Кыргызстанда “Ширшов” коомдук фонду ачылды

Юстиция министрлигинин сайтынан алынган скриншот.

Кыргызстанда “Ширшов фонду” деген аталыш менен коомдук фонд ачылды. Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, аны ушул жылдын 2-июнунда Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгы каттаган. Фонддун башкаруучусу Ширшов Алексей Юрьевич экени көрсөтүлгөн.

Анын инициалдары орусиялык ишкер, убагында Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келаткан Алексей Ширшовдун аты-жөнүнө туура келет. Анын жакындары же өзү комментарий бере элек.

Акыркы жылдары анын аты Кыргызстанда көп аталып, талкууланып жатат. Акыркы жолу быйыл февраль айында Алексей Ширшов “Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча Кыргызстан менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсүнө катышкан. Президент Садыр Жапаров ГЭСтин курулушуна байланыштуу Кыргызстан менен “Русгидронун” ортосундагы маселени чечүүгө Алексей Ширшов жардам берип жатканын билдирген.

Алексей Ширшовду мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевдин, андан кийин Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиевдин жакын өнөктөшү болгонун айтып келишет. 2005-жылдагы Март ыңкылабында өлкөдөн чыгып кетип, кийин кайтып келип, жогорку кызматтарда ишин уланткан. 2010-жылы Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаганда ага издөө жарыяланган.

2022-жылы камалып, көп өтпөй эле бошоп кеткен. Бул коомчулукта сын-дооматка кабылганда Садыр Жапаров түшүндүрмө берген. Анда Ширшов менен беш-алты ай мурда жолукканын, Максим Бакиевдин камакта турган миллиондогон долларын Кыргызстанга кайтарууга көмөктөшөрүн билдирген. Ошондой эле 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогонун, издөөгө албаганын айткан. Ошол маалдагы Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, убагында Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Азимбек Бекназаров Ширшовго иш ачылган эмес деген сөздү төгүндөп чыккан.

Алексей Ширшов убагында Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Крым жана Кавказ портторуна сокку урулдуСооронбай Жээнбеков Октябрь окуясында бийликтен кантип кеткенин айттыДепутат Мавлянова кен казуу ордуна геопарктарды түзүүнү сунуштадыОштогу ооруканаларда таза суу жоктугуна нааразылыктар айтылууда“75чилердин иши”: Каптагаев катка эмне себептен кол койгонун айттыЭкс-премьер-министр Абылгазиев “75чилердин катына” кол койгонун айттыОкуучулары ууланган медресе айыпка жыгылып, убактылуу жабылдыУшаков Кремл АКШ менен келишимдин аткарылышын эмес, "жеңишти" күтүп жатканын айттыАкаев президенттин мөөнөтүнө байланыштуу сөзүнө түшүндүрмө берди “75чилердин каты” боюнча иш сотто кайра жабык каралмай болду