"Мүмкүнчүлүк аябай көп". Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолу курула баштады

Бишкек–Балыкчы темир жол каттамы 5-июндан тартып кезектеги жайкы сезондогу ишин баштады.

Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жолунун курулушу башталды. Өлкө бийлиги темир жол тармагы ырааттуу өнүгүп, сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын айтууда.

Ушу тапта КытайКыргызстанӨзбекстан темир жолунун курулушу да жүрүүдө. Кыргызстандагы негизги байланыш жана жүк ташуу унаа жолдору менен ишке ашат. Казакстандан кирген темир жол Бишкек аркылуу Ысык-Көлдүн жээгиндеги Балыкчы шаарына чейин эле барат. Жүргүнчүлөр үчүн жайкы туристтик сезондо гана каттайт. Башкалаадан Кара-Балта жана Токмок шаарларына чейин каттамдар жыл бою иштейт. Ал эми өлкө түштүгүндө Өзбекстандын чек арасынан Ош жана Жалал-Абад аймактарына чейинки темир жолдун кыска тилкелери бар.

Расмий кабарлангандай, Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата темир жол линиясы Ысык-Көл облусунун транспорттук системасын өнүктүрүүгө багытталган. Бул өкмөттүн Ысык-Көлдү айланта курууга белсенген темир жол долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелет.

Өкмөт жол андан кийин Чолпон-Атадан Караколго чейин курулуп, андан ары көлдүн түштүк жээгин бойлой кайра Балыкчыга карай жеткирилерин убада кылууда.

Президент Садыр Жапаров 15-июнда Балыкчыда долбоорго старт берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанга келген туристтердин агымы улам өсүп, аймактын транспорттук системасына оорчулук түшүрө баштаганын айтты. Андыктан бул долбоордун ишке ашырылышы жүргүнчүлөрдүн бир бөлүгүн темир жол транспортун колдонууга өткөрүүгө, жарандардын коопсуздугун жана жүрүү ыңгайлуулугун жогорулатууга, ошондой эле автомобиль жолдоруна түшкөн сезондук жүктү азайтууга өтө чоң мүмкүндүк берет деп ишендирди.

Садыр Жапаров жаңы темир жол Кыргызстандын заманбап транспорттук инфратүзүмүнүн маанилүү бөлүгүнө айланып, аймактарды өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөрүн жана келечек муундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын да белгиледи:

“Жаңы темир жол линиясынын узундугу болжол менен 86 чакырым. Долбоор темир жолду “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту менен интеграциялоого багытталган. Натыйжада Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап мультимодалдык транспорттук түйүн түзүлөт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, долбоор толук кубаттуулукка чыккандан кийин жылына 5 млн тоннага чейин жүк ташууну камсыздайт. Мындан тышкары, инфратүзүмдүн өнүгүшүнө жана аймактын экономикасынын жандануусуна жараша бул көрсөткүч дагы көбөйөт деген үмүтүм бар. Аталган долбоор Ысык-Көл жээгинде ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык демилгелерди эске алгандыгы менен өзгөчө мааниге ээ. Жаңы темир жол курулуш материалдарын жана башка жүктөрдү жеткирүүнү камсыздап, аймактын туристтик дараметин өнүктүрүүгө жана жүргүнчү ташууларды кеңейтүүгө өбөлгө болот”.

Президент темир жол тармагындагы 2025-жылкы көрсөткүчтөрдү 2021-жылга салыштырды. Маселен, соңку беш жылда темир жол аркылуу жүк ташуунун көлөмү 36% өскөн же 7 млн тоннадан 10 млн тоннага чейин жеткен. Ал эми темир жол транспортун колдонгон жүргүнчүлөрдүн саны 70% өсүп, 432 миң кишиге жеткен.

Кыргыз өкмөтү соңку жылдары ички темир жол түйүндөрүн өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга аракет кылууда. Балыкчы–Кочкор–Каракече–Макмал темир жол долбоору боюнча иш жүрүп жатат. Анын узундугу 63 чакырым болгон Балыкчы–Кочкор багытындагы биринчи этабы аяктап жатканы кабарланган. Ал бүткөндөн кийин Кочкордон Макмалга чейинки аралыгы курулуп, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолуна кошулмакчы.

Бийлик бул темир жол чийки заттарды жана өнөр жай жүктөрүн ташууну көбөйтүүгө, аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн арттырууга, логистикалык чыгымдарды азайтууга жана улуттук темир жол системасынын интеграциясын кыйла күчөтүүгө мүмкүндүк берерин айтат. Президент кыргыз темир жолчулары ички долбоорлорду куруу менен жакшы тажрыйба чогултуп жатканын айтты.

Транспорт министринин мурдагы орун басары Максатбек Дыйканов темир жол инфратүзүмү экономиканын өсүшүнө узак убакыт кызмат кыларын айтууда:

Максатбек Дыйканов

“Темир жол экономиканын локомотивдеринин бири. Бул тармакты абдан өнүктүрүш керек, резервдер аябай көп. Темир жол кара жолго караганда кымбатыраак, бирок түбөлүктүү болот. Темир жол аркылуу абдан көп жүк да, жүргүнчү да ташыса болот. Муну транспорттун коопсуз түрү деп коёт. Бүткүл дүйнөдө, өзгөчө Кытайда ылдам жүргөн темир жолдорду куруп атышат. “Ысык-Көл шакекчеси” деп туруп, темир жолду айландырып койсо элге абдан ыңгайлуу болот. Пансионаттарга барганга, туризмди өнүктүргөнгө абдан жакшы түрткү берет. Жалпы эле темир жол тармагын аябай өнүктүрүшүбүз керек. Мына азыр Бишкек–Ош жолу боюнча жүктүн баарын ташып атпайбызбы. Биринчиден, оор жүк ташыганда кара жол талкаланат. Экинчиден, авариялык жагдайлар көп болуп атат”.

Бирок айрым адистер темир жолду курууда алдын ала так эсептелип, долбоор мыкты даярдалышы керектигин эскертүүдө. Анткени темир жолду куруу көп каражатты жана узак убакытты талап кылган процесс. Мындай долбоорду ишке ашырууда дымактуу планды жарыялоо гана эмес, аны практикалык ишке ашыруу маанилүү.

Расмий булактарда да, президенттин сөзүндө да курулуш кайсы булактан каржыланары так айтылган жок.

2025-жылы жарыяланган маалыматта долбоордун бюджети 500 млн доллар турары маалымдалган. Техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого Евразия өнүктүрүү банкы 275 миң доллар грант бермей болгон.

Дагы караңыз

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9,5 млрд доллардан ашты

Транспорт министринин мурдагы орун басары Максатбек Дыйканов бюджетке оорчулук келтирбеш үчүн инфратүзүмдүк долбоорлорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында ишке ашыруу ыңгайлуу деп эсептейт:

“Темир жолду насыя алып эле кура бербестен, концессияга курса болот. Жолдору көп. Өнүккөн, өзгөчө темир жол курууга адистешкен компаниялар бар, ошолор менен жакшына келишип алып, концессия жолу менен куруп, алар 15-20 жылга иштетишет. Бирок биздин мамлекетке салыкты төлөшү керек, элге жумуш орун бериш керек. Анан убагы келгенде мамлекетке өткөрүп бериши керек. Бул тышкы карызга таасир этмек эмес”.

Темир жол инфратүзүмү жаатында Бишкек Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырууга катышып жатат. Өлкө аймагынан өтүүчү 304 чакырым бөлүгүнө 4,7 млрд доллар сарпталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн катышуусунда биргелешкен ишкана түзүлгөн. Биргелешкен ишкана насыя тартып, бюджеттин жарымын жабат. Калган жарымынын 51% Кытай берсе, Бишкек менен Ташкенттин үлүшүнө ар бирине 24,5% тийет. Кыргыз өкмөтү бул долбоор Чыгыш менен Батышты байланыштырган жаңы эл аралык транспорттук коридорду түзүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө, транзиттик жүк ташуулардын көлөмүн көбөйтүүгө жана Кыргызстанды Борбор Азиядагы маанилүү транспорттук түйүн катары позициясын бекемдөөгө шарт түзөрүн билдирип келет.

2025-жылдын соңундагы маалыматка караганда, Кыргызстандагы темир жолдордун жалпы узундугу 425 чакырымга жакын. Балыкчы–Кочкор–Макмал, Балыкчы–Тамчы–Чолпон-Ата жана темир жолдору курулуп бүтсө ага дагы 400 чакырымдай кошулат. Муну менен катар 300 чакырымдан ашуун Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан эл аралык темир жол магистралы бар.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда Ысык-Көлдө бир нече ири жол долбоору ишке ашып жатат. Ысык-Көлдү айланган унаа жолунун, кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө бекетинин, Барскоон–Үчтурпан–Аксуу эл аралык унаа жолунун курулушу жүрүүдө.