Казак бийлиги маалыматты текшерип жатканын айтса, ошол ишкер менен байланышы бар деген компания ага жана сөз болгон товарларга тиешеси бар экени тууралуу маалыматты четке кагууда. Иликтөөнүн фигурантынан комментарий алуу мүмкүн болгон жок. "Азаттык Азия" маалыматтар менен таанышып чыкты.
Латвияда жайгашкан The Insider долбоорунун жакында жарыялаган иликтөөсүндө айтылгандай, 2025-жылы Ермек Суюндуков аттуу киши болжолу менен Орусияга рекорддук көлөмдөгү оптикалык буланы, он миңдеген дрон чогултууга жетиштүү компоненттерди жеткирген жана буланы орогон чөлмөктөргө сертификат алган. Алар пилотсуз учактарда колдонулат.
Маалыматка ылайык, “Ермек Суюндуков, сыягы, Челябинск шаарында жашаган Орусиянын жана Казакстандын жараны. Ал болот соодасы менен алектенет. Була жеткирилип турган дарек катары Санкт-Петербург бажысы жанындагы “Шуша” ишканасынын аймагы көрсөтүлгөн. Бардыгы болуп 2025-жылдын январь-март айларында Суюндуков Орусияга 120 тонна була ташып барган. Дронго колдонулуучу оптикалык буланын бир чөлмөгүнүн салмагы 2 кг болот. Демек, ал көлөм он миңдеген дронду туташтырган кабелдерге жетет”.
Суюндуков тууралуу маалымат аз. Фейсбукта ошондой ысым менен катталган адам табылган. Андагы маалыматка ылайык, Ермек Суюндуков Челябинскиде туулган, ал жакта штурмандарды даярдаган жогорку аскердик окуу жайды бүтүргөн жана 2019-жылы Астанага көчүп кеткен. Журналисттер аны менен байланыша алган эмес.
Тимур Олевский, архив
The Insider басылмасынын жаңылыктар бөлүмүнүн редактору жана иликтөөнүн авторлорунун бири Тимур Олевский айтып бергендей, буга чейин Орусиядагы оптикалык буланы Саранскидеги завод чыгарчу. Ал наноиндустрия жана жогорку технологиялар тармагында иштеген мамлекеттик “Роснано” инвестициялык корпорациянын катышуусу менен салынган. Корпорация Орусиянын Улуттук өнүктүрүү институтунун курамына кирет.
«Орусияда (Анатолий) Чубайс турганда «Роснано» курган завод бар болчу. Ал жакта була чыгарылчу. Ошол буладан кабел жасалып келген. Согуш башталгандан бери завод ошол маалда орусиялык дрондорго зарыл болгон көлөмдө була чыгарып, кубаттуулугун арттырып жатты. Орусиядагы жападан жалгыз андай ишканада түштүккореялык эки жабдуу ошол буланы чоюп турчу. Украиналыктар аны түшүнсө керек, заводго дрон соккулары урулуп, кинетикалык санкциялар киргизилген», - деп айтты Олевский.
Дагы караңыз
Зеленскийдин эскертүүсү Лукашенкону жоошуттуАнын айтымында, чабуулдан кийин эл аралык санкциялардын шартында ишкана өндүрүштү калыбына келтире алган жок жана Орусия оптикалык буланы Кытайдан алууга аргасыз болгон.
The Insider жазгандай, дээрлик бардык буланы былтыр Орусияга кытайлык эки компания — Foshan Beyond Import and Export жана Hubei Guanqun Import and Export жеткирип турду. Импорттолгон товардын 80 процентинен көбүн жеке ишкер Ермек Суюндуков жана орусиялык «Инкаб» жоопкерчилиги чектелген коому алган.
Иликтөөчү журналисттер өткөн жылдын биринчи эле кварталында Суюндуков Орусияга жалпы баасы 3,5 миллион долларды түзгөн 140 тонна литий-ион аккумуляторлорду жана кубаттуулугу 1 киловатт болгон 50 миң электромотор ташып кирген. Дал ушул жабдуулар дрон жасоодо колдонулат.
Ошол эле аралыкта була-оптикалык байланыш үчүн 65 миң жабдыкты, видеокамералар үчүн 450 кг электрондук компонент, 15 миң оптикалык объектив жана 160 кг пропеллер ташып келген.
Олевскийдин айтымында, бул продукция аскердик тармакта колдонулат:
«Продукциянын бул түрү согуш үчүн эле жарайт. Казакстанда кан төгүүгө негизделген бизнес тууралуу билишсе керек. Бул жашыруун эмес. Казакстан Орусия менен Кытайдын ортосунда орун алгандыктан андай болбойт эле деп элестетүү да кыйын. Эки империянын ортосундагы, экономикалык жана аскердик байланыштары болгон өлкө четте кала албайт».
Дагы караңыз
"Тапканым жетпей калды". Күйүүчү майдын күйүтүКазак бийлиги Украинадагы согуштан улам киргизилген санкцияларды кыйгап өтүүгө Орусияга көмөктөшкөнүн четке кагып келатат. Алсак, 2024-жылы октябрда польшалык PAP агенттигине берген интервьюда Казакстандын ал маалдагы тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко: “Биздин аймагыбыздын санкцияларды буйтоо үчүн колдонулушун каалабайбыз”, - деп айткан.
Олевский белгилегендей, ал жана башка журналисттер сөз болгон продукциянын Казакстан аркылуу өтүп-өтпөгөнүн билишпейт. Товар багытталган дарек катары Санкт-Петербургдагы өнөр жай аянтчасы көрсөтүлгөн.
«Шушарыга 120 тонна буланы дрондон башка эмнеге алып келмек эле. Ал жакта болсо пилотсуз учактар куралат. Андыктан Суюндуков оптикалык буланы орус чек арасы аркылуу дрон чыгаруу үчүн гана алып өтчү. Ал белгисиз бир жерден пайда болгон жөнөкөй киши эмес. Анын Казакстанда «Болот маркасы» деген компаниясы бар. Ал төбөсү көрүнгөн ири болот сатуучу. Бизнеси Казакстанда жайгашкан. Ошондуктан казак паспорту бар деп ойлойм. Казакстанда оптикалык булага эч кандай байланышы жок чоң бизнеси бар экени маалым. Орусияга болсо фронтто адамдарды жок кылган жабдыктар үчүн керектелген оптикалык була алып келүүдө. Мен, мисалы, металл менен соода кылган адам эртең менен ойгонуп алып: «Ой, Орусия дрон жасасын деп оптикалык була сатыш керек» деп ойлогонун элестете албайм. Балким Суюндуков өз атын ачыкка чыгаргысы келбеген кайсы бир топтун өкүлүдүр», - деп улантты Олевский.
Дагы караңыз
"Согуш эмне экенин өзүлөрү да көрө баштады". Москва жапырт дрон соккусуна кабылдыКазакстанда кош атуулдукка мыйзам жол бербейт. Суюндуковдун казак паспорту барбы же жокпу, так белгисиз.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги The Insider жарыялаган маалыматтарды текшерип жатышканын «Азаттыктын» казак редакциясына билдирди.
Суюндуков менен «Болот маркасы» компаниясынын ортосундагы байланыш кантип аныкталганын басылма жазган жок. “Азаттык Азия” Суюндуков менен байланыша алган жок.
«Болот маркасы» компаниясы андай кишини тааныбасын жана иликтөөдө айтылгандарга фирманын тиешеси жоктугун билдирди.
Компаниянын сайтындагы документтерге ылайык, анын түптөөчүсү жана жетекчиси башка киши.