмашты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты.

Уранбек Шадыбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун “Ынтымак ордо” билдирди.

Анын ордуна Алмаз Ажыгулов УКМКнын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Кызматка жаңы келген жана жумуштан алынган эки адам боюнча ачык булактарда маалымат жок. Уранбек Шадыбеков ушул жылдын февраль айында Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткондон кийин кызматка келген. (BTo)

Дагы караңыз

Депутат чет элдиктерге сатылып жаткан мүлктөр боюнча маселе көтөрдүКытай Тайвандын чыгыш жээгинде атайын операциясын баштадыИран менен Израил кайрадан бири-бирине сокку уруп жатат Кыргызстанда жайыт жерлердин 24% деградацияга учурадыБаш прокурордун орун басары Коңкубаева фейк аккаунттарды жабуу мүмкүн болбой жатканын айттыПрезидент Караколдо МИК салган үйлөрдү суу каптаган окуя боюнча комментарий бердиБыйыл төрт айда интернет шылуундар боюнча 1711 кылмыш иши козголду