Кыргызстандын 104 миң 500 жараны Орусиянын “кара тизмесинде” турат

Орусия. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын 104 миң 500 жараны Орусиянын “кара тизмесинде” турат, андан тышкары дагы 90 миң 721 кыргызстандык бул өлкөнүн көзөмөл реестрине киргизилген.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 2025-жылы Орусиянын “кара тизмесинде” 91 миң 566 кыргыз жараны бар болчу.

2025-жылдын 5-февралынан тартып чет элдик жарандар үчүн “көзөмөлгө алынгандардын” реестри иштей баштаган. Тизмеге илинип калгандардын укуктары кескин чектелип, машине айдоого, никеге турууга, мүлкүн каттоого, банктан эсеп ачууга жана алдын ала эскертпей туруп, жашаган жерин алмаштырууга тыюу салынат. Андай мигрантты өлкөдөн чыгаруу тобокелдиги жогору.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Асаналиевдин апрель айындагы маалыматы боюнча, Орусияда 472 миңден ашуун кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын 268 миң 460ы миграциялык каттоодо турат. (BTo/KE)

Дагы караңыз

Өкмөттө айыл чарба продукцияларын АКШга экспорт кылуу талкууландыКыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге чыктыБелгилүү кинооператор Сапар Койчуманов дүйнөдөн кайттыПутин Орусияда күйүүчү май тартыштыгы бар экенин моюнга алдыКадамжайдагы балдар үйүндө 11 жаштагы өспүрүм каза болдуФутбол: Канада, Бразилия, Парагвай жана Марокко 1/8 финалга чыктыУлуттук банк жыл башынан бери эң ири интервенция жасадыБаткенде катуу шамалдын чыгымы 16 млн сом деп эсептелди