Парламенттин депутаты Мирлан Жээнчороев “Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.
Ага ылайык, өзүн өзү көрсөткөн талапкердин Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) төгө турган күрөөнү 300 миң сомдон 150 миң сомго, шайлоо фондунун эң жогорку чегин 20 миллион сомдон 10 миллион сомго чейин түшүрүү демилгеси бар. Андан тышкары “үгүтчү бир шайлоо округунда бир эле талапкерге же бир гана партияга иштей алат” деген талапты киргизип, “депутаттыкка талапкер болом деген адам соңку беш жылда Кыргызстанда туруктуу жашашы керек” деген ченемди алып салуу, талапкер теледебаттарга катышуудан негизсиз баш тартса жоопкерчилигин кароо сунушталды. Долбоор 22-июнда коомдук талкууга коюлду.
2025-жылдын апрель айында президент Садыр Жапаров “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул мыйзамга ылайык, парламентке шайлоонун тартиби өзгөргөн. Өлкө боюнча 30 округ түзүлүп, ар бир округдан үчтөн депутат шайланып келет. Алардын бири аял болушу кажет (же эки аял болсо бири эркек болушу шарт).
Буга чейин өзүн өзү көрсөткөн талапкер 100 миң сом күрөө төлөшү керек болсо, жаңы мыйзам менен бул сумма 300 миң сомго көбөйгөн. Ал эми саясий партиялар үчүн күрөө 1 миллион сомдон 9 миллионго көтөрүлгөн. Жаран өзү же партия Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) күрөөнү төккөндөн кийин гана талапкер болуп катталат. Күрөөдөгү каражат саясий партияларга да, өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге да кайтарылбайт. Шайлоодон уткан учурда да күрөөгө берилген акча кайра берилбейт.
Өзүн өзү көрсөткөн талапкердин шайлоо фонду 20 млн сомго, саясий партиялардыкы 300 млн сомго чейин жогорулаган. Ошондой эле талапкердин үгүтчүлөрү 500дөн 1000 адамга чейин көбөйтүлгөн.
2025-жылдын ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоодо БШК айрым адамдарды Кыргызстанда акыркы беш жылда туруктуу жашаган эмес деген негизде талапкер кылып каттоодон баш тарткан. (BTo)