Өкмөттө айыл чарба продукцияларын АКШга экспорт кылуу талкууланды

Эрлист Акунбеков менен Лесли Вигеринин жолугушуусу.

30-июнда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

“Ынтымак ордо” анда Кыргызстандын айыл чарба продукциясын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кыргызстандык өндүрүүчүлөргө АКШ рыногуна чыгууга көмөк көрсөтүү, сертификация, фитосанитардык талаптар, сапат жана таңгактоо стандарттарына байланышкан маселелер талкууланганын билдирди.

Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылы 21-июлда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы макулдашуу тууралуу сөз 2017-жылдан бери айтылып келет. Бирок азырынча ага кол коюла элек. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге чыктыБелгилүү кинооператор Сапар Койчуманов дүйнөдөн кайттыЕвропада аптап маалында 1300 кишинин өмүрү кыйылдыПутин Орусияда күйүүчү май тартыштыгы бар экенин моюнга алдыКадамжайдагы балдар үйүндө 11 жаштагы өспүрүм каза болдуФутбол: Канада, Бразилия, Парагвай жана Марокко 1/8 финалга чыктыУлуттук банк жыл башынан бери эң ири интервенция жасадыБаткенде катуу шамалдын чыгымы 16 млн сом деп эсептелди