Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Instagram баракчасында бийликти күч менен басып алууга чакырган билдирүүлөрдү жарыялаган деген шек менен Кыргызстандын жараны Орусияда кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында ал Орусиянын Сахалин облусундагы Түштүк Сахалинск шаарында колго түшкөн.
33 жаштагы шектүүгө мамлекеттер аралык издөө жарыяланып, Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ага чет өлкөдө жүрүп Кыргызстанда массалык башаламандык уюштурууга жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга же басып алууга чакырган билдирүүлөрдү камтыган маалыматтарды системалуу түрдө жарыялап турган деген айып тагылды.
Шектүү Кыргызстанга жеткирилип, УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Адвокаты же жакындары комментарий бере элек.
Кыргыз жарандары Орусиядан кармалып, Кыргызстанда сот жообуна тартылган окуялар буга чейин да болгон.
Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн Каныкей Аранова 2024-жылы 1-февралда Москвадан кармалып, өлкөгө алынып келген. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын апрель айынын аягында 120 миң сом айыпка жыгып, өзүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкаттын негизинде абактан чыгарган. Прокурор мындай чечимге каршы арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Ошол эле жылдын 28-июнунда шаардык сот райондук соттун чечимин жокко чыгарып, аны 3 жыл 6 айга кесип, сот залынан камакка алган.
Фейсбуктун дагы бир колдонуучусу Турду Акматалиев 2024-жылы октябрь айында Красноярск шаарынан кармалып келгенден кийин Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. 2025-жылдын 12-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен 3 жыл 2 айга абакка кесилген. Ошол жылдын август айында №27 жатак абакка которулуп, жазасын өтөп чыккан. Ал жабык жайларда баш-аягы 1 жыл 10 ай отурган.
2022-жылы 7-сентябрда активист Эмил Бекиев Орусиядан депортацияланып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилген. Атайын кызмат ага кастыкты козутууга байланыштуу айып тагылганын, Фейсбук баракчасына “кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жарыялап жүргөнүн” билдирген. 2023-жылы июнда аны Бишкектин Биринчи май райондук соту күнөөлүү деп таап, алты жылга соттогон. Шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. (BTo)