“75чилердин каты”: Сот жылды, Жогорку Кеңеш козголду

“75чилердин каты” боюнча айыпталып жаткан Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Нурланбек Тургунбек уулу жана бул иш боюнча үн каткан депутаттар Марлен Маматалиев, Дастан Жумабеков, Талант Мамытов, Нурбек Сыдыгалиев.

18-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан “75чилердин каты” боюнча жараян айыпталуучулардын бири Эмилбек Узакбаев келбей калганы үчүн башка күнгө жылды.

Ал арада Жогорку Кеңеште бир нече депутат эл өкүлү Элвира Сурабалдиева аталган соттук иште күбө катары көрсөтмө бергенде басымга кабылганын айтып чыгышты.

Төрага Марлен Маматалиев да бул боюнча үн катып, кеп болуп жаткан кат парламентке кантип киргизилгенин жар салды. Соттук иштин айланасындагы талкуу күндүн башкы темасы бойдон калууда.

Парламенттин козголушу

Жогорку Кеңештин 18-июндагы жыйыны баштала элек жатып кызыды. Күн тартиби бекитилгенге чейинки процедуралык сөзгө бир нече депутат катар чыгып, “75чилердин катынын” негизинде жүрүп жаткан соттук иш боюнча үн катты.

Алар 15-июнда бул иште күбө катары көрсөтмө берген эл өкүлү Элвира Сурабалдиевага басым көрсөтүлгөнүн айтышты.

“Кечээ видеолордон 75 кишинин иши боюнча соттук жараяндын жүрүшүн көрдүк. Кесилген видеолор социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында тарап жатат. Биздин кесиптешибиз, эл өкүлү Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна да ал жерде көрсөтмө бериптир. Менин байкашымча ал анда кысымга кабылгандай болду. Сүйлөйүн десе сүйлөтпөй, басым кылышты. Мамлекеттик күзөт боюнча мыйзам бар, ошого таянып, кесиптешибиз каршы болбосо Элвира айымга мамлекеттик күзөт берсекпи деген ойго келдим. Муну президенттин буйругу менен берилет, бирок, урматтуу төрага сиз ушуну акылдашып, сунуштап көрбөйсүзбү? Элвира Жыргалбековнанын өзүнүн чечими болсо керек, бирок биз кесиптеш катары сунуштайбыз. Кечээги соттук отурумда Элвира Жыргалбековнага жасалган басымды мен туура эмес деп эсептейм”, - деди депутат Дастан Жумабеков.

Дагы караңыз

"75чилердин соту": Ташиев менен Сурабалдиева айтышты

Мындан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев сөз алып, 75 кишинин каты парламентке кантип келип түшкөнүн жана анын максаты кандай болгонун айтып берди.

“Туура, 75 кишинин катынын бул жакка келиши боюнча бул жакта ар кандай сөздөр айтылып жатат. Ошондуктан бул боюнча дагы бир жолу маалымат берип койгонго уруксат этиңиздер. Мен жаңы эле төрага болуп шайлангандан кийин катка байланыштуу талкуу жүрүп, ошол жерде отурган адамдар бири-бирин сата баштаган. Ар кандай божомол болуп кетпесин деп, биз атайын комиссия түздүк. Анда баарын карадык, комиссиянын жыйынтыгын тергөөгө өткөрүп бердик. Кийин ал сотко өткөрүлдү. Биз буга чейин сотко басым болуп калбасын деп сүйлөбөй келгенбиз, бирок бүгүн сүйлөгөнгө туура келип жатат. Демек, кат чындыгында бул жакка келген. Кат канчада келген, ким киргизген, ким алган, бизде баары такталган, түшүнүк каттары бар. Катты күтүп алышкан. “Мурдагы төрага Нурланбек Шакиевдин атына каттайсың” деген команда болот, ошону менен кабыл алышат. Кийин ал кат мурдагы төрага Тургунбек уулунун кабылдамасына барып, анын жардамчысынын колуна тиет. Ал баарын Шакиев менен макулдашып, кийин жоопкерчиликтен качам дегенби, мен көрбөй калдым деп ойлойт дегенби, айтор, “менин орун басарыма алып бар, ал комитетке түшүрсүн” деген тапшырма берет. Аягы барып комитетке түшкөн. Сот жабык өтүп жаткан маалда ушуга аралашкан биздин кызматкерлер барып, баарын ачык айтып беришкен. Алар тергөөчүлөргө да айтып берген. Элвира Жыргалбекова кат кантип киргенин кантип билмек эле? Аны кызматкерлер айтып беришүүдө”.

Дагы караңыз

"75чилер каты": Талаштуу видео интернетке кантип тарады?

Марлен Маматалиев 2025-жылы парламенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүп, 2026-жылы президенттик шайлоо өткөрүү максаты болгонун, бирок мамлекет башчыны шайлоо мыйзамга ылайык келерки жылга белгиленгенин билдирди.

“Анан саясатчылар “билбей калдым, көрбөй калдым” деп актанып жатышат. Андай эмес, бардыгы билген. Болгону ал кат ортодо бузулуп кетти. Анын каттын максаты эмнеде болгон? Мына сиздер менен 2025-жылы мыйзам менен президенттик шайлоонун өтчү мөөнөтү 2027-жылдын акыркы базар күнү деп кабыл алып бергенбиз. Ал Конституцияга дал келет. Катта мына ушул датаны эртерээк кылам деген ниет болгон. Анткени, ага чейин коомчулукту даярдап жатышкан. Ар кандай эксперттер чыгып, “президент бир жыл көп отуруп калды, шайлоо эртерээк өтүш керек” деп баштаган жана бул пикирди коомчулукка байма-бай жайылтып жатышкан. Бул даярдык болгон. Эгерде катты биз үч окууда кабыл алып бергенде кандай сценарий болот эле? Вето коюлмак, мыйзам боюнча мындай болот деген сөз чыкмак, айтор ыдыроо болуп, экиге бөлүнүп, уруш-талаш болуп, мамлекетке коркунуч жаралмак. Тилекке жараша, адилеттүүлүк жана ынтымак орноп, бардыгыбыз өз жумушубузду алып барып жатабыз. Биз тергөөчү эмеспиз, акыркы чекитти сот коёт. Элвира Жыргалбековна боюнча, биз эртеси эле он чакты депутат чогулуп, мен да аны коргогон пикирлеримди айттым”.

Чөөлөр арстанга кол салды”

Ортодо депутат Талант Мамытов да сөз алып, каттын парламентке кириши тууралуу кеп кылды. Ал Конституция боюнча президент эки мөөнөткө шайланууга укугу бар экенин, аракеттеги президент турса, 75 аксакал кокустан чыга калып, “президенттик шайлоону эрте өткөрүш керек” дегени таңкалычтуу экенин белгиледи.

Эл өкүлү Сүйүн Өмүрзаков “депутаттык комиссия түзүп, кат боюнча бардык жагдайларды ачык жарыялап койгондо азыркыдай талаш-тартыш жаралмак эмес” деди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев кайрадан сөз алып, “75чилердин каты” парламентке кантип келгени жана анын максаты тууралуу маалымат берип жатып, “чөөлөр арстанга кол салганын билишкен жок” деп айтты. Ал кат Конституциялык түзүлүштөр, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып, жалпы сессияга “үч-төрт вариант сунушталмак болгонун” белгиледи.

Дагы караңыз

Төрага Маматалиев "75чилердин каты" боюнча сүйлөп жатып "чөөлөр арстанга кол салганын" айтты

“Конституция бузулуптур, Баш мыйзам боюнча мындай болушу керек экен” деп, бул мыйзамды өткөрүү аракетинин бири болгон. Бул болгону бир эле жагы. Жөнөкөй сөз менен айтканда, “чөөнүн кылыгын” жасамай болушкан. Ал чөөлөр арстанга кол салып жатканын билишкен эмес. Чөө арстанды уткан учур болгон эмес. Арстандын артында 7 миллион эл турат. Ушул сыяктуу нерселерди кылайын деген аракети болгон”, – деди Маматалиев.

Депутат Элвира Сурабалдиева 15-июндагы соттук отурумга күбө катары чакырылып, көрсөтмө берген. Процесс учурунда ал Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы, айыпталуучу Камчыбек Ташиев менен кайым айтышкан.

Видео интернетке тараган соң Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев Сурабалдиева отурумда көрсөтмө берген учурда айыпталуучулардын басымына кабылганын айтып, Ташиев баштаган үч айыпталуучу да камалышы керек деген оюн билдирген.

Дагы караңыз

Депутат Сыдыгалиев Ташиев баштаган үч айыпталуучу да камалышы керектигин айтты

Сыдыгалиев мындай пикирин 18-июндагы парламент жыйынында да кайталады:

“Марлен Абдырахманович, ар бир нерсени айтып жатканда чындык айтылышы керек. Сиз “кат 10-февраль күнү түшкөн” деп жатасыз, ал орун басарлардын кимисине келип түшкөн? Аты-жөнүн атап койсоңуз. Бзи катты билебиз. Эгер 10-февраль күнү Ташиевди кызматтан алышпаганда, процесс башкача кетмек. Аны баарыңар эле билип турасыңар. Ташиевди жумуштан алган үчүн кат ары жылбай туруп калды. Анан соттук иш боюнча, мен эки күндөн бери айтып жатам, тергөөгө, соттук иш кандай жүрүп жатканына баа бере албайм. Бирок оор кылмыш боюнча оор берене менен айып коюлгандан кийин алар камалышы керек болчу. Камап алып туруп, анан тергөө жүргүзүш керек эле, сотттук процессте да алар камалып турушу керек. Азыр болсо башкы айыпталуучулар күбө катары жүрүшөт. Марлен Абдырахманович, ушуну да тийиштүү жактарга айтып койсоңуздар”.

Соттун жүрүшү, айыпталуучулардын үнү

"75чилердин каты” боюнча соттук иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда аптанын биринчи жана төртүнчү күндөрү өтүүдө. 18-июндагы отурум айыпталуучулардын бири Эмилбек Узакбаев келбей калгандан улам жылып кетти. Судья анын ден соолугу боюнча тергөө абагынын дарыгеринин аныктамасын окуп, кан басымы жогору жана деми кысылып, алсырап жатканын белгиледи.

Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев да анын ооруп жатканын ырастады.

“Бул жерде эч кандай оюн жок. Анын ооруп жатканы чын, кечээ өзүм барып көрүп кеткем. Ошондуктан сот отурумун башка күнгө жылдырып берүүңүздөрдү суранам”, - деди Ногоев.

Судья айыпталуучунун сот процессине катышуусу милдеттүү экенин белгилеп, сот отурумун 22-июнга жылдырды.

Дагы караңыз

"75чилердин каты": Эмилбек Узакбаев келбегени үчүн сот отуруму жылды

“75чилердин каты” боюнча жалпы сегиз айыпталуучу бар. Алардын ичинен атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана парламенттин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч аткаминер эч жакка чыкпоо тилкаты менен эркиндикте.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, мурдагы элчи Эмилбек Узакбаевге, экс-депутат Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган. Учурда алар камакта жатат.

Айыпталуучулар коюлган айыпка макул эместигин билдирип келет.

18-июндагы соттук отурумдан кийин "Азаттыктын" кабарчысы айыпталуучулар Камчыбек Ташиевге, Нурланбек Тургунбек уулуна жана Курманкул Зулушевге суроо узатып, "аларды камакка алуу" талаптары тууралуу комментарий сурады. Ташиев үн каткан жок, ал эми Тургунбек уулу менен Зулушев учкай пикирлерин айтышты:

Нурланбек Тургунбек уулу:

“Мен тергөө маалында тартылган сурактын видеолору интернетке чыгып кеткенин көргөн жокмун. Азыр социалдык тармактарга кирбейм. [...] Депутаттын пикирин да көргөн жокмун. [...] Мен 9-февралда сыртка чыгып кетсем, ал кат парламентке келе элек болсо, каттын келгенин мен каяктан билем? Мен 12синде ишке келдим. Төрага расмий сапары менен чыгардан бир күн мурун, анын биринчи орун басары, же башка вице-спикерлер анын милдетин аткаруучу болуп калат”.

Курманкул Зулушев:

“Комментарийди тиешелүү органдан алсаңар. Азыр процесс болуп жатат. Ошо отурумда баарын угасыңар да. [...] Мен жөн гана соттолуучу адаммын да. Сотко келип жатасыңар, сотко келсеңер баарын угасыңар”.

Быйыл 9-февралда саясатчылардан жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президентке жана парламенттин ошол кездеги төрагасына кайрылуу жолдоп, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Мунун артынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынып, парламент төрагасы Нурлан Тургунбек уулу, комитет төрагасы Курманкул Зулушев жана башка депутаттар мандатын тапшырган.

Ички иштер министрлиги аталган үч саясатчыга жана катка кол койгон адамдарга кылмыш ишин козгоп, тергөөдөн кийин ишти сотко өткөрүп берген. Алгач иш жабык каралып келсе, айыпталуучулардын өтүнүчү менен соттук кароо 15-июндан тартып ачык карала баштады.